Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

ФИФА: Блаттер президент болуп кайра шайланды


Йозеф Блаттер ФИФАнын 65-конгрессинин ачылышында. Цюрих, 28-май, 2015
Йозеф Блаттер ФИФАнын 65-конгрессинин ачылышында. Цюрих, 28-май, 2015

Дүйнөлүк футбол федерациясы - ФИФАнын конгрессинде өткөн шайлоонун экинчи айлампасында иорданиялык ханзада Али өз талапкерлигин алып салып, Блаттерге жол бошотуп берди.

Цюрихте өткөн конгресстеги шайлоонун биринчи айлампасында эки талапкердин эч кимиси үчтөн эки добушка ээ боло алган жок. ФИФАнын азыркы президенти Блаттер 133 добуш, ал эми анын жалгыз атаандашы Иорданиянын ханзадасы Али бин ал-Хусейн 73 добуш алды. Үч бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу ФИФАнын интернет сайты маалымдады.

Шайлоонун экинчи айлампасы белгиленгенден кийин ханзада Али өз талапкерлигин алып салып, Блаттерге жол бошотуп берди. Анын негизинде ФИФАнын президенти болуп Йозеф Блаттер шайланды.

ФИФАнын конгресси 28-майда Цюрихте ачылды. Анын жуп алдында, бир нече жогорку даражадагы жетекчи коррупциялык иштерге шектелип кармалган.

Конгресстин ачылышында Блаттер футболго көлөкө түшүргөн айрым кишилердин иш-аракеттерин айыптады. Эл аралык федерациянын Цюрихте бейшембиде кечинде ачылган конгрессинде ал кол астындагылардын бардыгын “ар дайым көзөмөлдөй албасын” айтты:

- Бир топ адамдар глобалдык футбол жамаатындагы иш-аракеттер – Дүйнө чемпионатын кабыл алган өлкөнү тандоо же коррупция жаңжалдары болобу, мени жоопкер дешет. Биз же мен бардыгын күнү-түнү көзөмөлдөй албайбыз.

Йозеф Блаттер
Йозеф Блаттер

27-майда Швейцариянын Цюрих шаарында Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы - ФИФАнын мартабалуу жети чиновниги коррупциялык иш-аракеттерге шектелип, камакка алынган. Аларды АКШ бийликтери ФИФА жетекчилигиндеги коррупция жана паракорчулук, дүйнө чемпионаттарын өткөрүүдө шаарларды тандоо боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында кармаган. Тергөөчүлөр шектүүлөр 20 жыл ичинде 100 миллион доллар пара алышкан деп ырасташууда. Азыр эми бул жети жетекчи АКШга экстрадициялоо чечимин күтүп жатышат.

Ошол эле күнү эртең менен Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус ФИФАны катуу сындап, федерациянын төрагасын шайлоону кийинкиге жылдырууга үндөгөн.

- Көп жылдардан бери бул чөйрөдөгү паракорлук тууралуу айтылып келатат. ФИФАнын төрагасын шайлоо 29-майга белгиленгендиктен, айтылып жаткан айыптоолордун чын-төгүнүн билүү үчүн аны жылдыруу туура болмок.

Британ тышкы иштер министри Филип Хэммонд буга үндөш билдирүү жасап, футбол ассоциацияларынын башын бириктирген уюмда реформалар жүрүшү керектигин айтты.

Европанын футбол ассоциациясынын - УЕФАнын башчысы Мишел Платини Блаттер кайра шайланса, уюм ФИФА менен мамилелерин кайра карап чыгышы мүмкүн деди.

АКШ жүргүзгөн иликтөө менен катар Швейцариянын органдары 2018 жана 2022-жылкы дүйнө чемпионаттары өткөрүлө турган өлкөлөр – Орусия менен Катар паранын жардамы менен добуш берүүнү жеңген деген малыматтарды иликтеп жатышат.

Буга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттарды ФИФАнын ишине кийлигишип, Блаттердин кайра шайланышына жол бербөөгө аракеттенүүдө деп айыптады. Анын айтымында, Блаттер Орусиянын Дүйнө чемпионатын өткөрүшүн колдогондугу үчүн ага кысым көргөзүлүүдө.

Владимир Путин
Владимир Путин

Путин ошондой эле футбол чиновниктеринин камакка алынышын АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден жана чуулгандуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын иштери менен салыштыра кетти.

Анын алдында Орусиянын спорт министри Виталий Мутко өлкө 2018-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырап калат деген коркунуч жоктугун билдирди.

- Биз эч тынчсызданган жокпуз. Анткени Орусия чемпионатты өткөрүү кампаниясын ар тараптуу, ачык алып барган. Биз эч нерсени ойлоп тапкан жокпуз. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү бизге келип кетишкен. Президент Путин алар менен жолуккан. Британ премьер-министри Девид Кэмерон болсо эс алууга кетип калып, баа берүүчү комиссиянын мүчөлөрүн кабыл албай койсо, бул алардын проблемасы.

"Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму бейшембиде билдирүү жасап, ФИФАнын президенти дүйнө биринчиликтерин уюштурган өлкөдө адам укуктарынын нормаларынын толугу менен сакталышын камсыздоого тийиш деп белгиледи.

Ал тапта Эл аралык федерациянын ири демөөрчүлөрү Adidas, Nike, "Кока-Кола" жана башка компаниялар реформаларды ишке ашырууга үндөп, андай болбосо ФИФА миллиондогон доллардык акчадан кол жууп калат деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG