Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Элдин эркин сыйласа, "экс" болуш да жаман эмес


Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтү 1-декабрда жаңы президент ант бергенден кийин соңуна чыгат.
Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтү 1-декабрда жаңы президент ант бергенден кийин соңуна чыгат.

Дүйнөдө экс-президенттер кызматынан чегинген соң атайын макамга ээ болуп, ар кандай бакубат шарттарда жашоосун, коомдук ишин уланта алышат.

Өлкө президенти бийликке асылбай, мөөнөтү келгенде мыйзамга баш ийип кызматынан бошонгондон кийин көпчүлүк мамлекеттер андай инсандарды өкмөттүн эсебинен ар түрдүү деңгээлде материалдык жана моралдык жактан камсыздаганга аракет кылышат экен.

Кыргызстанда буга чейин бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген мамлекет жетекчиси болбогондуктан, азырынча андай тажрыйба, же мурдагы президенттин институту түптөлө элек. Азыр эми шашыла Роза Отунбаеванын эртеңкисин тактап, кийинки ишмердигине тийиштүү шарттар түзүүгө далбас көрүлүп жаткан кез.


АКШда артыкчылык арбын


Башка өлкөлөрдү алсак, байманасы ашкан АКШда маселен, экс-президент өмүрү өткөнчө 200 миң долларга чукул жылдык пенсия, Американын каалаган жеринен бекер иш кеңсеси, же офис, медициналык камсыздоо, өлкө ичинде абада болобу, жерде болобу, бекер саякаттоо өңдүү бир далай артыкчылыктарга эгедер. Пенсия кийинки президенттин ант берүү аземи өткөн күндөн тарта эсептелет. Андан сырткары мамлекет башчылык кызматтан бошонгондо кадимки жашоого өтүп, психологиялык жана башка жактан турмушун жолго салганга деп кызматынан бошонгондон тарта 30 ай бою атайын фонддон бир жылга 150 миң долларлык каражат алып турат. Жардамчы жана жансакчыларына да акчалай маяна өкмөттүн эсебинен төлөнөт – бир жылга 96 миң доллар, андан ашык сарптагысы келсе өз чөнтөгүнөн чыгарат.


Кошуналарда кандай?


Алысты айтпай жакынкы өлкөлөргө келсек, Казакстандын конституциясы боюнча экс-президентке мамлекет башчынын айлыгынын 80 пайызы, мамлекеттик үй-жай жана башка артыкчылыктар берилет. Бирок Нурсултан Назарбаев, же туңгуч президенттин бийликтен кеткенден кийинки статусу өзүнчө атайын мыйзам менен бекитилген. Ага ылайык, Назарбаев өзүнүн гана эмес, бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн да (алардын саны канча киши экени мыйзамда такталган эмес), атакеси президент болуп турганда топтогон каражат-байлыгы, үй-мүлкү кол тийбестик макамына ээ болгудай кылып мыйзамдаштырып койгон.

Казакстанда кырдаал ушундай. Ал эми Өзбекстандын конституциясына ылайык, өлкө президенти кызматынан бошонгондон тарта өмүр бою парламенттин жогорку палатасы, же Сенаттын мүчөсү бойдон калат. Андан сырткары өмүрү өткүчө сот алдында кол тийбестик укугуна ээ, мамлекет башчынын айлыгынын 70 пайызын алат. Ага кошумча өкмөттүн эсебинен үй-жай менен камсыздалып, бекер транспорт жана телефондон пайдаланат. Албетте, күзөт жана жардамчылар штаты мамлекет эсебинен төлөнөт.


КМШда канча экс-президент бар?


КМШ аймагында азырынча өз ыктыяры менен бийликтен кеткен Орусиянын экс-президенти Борис Ельцин, Украинада башка шарттарда кетсе да экс-президент макамы Кравченко, Кучма жана Ющенкого берилген. Ельциндин көзү өтсө да, анын үй-бүлөсү мамлекеттик резиденцияда атасы тирүү кездегиден кем эмес бакубат жашоосун улантууда. Украинада кырдаал кичине башкача. Былтыр эле бийликтен кеткен Виктор Ющенко, маселен, экс-президентке караганда, Сенаттын мурдагы мүчөсү катары пенсиясы жогору экенин өздөштүргөн соң, мурдагы сенатор катары пенсияга көчкөн. Ошондой эле жакында мамлекеттик резиденцияны бошотуп, үй-бүлөсү менен алар үчүн салынган жаңы үйгө көчүп кетти.

Арменияда мурдагы президент макамын эки адам – Левон Тер-Петросян жана Роберт Кочарян алып жүрөт. Аларды мыйзам кандай коргоорун Еревандык журналист Сурен Мусаэлян айтып берди. “Левон Тер-Петросян жана Роберт Кочарян мамлекеттик купуя сырларды, улуттук коопсуздукка байланыштуу маанилүү маселелерди ичтен билген адамдар катары Арменияда атайын коргоого алынган. Аларды мамлекеттик күзөт кызматы кайтарат ушул күнгө дейре, өкмөттөн атайын пенсия алышат. Президент болуп иштеп тургандагы чечимдери, же башка аракети үчүн сот жообуна тартылбайт, кол тийбестик укугуна ээ. Бирок кызматтан кеткенден кийин жасаган мыйзамсыз иштери болсо, кадимки жарандардай эле жоопко тартылышы мүмкүн”.

КМШ алкагында экс-президенттер макамы айырмалуу болгону менен, бардыгы ар кандай деңгээлде мурдагы президенттерди мамлекеттик коргоого жана колдоого алышат экен. Алардын маяна көлөмү, пенсиясы, жардамчылар штаты мамлекеттик казынадагы каражаттын калыңдыгына жараша өлчөнөт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG