Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

ЕБ качкындар селин Түркияга тостургусу келет


Түркиядан Эгей деңизи аркылуу Грециянын Лесбос аралына келген мигранттар менен бозгундар. 2-октябрь 2015.
Түркиядан Эгей деңизи аркылуу Грециянын Лесбос аралына келген мигранттар менен бозгундар. 2-октябрь 2015.

Дональд Туск Европарламентте сүйлөп, Европа Биримдигине жетүү дагы деле миллиондогон бозгундар менен мигранттардын максаты экенин баса белгиледи.

Анкаранын эсебине караганда, Сириядагы жарандык согуштун кесепетинен миллиондогон адам Европа Биримдигине качкын болуп барышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск 6-октябрда Страсбургда Европарламенттин депутаттары алдында жасады. Андан бир күн илгери Биримдиктин жетекчилиги Брюсселде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен качкындар кризисин талкуулашкан.

Түркиянын эсебинче, Сириянын эң чоң Алеппо шаарынан жана коңшулаш чөлкөмдөрдөн Евробиримдикти көздөй “ келечекте дагы 3 миллион качкын агылып жөнөшү ыктымал” деди Еврокеңештин төрагасы. Анын айтышынча, тыш өлкөлөр качкындар менен күрөшүүдө Европага “жардамдашууну каалашпайт” экен, ал эми коңшу мамлекеттер европалыктардын башына түшкөн түйшүккө “жыргап карап турушуптур”.

Эсептөөлөргө караганда, 2011-жылы Сирияда тутанган ич ара согуш 250 миң адамдын өмүрүн алып, миллиондогон жарандарды жер котортуп, бозгун кылды.

Европаны кыжаалатка салган миграция кризиси Евробиримдиктин лидерлери менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 5-октябрда Брюсселде өткөн сүйлөшүүлөрүндө талкууланган негизги маселе болгон.

Кездешүүдөн кийинки брифингде Дональд Туск болочокто Сирияда буфердик зона түзүлүшү мүмкүн экенин айтып, ага карбай Анкара качкындарды токтотуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасашы керек экенин Эрдогандын кулагына кайра-кайра куйду.

- Ошентсе дагы Түркия аракеттенгенге даяр турушу керек. Миңдеген адамдар Түркия аркылуу Евробиримдикке каптап кирген жагдай токтотулуш керек. Муну биз өзүбүз жасай албайбыз. Биз Түркияга муктажбыз.

Бирок президент Эрдоган Түркия качкындар жүгүнүн оорун көтөрүп жатканын айтып, Брюсселден дагы башка тийиштүү кадамдарга барууну талап кылды.

- Түркия өткөн төрт жылда эшигин Сириядагы жана Ирактагы жаңжалдан качкан бардык пенделерге ачык кармаган өлкө. Биз аларга эч кандай дискриминациясы жок жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүп, кам көрүп жатабыз. Биз Түркияга башка өлкөлөрдөн келгендерди эч качан артка кайтарган жокпуз. Биздин өлкөдө ушу чакта 2,5 миллионго чукул мигрант бар. Алардын 300 миңи Ирактан жана 2,2 миллиону Сириядан.

Эрдогандын оюнча, качкындар маселесин чечүү үчүн үч нерсени жасоо керек. Атап айтканда, Сириянын президенти Башар Асадга каршы оппозицияны машыктырып куралдандыруу, карапайым калкты террорчулардан коргоочу коопсуздук зонасын жана учактар үчүн жабык аба мейкиндигин түзүү зарыл.

Венгриянын Хедьешалом кыштагынан Австриянын чек арасына жүгүрүп бараткан мигранттар. 6-октябрь, 2015
Венгриянын Хедьешалом кыштагынан Австриянын чек арасына жүгүрүп бараткан мигранттар. 6-октябрь, 2015

Брюсселдин планы башка. Түркия качкындарды Евробиримдикке жөнөтпөй өзү багып, окутуусу үчүн Анкарага бир миллиард евро бермекчи. Ал үчүн Биримдик Түркияга 2 миллионго чейин качкын батчу 6 лагерь курууга даяр. Ал лагерлер курулса, Эгей деңизинде кармалган бозгундар Түркияга кайра жөнөтүлөт. Ал үчүн Түркиянын жана Грециянын чек арачылары деңизди чогуу күзөтүүгө тийиш. Бул маселелер да Эрдогандын Брюсселдеги сапары кезде талкууланганы кабарланды.

Эл аралык миграция уюмунун кабарлашынча, быйыл Европага Түркия, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадан 557 899 мигрант келген. Европага жетүүнү көздөгөн 2987 мигрант Жер Ортолук деңизинде чөгүп өлгөн. Алардын 100 чактысы акыркы үч күндө апаат болду.

XS
SM
MD
LG