Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Футбол: Кыргызстан менен Иордания беттешет


Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары. 3-сентябрь, 2015-ж.
Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары. 3-сентябрь, 2015-ж.

17-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын кезектеги беттеши болот. Бул оюн 2018-жылы боло турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө.

Кыргызстан жана Иордания курама командаларынын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Айгүл Давлетбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт.

- Футбол мелдешине байланыштуу ички иштер органдары комплекстүү иш-чараларды өткөрөт. Атайын штаб түзүлүп, кызматкерлердин аткара турган иштери так бөлүштүрүлгөн. Үч миңден ашуун милиция жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшөт. Стадиондун ар бир секторуна жана көзөмөл өткөрүү жайларына тийиштүү кызматкерлер бөлүнгөн. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин кинологдорунун тобу стадиондун аймагын жана ага канаатташ аймактарды тинтүүгө алышат. Футбол күйөрмандарын маданияттуулукту көрсөтүп, ичимдик ичпей, жаңжал уюштурбай, коомдук тартипти сактоого чакырат элек.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бийиктетилген тосмолору.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бийиктетилген тосмолору.

Түшкү саат 2ден кийин Тоголок Молдо – Чүй, Тоголок Молдо – Фрунзе, Фрунзе-Исанов, Фрунзе-Панфилов көчөлөрү кесилишкен аймактар курчоого алынып, унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Саат 15:00дөн баштап стадиондун аймагына билетсиз адамдар киргизилбейт. Ошол себептен оюнга билеттерди бир күн мурда ала албай калгандар үчүн жогоруда белгиленген аймактарда Футбол федерациясынын өкүлдөрү өз баасында сатаарын аталган мекемеден билдиришти.

Билеттин баалары 150 сомдон 700 сомго чейин болот. Кыргызстан менен Иордания курамаларынын беттешине билеттер 10-ноябрдан баштап Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында 11:00дөн 19:00гө чейин сатылган эле.

Сабак болгон беттеш

Коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу быйыл 16-июнда Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинен кийин башталды. Ал күнү стадионго кире албай калган айрым күйөрмандар дубалдан ашып түшүп, токтотууга аракет жасаган тартип коргоо кызматкерлерин таш менен урган.

Ошол оюндан соң Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Д.Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоого өкмөт 8.5 млн. сом бөлүп, стадионду жакшыртуу үчүн бир нече иштер жасалган. Бир ай мурда Тажикстан жана Бангладеш командалары менен болгон оюн жаңы тартипте өтүп, башаламандыктарга жол берилген жок.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары иорданиялыктар менен боло турган беттешке 14-ноябрдан бери Бишкекте даярдык көрүштү. Ага чейин кыргыз футболчулары 12-ноябрда Австралиянын Канберра шаарында ойноп, австралиялыктарга 3:0 эсебинде жеңилишкен эле. Ал оюнда тизмеге 19 фуболчу катталып, айрым бир себептерден улам Кыргызстандын алдыңкы оюнчулары Австралияга барган эмес.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.

Жарым коргоочу Антон Землянухин менен коргоочу Дэниел Тэго жаракат алып, ал эми чабуулчу Мирлан Мурзаев документ иштерине байланыштуу команданын катарына кошулбай калган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Иордания курамасына менен беттешке оюнчулар толук курамда даярдык көрүп жатканын айтты.

- Австралиядан келгенден кийин оюнчуларыбыздын бардыгы мыкты даярдыкта оюнга чыгыш үчүн биздин медициналык штаб болгон аракетин көрүүдө. Жаракат алгандар да оюнга чейин сакайып калышат деп ойлойм. Жалпылап айтканда командада абал жакшы. Бардыгы мелдешке жакшы даярдык көрүп жатышат. Ар бир оюнчу бул беттеш биздин пайдабызга аякташы керек экендигин жакшы түшүнүшөт. Тактап айтканда Иордания менен беттеште жеңишке жетишибиз керек. Буга чейин Австралия курамасына айрым бир кемчиликтерге жол берип утулуп калдык. Бул сапар андай болбойт.

Чечүүчү оюн

Дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин алкагында Кыргызстан менен Иорданиянын улуттук курамалары буга чейин быйыл 3-сентябрда Иорданиянын Аман шаарында беттешип, 0:0 эсебинде тең чыгышкан. Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, бельгиялык адис Пол Пут Бишкектеги оюн татаал болорун белгилеп, башкы максат жеңишке жетүү экендигин билдирди.

- Бул беттешке даярдануу үчүн Түркияда машыгып, Мальта өлкөсүнүн улуттук курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдүк. Кыргызстандагы аба ырайынын шарты биз көнгөндөй эмес. Бишкекте кар жаап, суук болуп калыптыр. Жергиликтүү убакыт боюнча айырмачылыктар да бар. Ошол көрүнүштөрдү эске алганда кыргыз футболчулары менен боло турган оюн абдан татаал болот. Бирок кырдаалды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан кандай болсо да ойноого муктажбыз. Кыргызстандын футболчулары абдан күчтүү, мыкты команда. Бул оюн эки команда үчүн эң маанилүү жана чечүүчү деп айтсак болот.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

​Учурда Иордания курамасы 2018-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүндө В тайпасында 13 упай менен көч башын жетектейт.

Экинчи катарда 12 упай эсебине топтогон Австралия жайгашууда. Австралиялыктар төрт оюнда жеңишке жетип, бир жолу Иорданияда конокто ойноп, 2:0 эсебинде утулуп калышкан эле. Кыргызстан 8 упай менен 3-орунда. Тажикстанда беш, Бангладеште бир упай бар.

Бишкектеги беттештен кийин иорданиялыктардын алдыда эки оюну бар. 2016-жылы 24-мартта иордан футболчулары өз жеринде бангладештиктерди кабыл алып, 29-мартта Австралияда конокто ойношот. Ал эми кыргыз футболчулары иорданиялыктар менен болгон оюндан кийин 2016-жылы 29-мартта Тажикстанда конокто ойношот.

2018-жылы Орусияда өтчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында Азия чөлкөмүндө 8 тайпага бөлүнгөн бештен команда ойноодо. Бул баскычта биринчи орунду ээлеген сегиз команда жана экинчи орунду ээлеп мыкты көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын 3-баскычына жана 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат. Калган командалар Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынан четтетилет. Бирок 2-баскычтагы оюндардын жыйынтыгында 2-орундагы начар көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда, 3-орунга ээ болгондор жана 4-орундагы мыкты көрсөткүчтү камсыздашкан төрт команда Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG