Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Британия Францияга жардам убада кылды


Премьер Дtвид Кэмерон жана президент Франсуа Олланд. Париж, 23-ноябрь, 2015-жыл.
Премьер Дtвид Кэмерон жана президент Франсуа Олланд. Париж, 23-ноябрь, 2015-жыл.

Британия коңшусу Францияга “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө жардам сунуштап, Кипрдеги аскерий базасын пайдаланууну сунуш кылды.

Сириядагы аба соккуларына азырынча аралаша элек Британиянын премьер-министри эми бул үчүн парламенттен уруксат алууну көздөрүн айтууда.

Парижде “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган террордук чабуулдардан соң Франция өз тарабынан бул экстремисттик уюмга каршы эл аралык коалицияны чыңдоо аракетин көрүүдө.

Өткөн жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде расмий Париж сунуштаган резолюция долбоору кабыл алынды.

Резолюция долбоорунда талаштуу маселелер камтылбагандыктан, Коопсуздук кеңештин он беш мүчөсү документти бир добуштан жактырып, анда “Ислам мамлекети” тобу “эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка болуп көрбөгөндөй коркунуч туудурары” белгиленди.

Дүйнө өлкөлөрүнүн дарегине ИМ тобуна каршы мүмкүн болгон чаралардын баарын көрүү, ал жана башка террордук уюмдар тарабынан жасалышы ыктымал чабуулдардын алдын алуу боюнча аракеттерди эки эсе көбөйтүү чакырыгы айтылды.

Эми экстремисттерге каршы өз ара кызматташтыкты күчөтөрүн эки коңшу Улуу Британия менен Франция да убада кылууда.

Кечээ Парижде британ премьери Девид Кэмерон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Франсуа Олланд буларга токтолду:

- Биздин бүгүн эртең мененки жолугушуубуз терроризмге каршы күрөштө эгер зарыл болсо маалымат алмашууну күчөтүү, ошондой эле биз “Ислам мамлекети” тобуна каршы буга чейин эмне жасай алдык жана кандай уюм менен согушуп жатканыбыз жөнүндө так түшүнүк алуу максатын көздөдү. Биз өз тарабыбыздан аба соккуларды күчөтөбүз. Бул террористтик армияга максималдуу түрдө зыян келтире турган буталарды тандайбыз. Биздин аскер-аба күчтөрдүн алдына “Ислам мамлекети” тобуна катаал сокку уруу боюнча ачык-айкын тапшырма коюлду.

Француз президенти кошумчалагандай, аскерий өнөктүккө эми алардын бортунан согуштук учактар абага көтөрүлүп жана коно ала турган “Шарль де Голь” кемеси да кошулуп, ал Жер Ортолук деңизине жөнөтүлдү.

Буга чейин Сирияда аба соккуларын жасап жаткан француз учактары Иордания менен Бириккен Араб Эмираттарындагы аскерий базаларды колдонуп келген.

Британиянын сунушу

Премьер Кэмерон жана президент Олланд басма сөз жыйында. Париж, 23-ноябрь, 2015-жыл.
Премьер Кэмерон жана президент Олланд басма сөз жыйында. Париж, 23-ноябрь, 2015-жыл.

Париждеги сүйлөшүүлөр учурунда Британия Францияга жардам катары Кипрдеги Акротири аба базасын пайдаланууну жана аскерий учактарга абадан эле май куюп берүү кызматын сунуш кылды.

Британия буга чейин “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирактагы аба соккуларга катышкан, бирок АКШ баштаган коалициянын мүчөсү катары Сириядагы аба соккуларга аралаша элек.

Премьер-министр Девид Кэмерондун ырастоосунда, ал бул үчүн өлкө парламентинен уруксат алууга аракеттенип көрөт:

- Мен президент Олланд Франция Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна абадан сокку уруу үчүн көргөн чараларды колдойм. Менин ишенимимде, ушундай эле ишти Британия да жасоосу абзел.

Девид Кэмерон Парижден кайтып барган соң британ парламетинин төмөнкү палатасын өкмөттүн терроризмге жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегиясы менен тааныштырып жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Биздин улуттук стратегиябыздын максаты - эгер зарылчылык жаралса, күч колдонууга каалоо жана мүмкүнчүлүк болушу. Бул жаңы операциялардын алкагында теракттардын биз Парижде көргөндөй үрөй учурарлык түрүнө каршы чара көрүүдө полицияда колдоо үчүн он миңдей аскер кызматчысы даяр турат.

Олланд Обамага жана Путинге барат

Бул аптада дүйнөлүк лидерлер ортосунда “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн болочогу талкуулануучу бир катар маанилүү жолугушуулар күтүлүүдө.

Эл аралык коалицияны чыңдоону демилгелеп жаткан француз президенти Франсуа Олланд бүгүн АКШга барып президент Барак Обама, андан Москвага келип, президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ортодо Германиянын жана Италиянын жетекчилиги менен да жолукмакчы.

Эң талаштуу маселелердин бири - коалициянын Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү менен кызматташары же кызматташпасы.

Президент Олланд кечээ расмий Париждин кан төгүү үчүн жоопкер Башар Асадды саясий жараянда Сириянын келечеги менен байланышта кароого болбойт деген турумун кайталады.

Кошмо Штаттар, Британия, Түркия, Перс булуңундагы араб өлкөлөрү да мына ушундай эле турумду карманып, Асаддын өкмөтү менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, ал кызматтан чегинишин талап кылып келишет.

Путин жана Хаменеи. Тегеран, 23-ноябрь, 2013-жыл.
Путин жана Хаменеи. Тегеран, 23-ноябрь, 2013-жыл.

Бирок Асадды колдогон Орусия менен Иран мунун тескерисин айтууда.

Орус президенти Владимир Путин менен Ирандын жогорку лидери аятолла Хаменеинин кечээги жолугушуусунда Москва менен Тегеран “Сириядагы саясий жөнгө салуунун сценарийлерин тыштан көрсөтүү аракеттерине каршы” деп билдирилди.

Париждеги чабуулдардан кийин Москва Батыш өлкөлөрүн Сирия президенти Башар Асад бийликтен кетсин деген талабын күн тартибинен алууга чакырган болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG