Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Египет: аскерий төңкөрүшпү?


Адли Мансур Египеттин убактылуу президенти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00

Египеттин Конституциялык сотунун төрагасы Адли Мансур өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берди

Конституциялык соттун төрагасы Адли Мансур өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берди. Кечээ аскерий жетекчилик Мухаммед Мурсинин бийлигин токтотту.

Аскерлер президент Мохаммед Мурсини кечээ түндө президенттиктен оодарган. Мурси 12 жардамчысы менен чогуу үй камагында отурганын “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлү билдирди.

Мурсинин бийликтен алынышын өткөн түнү миллиондогон египеттиктер майрамдашты. Каир жана башка чоң шаарларга мыкты куралданган аскерлер жайгаштырылган. Бир нече шаарда исламчылар полицияга ок атып, ортодогу кагылышта тогуз адам набыт болду.

Армиянын башчысы генерал Абдел Фаттах Сиси египеттиктерге улуттук телеканал аркылуу кайрылып, президент Мухеммед Мурси элдин ишенимин актай алган жок деп, андыктан өлкөнүн Конституциясы токтотулганын жарыялады.

Генерал Абдел Фаттах Сиси
Генерал Абдел Фаттах Сиси
Генерал Сиси саясий кризисти жөндөө үчүн төмөнкүдөй чаралар көрүлөрүн айтты:

- Конституциянын иши токтотулуп, аны кайрадан атайын түзүлгөн комитет карап чыгат;

- Мамлекетти убактылуу башкаруу Жогорку Конституциялык сотко тапшырылды;

- Убактылуу техникалык өкмөт түзүлүп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт;

- Мыйзамга каршы кандай гана аракеттер болбосун, тартип коргоо органдарынын катуу чарасына кабылат;

- Массалык маалымат каражаттарында цензура чектелет.

Президент Мурсинин бийлигин токтоткон аскерий жетекчиликтин мындай чечимин Каирдин Тахрир аянтында миңдеген адамдар кубануу менен кабыл алды:

"Эркин, көз каранды эмес Египет - түбөлүк" – деген кыйкырык-сүрөөн менен коштолду.

Мурсиге каршылар армияны кубануу менен тосуп алды
Мурсиге каршылар армияны кубануу менен тосуп алды
​Ошол эле маалда Мурсинин миңдеген жактоочулары топтолгон, баш калаанын Рабаа ал-Адауия мечитинин алдында кырдаал бир топ опурталдуу. Буга чейин аскерий жетекчилик Каирдин көчөлөрүнө согуштук оор техниканы алып чыккан.

Египетте түзүлгөн саясий кризисти аскерий төңкөрүш деп баалагандар арбын. Атлантикалык кеңештин алдындагы Рафик Харири атындагы Жакынкы Чыгыш борборунун аткаруучу директору, түбү египеттик Миретте Мабрук "Азаттыкка" маегинде аскерий төңкөрүш болдубу деген суроого мындайча жооп берди:

"Менин оюмча, ооба, бул аскерий төңкөрүш деп айтсак болоор эле. Бирок аскерий төңкөрүш аябагандай чоң элдин колдоосу менен ишке ашты. Менин билишимде, мындай коомчулуктун колдоосуна ээ төңкөрүш мурда-кийин такыр болгон эмес. Мынчалык колдоо болбосо, армиянын колунан келбей дагы калмак. Бул жолу армия эл тарапта болууну туура көрдү", – деген эксперт алдыдагы күндөрү "Мусулман агайындар" кыймылынын жактоочулары өлкөдө ызы-чуу салып, зордук-зомбулукка барышы дагы мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

Президент Мурси мүчө болгон консервативдүү "Мусулман агайындар" кыймылынын маалымат катчысы Мона ал-Казаз "Бул төңкөрүш жана дүйнөлүк коомчулук аны токтотуусу керек" деп Твиттерде жазды. "Мусулман агайындар" кыймылына тиешелүү телеканал берүүлөрүн токтотту.

Ушул апта жаңыргандан бери Египетте ар кай жерлерде миллиондордун Мурсинин кетишин талап кылган нааразылык акциялар уланган. Шаршембиге караган түнү Мурсинин колдоочулары менен анын атаандаштарынын ортосундагы кагылыштарда аз дегенде 23 кишинин өмүрү кыйылды.

Исламчылар колдогон Мухаммед Мурси былтыр май-июнь айларында эки айлампа менен өткөн шайлоодо 52% добуш менен президент болуп шайланган. Анын атаандашы Амр Муса 48% добуш алган.

XS
SM
MD
LG