Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Египетте кайрадан эрегиш


Египет: Каирдеги каргаша
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Шаршембидеги кагылышуулар кан төгүү менен коштолуп, өлкөдө өзгөчө абал тартиби киргизилди.


Египетте бийликтин мурдагы президент Мурсинин жактоочуларынын Каирдеги эки лагерин тазалоосу кан төгүү менен коштолду. Шаршемби күнкү кагылыштардан расмий эсеп боюнча 278 кишинин, анын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн 43 өкүлүнүн өмүрү кыйылды. Мындан тышкары 2000дей киши жаракат алды.

Кан төгүү менен коштолгон кагылыштардын артынан бийликтер бүткүл өлкө боюнча бир айлык мөөнөткө өзгөчө абал, борбор Каирде жана башка он провинцияда коменданттык саат киргизишти.

Утурумдук президент Адли Мансур армиядан коопсуздукту камсыздоодо жана адамдардын өмүрүн коргоодо полицияга колдоо көргөзүүнү суранды.

Бирок утурумдук вице-президент Мохаммед эл –Барадейи шаршемби күнкү окуялардын артынан кызматтан чегингенин жарыялады.

Маалымат каражаттарына электрондук почта аркылуу жиберген билдирүүсүндө ал “кан төгүүлөр үчүн жоопкерчилик ала албасын” айткан.

Тышкы реакция

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Египеттин коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга каршы күч колдонушун айыптады.

Айыптоо сөздөрү Вашингтондон да айтылды. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест:

-Кошмо Штаттар Египетте демонстранттарга каршы зомбулук көргөзүлүшүн айыптайт. Биз өлгөндөр менен жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз. Египеттин коопсуздук жана аскер күчтөрүн сабырдуулукка, өкмөтүн жарандардын негизги укуктарын урматтоого, демонстранттарды тынчтыкка утур-утур чакырып келгенбиз. Кыянатчылыктар Египеттин узак мөөнөттүү туруктуулука, демократияны көздөй алган жылуусун кыйындатат. Убактылуу өкмөттүн элдешүүгө жетишүү жөнүндөгү убадасына тикелей каршы келет. Дүйнө Каирде эмне болуп жатканына көз салууда. Биз Египеттин өкмөтүн, тараптардын баарын кыянатчылыктардан баш тартып, пикир-келишпестиктерди тынч жол менен жөндөөгө чакырабыз.

Египет бийлигинин соңку чараларын Түркия да сынга алды. Президент Абдулла Гүл Анкарадан кабарчылар менен маегинде.

-Жөн –жай тургундарга, демонстрацияга чыккандарга курал менен кол салуу кабыл алынгыс. Кандай жүйө болбосун мындай аракеттер жамандыкка гана алып барат.

Түркия өкмөтү мурдарак Египет армиясынын шайланган президентти бийликтен кулатышын да кабыл алынгыс деп атап, сындаган эле.

Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын кеңсеси БУУнун Коопсуздук кеңешин жана Араб Лигасын Египет боюнча чара көрүүгө үндөдү.

Еврошаркет, Британия, Германия каршылышкан тараптарды сабырдуулукка жана диалогко чакырды.

Окуялардын өнүгүшү

Бийликтен 3-июлда армия тарабынан кулатылган мурдагы президенттин жактоочулары андан бери борбор Каирдин эки жеринде лагер тигип олтурушкан эле. Чатырлардын бир бөлүгү Каирдин чыгышындагы Рабаа аль-Адавия мечитинде, экинчиси шаардын батыш бөлүгүндөгү Нахда аянтында тигилген болчу. Лагердегилер Мурсинин президенттик кызматка кайра коюлушун талап кылып жатышкан.

Коопсуздук күчтөрү ал эки лагерди брондуу техниканын жана бульдозер жардамы менен тазалоого шаршемби таң эрте кызуу киришти. Бирок коопсуздук күчтөрүнүн бул операциясы, Каирден түшкөн кабарларга караганда, дароо эле кагылышуу менен коштолду. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газдан тышкары ок дагы колдонгондой.

Ал эми демонстранттар коопсуздук күчтөрүн көздөй таш атышып, алардын жолуна, лагерлердин айланасында дөңгөлөктөрдү күйгүзүп, өрт коюшкан.

Исламчыл демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү ортосундагы кагылыштар Эл-Минья жана Асьют шаарларында да болгон. Эл-Минья шаарында чиркөөнүн бир бөлүгүнө өрт коюп жиберген демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Мурсинин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү ортосундагы кагылыштар ал бийликтен кулатылгандан бери эле утур-утур болуп келген. 3-июлдан берки андай кагылыштардан 14-августка чейин кеминде 250дөй киишинин өмүрү кыйылган.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Хазем ал-Бевлави утурумдук өкмөттүн чыдамы дээрлик түгөнгөнүн, Каирдеги нааразылыгын олтуруп алып билдирип жаткандардын акцияларын токтотуу чечими кабыл алынганын айткан.

Шаршембидеги окуя 2011-жылдын февралында мурдагы автократ лидер Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан берки тополоңдордун соңку көрүнүшү.

Байкоочулар Египет азыр бир тарабында “Мусулман агайындар” кыймылы баштаган исламчылар, экинчи тарабында секуляристтер, либералдар, байистүү мусулмандар жана христиандардан турган кош лагерге бөлүнүп калганын белгилешет.

Өлкөдөгү элдешүү жана саясий жараяндын болочогу боюнча күмөндүү ойлор айтылууда.

Мурдагы президенти Мубарак бийликтен кулатылгандан бери өлкөдө беш ирет шайлоо өткөн, бирок алардын натыйжасы кайра президенттин бийликтен кулатылышына алып барды.

Бир апта мурда азыркы убактылуу бийлик өлкөдөгү кризисти жөндөө боюнча эл аралык ортомчулардын аракетинен майнап чыкпаганын билдирип, бул үчүн “Мусулман агайындар” кыймылын айыптаган эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG