Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Батыштан бакыт таппай артка кайткандар


Качкындар лагери. Идомени, Греция. 9-март
Качкындар лагери. Идомени, Греция. 9-март

Качкынбыз деп Европага агылган он миңдеген адамдардын арасында жакшы жашоо издеп чыккандар да аз эмес.

Өз жеринде өп-чап турмуш кечиргени менен алар эми Европа өлкөлөрүнөн баш калка ала алышпайт. Мигранттар агымы көбөйгөн соң Европа, анын ичинде Германия да качкындарды кабыл алуу шарттарын катаалдантты.

Натыйжада өлкөсүндө өмүрүнө коркунуч туулганын далилдей албаган айрымдар кайра артка кайтууда.

Азыр грек-македон чек арасында акыйган бозгундар саны 40 миңден ашты. Алар Германияга, ал болбосо дегеле Европанын байманалуу мамлекеттеринин биринде жашаганга кызыкдар.

Бул арада Евробиримдик менен Түркиянын чек арасында топтолгондорду жана болочокто келе тургандардын көбүн Түркияда жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күткөн, тагдыры арасат адамдардын жагдайы жакшы эмес.

Грециядагы “Азынлыкча” гезитинин кабарчысы Еврен Деде чек арадагы эл эң көп топтолгон Идомени кыштагындагы учурдагы кырдаалды сүрөттөп берди:

Идомени кыштагындагы качкындар. Греция
Идомени кыштагындагы качкындар. Греция

- Идомениде 14 миң адам жамгыр алдында эмне кылышты билбей турушат. Албетте алардын абалы оор, сөз менен сүрөттөө да кыйын. Азыр жамгыр жаап атат. Ылай белчеден, шөмтүрөп чатырлары да начар акыбалда, тамак-аштары жок. Идомениге Американын Тышкы иштер министрлигинин жардамчысы келди. Ал жердеги тиешелүү адамдар жана догдурлар менен жолугушуу уюштуруп, качкындарга жардам берүү маселесин талкуулады. Ал гуманитардык гана жардам маселеси.

Ошентип, Евробиримдик Түркия койгон шарттарга макул болсо, чек арадагылар жана дагы агылып келчүлөр Түркияда алар үчүн курулган лагерлерде башпаанек алуулары керек.

"Качкынбыз" дегендердин жарымынан көбү сириялыктар, экинчи орунда ооганстандыктар, анан Ирак менен Пакистандын жарандары. Бирок чек араны ачууну суранып тургандардын баары эле өз өлкөсүндө өмүрүнө коркунуч келгенинен улам башкалка издегендерби?

Батыштан бакыт издегендер

Ариан аттуу 25 жаштагы ооганстандык жигит Германияда бир жыл жашап, мекенине кайтып келди. Ал чет өлкөдө жер кезген сапары учурунда көргөн турмушун мындайча баяндайт:

- Европада жашоо жыргал, жакшы иш таап, андан тышкары жакшы окууга кирүүгө болот деп достордон уккан элем. Аткезчилер буга кошумча жарандык аларыңарга кепилдик бар деп айтышкан. Бирок анын баары жалган экен.

Ариан өткөн жылдын жайында Германияга келүү үчүн Ооганстандагы ортомчу шылуундарга топтогон каражатынын көбүн - 8 миң доллардан ашуун акча берген. Бир айлык жолдун бир бөлүгүн жөө, кээ бөлүгүн автобус менен басып, кемеге да түшкөн. Иран, Түркия, Греция, Балкан өлкөлөрү, анан Австрия аркылуу өтүп, көздөгөнүнө жетет.

Качкындар үчүн салынган лагерде үч ай жаткан соң Ариан башка алты мигрант менен кошо Фульда шаарындагы батирге жайгаштырылган. Тогуз ай ошол жерде болгон:

Ариан
Ариан

- Бийликтегилер Германияга эмнеге келдиңер деп сурап да койгон жок. Мигранттар өтө көп болгондуктан баары башаламан болчу. Узак убакыт арасат абалда болдум да ушинтип жүргүчө мекениме эле кетейин деп ойлодум. Эгер Европага карай сапар канчалык оор болуп, Германиядагы жашоом туңгуюк болорун билгенде Ооганстанымдан чыкмак эмесмин.

Белгилүү болгондой, Ооганстандан келгендер көбүнесе көбүрөөк акча табууну көздөгөн экономикалык мигранттар болуп чыгышат. Евробиримдиктен башпаанек сураган 200 миң оогандыктын жарымы мына ушул категорияга кирет деп табылган.

Муну Ооганстандагы журналисттер союзунун мурдагы төрагасы, азыр эркин журналист Хасан Сырдаш да бышыктап, алар эмне үчүн дини бир, тили тектеш жакынкы өлкөлөрдү тандабай жатканына токтолду:

- Ооганстандагы калктын баары эле согуштан тажап же жакырчылыктан улам Европага кетип жаткан жок. Алар эркиндикти, өзү каалагандай жашоону көздөп, айрым тажатма үрп-адаттардан арылуу максатында кетишти. Башка өнүккөн араб мамлекеттеринде Ооганстан сыяктуу эркиндикти чектеген салттар бар.

Бирок Европа өлкөлөрү мигранттарга башпаанек берүүнү катаалданткан соң ириде жакшы жашоо издеп келген - экономикалык мигранттардын шансы кескин кыскарган. Мына ушуну, Европага мигранттарды мыйзамсыз жөнөтүп туруучу аткезчилик түйүндөрүнө алданып калбоону Германиянын Кабулдагы элчилиги өткөн жылы эле эскертип баштаган.

