Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Ырчы Али: Мен сүйүүнү даңазалайм


"Эл-Танбура" тобунун чөлдөгү концерти
"Эл-Танбура" тобунун чөлдөгү концерти

Кыргызстанда кээ бирлер киши өлгөндө кошок айтууну «арам» дешет. Фундаменталисттер өз көз караштарын жалпыга таңуулаган көрүнүштөр башка өлкөлөрдө да бар. Кечээ жакында секулярдык диктаторду кулаткан Египетте бүгүн диний экстремисттердин таасири өсүп жаткандыгы байкалууда. Жергиликтүү музыканттардын бир тобу жалпы коом бир диктатуранын экинчи диктатура менен алмашуусуна жол бербейт деп үмүттөнөт.


Программаны бул жерден угуңуз:



Музыканттын башкы душманы адатта жардылык болот. Ырга өмүрүн арнаган адам ач калса дагы, өнөрүмдү өркүндөтсөм деген тилек менен жашайт. Бирок кээ бир өлкөлөрдө эл шайырларына динге жамынган адамдар душман чыгат. Эгер андай адамдар бийликке жетип алса, анда музыканын өзү эл душманына айланат. Муну Али жакшы түшүнөт жана ата-бабасынан калган өнөр үчүн тикесинен тик турууга даяр:

– Биз өз салтыбызды, өз музыкабызды коргойбуз. Ар ким келип алып, салтыбыздан кол жуудурушуна жол бербейбиз. Мен ырдайм, бийлейм. Буга эч ким жолтоо боло албайт.

27 жаштагы ырчы 8 кишиден турган "Эл-Танбура" тобунун эң жаш мүчөсү. Египет быйыл кыштагы элдик көтөрүлүштү даңазалап, бул топ ушул жайда дүйнөлүк гастролго чыкты.
"Эл-Танбура" тобу, оңдон четкиси Али

Австриянын Кремс шаарындагы
фестивалда Али жинсы шымчан, кепка менен сахнага чыкты. Анын кесиптештери да ар кыл кийимчен, бири көчмөн бедуиндердин, дагы бири сопулардын төбөсү шоңшойгон кызыл калпагын башына кондуруп алган.

Бүбү-бакшылар чалып, сыркоолорду дарылаган жетиген аспабын көтөргөн, дагы бири кадимки эле деңиз портунда иштеген жумушчунун формасын кийип чыкты. Концерттен кийин Али ыр-бий анын балыкчылар жашаган айлында илгертеден келаткан салт экендигин айтып берди:

Ыр-бий биздин үй-бүлөдө дайым болгон. Меним чоң атам дагы ырчы, бийчи. Биздин топто ак таңдай аткаруучулар, кадимки эле айылдык ырчылар, жергиликтүү балыкчылар, суфи ойчулдары бар. Биз революциячыл ырлар менен катар, руханий мазмуундагы жана сүйүү ырларын ырдайбыз.

Революция демекчи, Али 30 жыл такта отурган Мубаракты кулатып, араб дүйнөсүнө жаңылануу эпкинин алып келген Каирдеги Тахрир аянтында да кесиптештери менен болгон.

Феврал айында Мубарактын кетиши менен Египетте 60 жылдан берки өтмө катар диктатор-президенттердин бийлиги тамам болду. Ал эми августта баш калаа Каирде 84 жаштагы Мубарактын үстүнөн сот процесси башталды.

Буга чейин бир да араб лидери сот алдына келип, кылмыш жообуна тартылган эмес. Боштондуктун символуна айланган Тахрир аянтында Али эмне деп ырдады экен? Али:

- Биз Тахрир аянтында эки ырды ырдадык, диктатура жоголсун, эркиндик болсун деп ырдаганбыз.

Кыргызстан Борбор Азияда ыңкылапчыл өлкө сыңарындай эле, египеттиктер да Түндүк Африкада биринчилерден болуп 20-кылымдын башында британиялык оторчулукка каршы көтөрүлүп, өз алдынчалыкка жеткен. Кийинки падышачыл бийликке каршы төңкөрүш 1953-жылы Республиканын түзүлүшү менен кулаган. Бирок ар бир жолу элдин боштондук деген тилеги таш каап келди.

Тахрир аянтындагы салафист: Бир гана кудай - Алла бар, Мухаммед анын пайгамбары!, 29-июл, 2011-ж.
Мына эми дагы бир төңкөрүштөн кийин да өлкөнүн келечеги айкын эмес. Анткени Мубарактын үстүнөн сот иши мыйзамдардын негизинде өтүп жатканы менен реформага суусаган көпчүлүк убактылуу бийликте турган аскердик кеңештин ишине анчейин ичи чыкпай турган чак.

Ушундан улам Али "Эл-Танбура" тобунун төңкөрүшчүл ырлары бүгүн дагы өз актуалдуулугун жогото элек деп эсептейт.

- Биз системага каршыбыз. Мубарак кетти, бирок өкмөттө дагы деле эски күчтөр кала берип жатат.

Анын аралыгында "Мусулман Агаиндер" жана Сауд Арапстанга ыктаган фундаменталист салафиcттер баш көтөрүшүүдө. 29-июлда Тахрир кайрадан кылкылдап демонстранттарга толду, бирок бул ирет аянтка чылкый эркектер чыгып, «Эркиндик, акыйкаттык» деген ураандар эмес, исламчылардын чакырыктары жаңырды.

Египетте либералдык күчтөр ошол эле "Мусулман Агаиндерге" караганда начар уюшкан, бирок коом саясий жактан кыйла такшалган, ашынган диний фундаментализмдин коркунучу тууралуу ачык талкуулар өтүп жатат.

"Эл-Танбура" тобунун жетекчиси Ыбрайым Закария менен маекти бул жерден окуңуз:





ВИДЕО: "Эл-Танбура" тобу Австриядагы Glatt&Verkehrt фестивалында.
Автору Асем Токаева, ЭЕ/АҮ, Казак кызматы
XS
SM
MD
LG