Артка кайткандар көбөйдү

Бонн университетинин саясат жана коом факультетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык кызматташтык боюнча немис коомунда иштеген Зейнура Бирназарова кайра артка кайткандар көбөйүп баратканын белгилейт:

- Германияга келген мигрант качкын макамын алууга эки жыл коротот. Анан үй-бүлөсүн алдыруу үчүн үч жыл күтөт. Ал да иши оңунан чыкса гана. Ошентип өзү бул жакта отуруп, үй-бүлөсүн ошончо убакыт Ооганстанга калтыргысы келбей, кетип жаткандар көбөйүүдө.

Эл аралык миграция кызматынын маалыматында, мекенине өз ыктыяры менен кайткандар 2014-жылы 100дөй болсо, 2015-жылы 300дөн ашкан. Быйыл февралда Ооганстандын Германиядагы элчилиги дагы миңден ашуун ооганстандык мекенине кетүүгө камынып жатканын билдирди.​

Бирназарованын айтымында, качкындыгын далилдей албаган мигранттарга мыйзамдуу жумуш табуу дээрлик мүмкүн эмес. Алтургай качкын макамын алгандар деле тыңгылыктуу ишке орношуусу кыйын:

- Качкындардын жашоосу жакшы уюштурулган. Статус алгыча лагерде жашашат. Үч маал тамак берилет, немис курсуна барышат. Жөлөк пул чоң кишиге айына 130 евро, кичине балага 90 евро.

Бирок эгер качкын жумуш тапса - ишке орноштуруу департаментине ал тууралуу кабарлайт. Алар баарын карап, ошол жумушту издеген немис, европалык бар-жогун алгач текшерет. Башка каалоочулар жок болсо гана качкын ал жумушка иштегенге акысы бар. Ириде тилди жакшы билиши, кесиби болушу керек. Качкындардын көбү жогорку билимдүү болсо да, жолдо келатып дипломун жоготуп алышкан.

Акча издеп келгендер мындай тоскоолдуктардан өтө албай, кеткиси келгендер акырындап көбөйүүдө.

Эркиндикти, өзү каалагандай жашоону көздөп, айрым тажатма үрп-адаттардан арылуу максатында кетишти. Башка өнүккөн араб мамлекеттеринде Ооганстан сыяктуу эркиндикти чектеген салттар бар.
Хасан Сырдаш

Эл аралык миграция уюмунун Германиядагы өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, Ооганстанга кайткысы келген мигранттар - чоңдору 700 евро, 12 жашка чейинкилер 350 евро жардам алышат.

Бул арада Кабулга кайткан Ариан жашоосу Европага кеткенге чейинкиден начар экенине, иш таппай жатканына кейийт.

Ооганстандык журналист Хасан Сырдаш бийлик аларды кайтууга үндөп, келсе көмөктөшөрүн билдиргени менен убадасынын өтөсүнө чыкпай атат дейт:

- Ооганстанда Социалдык камсыздоо деген кеңсе бар. Ошол мекеме Европадан кайткандарга жумуш таап берүүгө, үйү жоктордун башпаанек маселесин чечүүгө убада берген. Бирок азыркы күнгө чейин бул убаданын аткарылганын көргөн жокпуз.

"Европадагы байгер турмуш тууралуу жомокко ишенбегиле, акчаңарды алдатпагыла" деген бийликтин да, өлкөдөгү Германия элчилигинин да түшүндүрүү иштерине карабай, шарты чыкса жөнөгүсү келгендер азыр да аз эмес. "Азаттык" алардын бир нечесине микрофон сунуп, жооп алды:

- Мында жумушсуздук күч, мага иш жок. Университетти бүтүп жатам, бирок бул жерден иш таппайм. Андыктан кетейин деп чечтим.

- Сапар өтө опурталдуу, жарадар болуп, өлүмгө да дуушар болушубуз мүмкүн. Ага карабастан, жолго чыксак дейбиз. Анткени, курсак тоё тамак жеген жерге жетишибиз керек. Европа өлкөлөрү бизди кабыл алышы шарт. Биз жыргаганыбыздан кетип жаткан жерибиз жок.

- Ооганстан биздин мекенибиз. Коопсуздук бул жерде начар. Эмне үчүн мекенин ташташат? Аргасыздан да.

"Азаттык": Европа эми качкындарды киргизбейбиз деп атпайбы?

- Үй-бүлөмдүн акчасы жок. Мен мектепти бүтүп жатам. Бул жерде болсо иш жок. Биз кетүүгө аргасызбыз. Көптөр эле мендей акыбалда.

"Азаттык": Эгер Европа өлкөлөрү кабыл албай койсо эмне кыласың?

- Тагдырга баш ием.

Оогандык жаштардын интервьюсу. (Видео англис тилинде)

Бул арада Ирак, Иран, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн кеткен башка мигранттар деле ушундай тагдырды баштан кечирүүдө.

Өлкөсүнөн безгендер Европа эле эмес, башка байгер өлкөлөрдөн да башпаанек сурашууда. Бирок бай өлкөлөр мындан ары качкындар менен мигранттарды кабыл алуу саясатын катаалдантуу жагын тандады.

Мисалы, Австралия менен Иран ирандык 9 миңдей мигрантты мекенине кайтаруу боюнча азыр сүйлөшүп жатат.

Баш калка сураган ошончо кишинин канчасы мекенине кайта албаган качкын экени белгисиз. Бирок Австралия алардын көбү жакшыраак жумуш издеген экономикалык мигранттар деп, өз жеринде жайгаштырууга каршы болуп келет.

XS
SM
MD
LG