Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

"Мусулман Агайындар" ашынган исламчылбы же аргасыз демократпы?


"Мусулман Агайындар" уюмунун эн белгиси.
"Мусулман Агайындар" уюмунун эн белгиси.

Египеттеги элдик толкундоодогу негизги саясий күчтөрдүн бири "Мусулман Агайындар" исламчыл кыймылы мурда коркунучтуу, кыйраткыч топ катары жектелип келген.

"Мусулман Агайындар" Египетте башкаруучу режим алмашкандан кийин өлкөнү Ислам мамлекетине айлантуу аракетин көздөбөйбү?

Мындан 30 жыл мурун Ирандагы стратегиялык маанилүү, жаркын (секулярдык) маанайдагы мусулмандык өкмөттү кулаткан ыңкылап эмне менен алмашканын бүгүн дүйнөлүк коомчулук алаканга салгандай көрүп турат.

Учурдагы чайпалып турган Египет эми ошол 30 жыл мурунку Ирандын кейпин кийип калбайт деп азырынча эч ким кепилдик бере албайт.

Батыш лидерлеринин көз карашында Египеттеги толкундоолордун очогунда турган "Мусулман Агайындар" кыймылы ал кездеги ирандык айатолла Хомейниге тарапкер топторго түспөлдөшүп кетээри айтыла башташты.

“Ал тургай "Мусулман Агайындар" деп аталыштын өзү эле бир топ нерседен кабар берип тургандай”, дешет батыштык айрым сынчылар.

Египеттин президенти Хосни Мубарак 1-феавалда мамлекеттик сыналгы аркылуу элине кайрылды, 2011-ж
Тагдыры татаалдашып турган Хосни Мубарак 30 жыл керт башынын бийлигин тургузса дагы батышчыл көз карашты карманганы жалпыга белгилүү.

Ал тургай айрым америкалык аткаминерлер президент Обама Египетте түзүлчү жаңы өкмөттө "Мусулман Агайындар" жана башка исламчыл күчтөр басымдуулук кылып кетиши мүмкүн экенин "көз жаздымдан чыгарып салды" деп айтып чыгышты.

Британиянын тышкы иштер министри Уилям Хейг 30-январда мындай деп айтты:

- Биз "Мусулман Агайындар" басымдуулук кылган өкмөттү көргүбүз келбей турганы айдан ачык.

Ал тургай египеттик актер, дүйнөлүк кино казынасын “Аравиялык Лоуренс” тасмасы менен толуктаган Омар Шариф Мубаракты “тактан кет” деп кыйкыргандын келечеги эмне болооруна санааркап:

- Мен "Мусулман Агайындардын" башкаруусун каалабайм. Алар мурда капканда жатса, эми чыгып келе баштады. Соңку шайлоо көрсөткөндөй алар калктын 20% түзөт”, - деп бул чочулай турган көрүнүш экенин кошумчалады.

Мындай жүрөк заадага өткөн жума соңунда Египеттеги төрт абактан качып чыккан миңден ашуун кылмышкерлердин арасында жүздөгөн "Мусулман Агайындардын" мүчөлөрү бар деп кабарланганы дагы кошул-ташыл болду.

Египетте президент Мубарактын тушунда “мокочонун кейпин” кийген "Мусулман Агайындар" кыймылын 1928-жылы Хасан эл-Банна Исламдагы жакшы жөрөлгөлөрдү даңазалоо максатында түзгөн.

Кийинчерээк бул топ Британиянын оторчулук бийлигине каршы күрөшкөн.

Топтун “Ислам – маселе чечүүнүн жолу” деген урааны "Мусулман Агайындар" шарыятка негизделген мамлекет курууну каалайт дегенди да түшүндүрүп келген.


"Мусулман Агайындардын" жаңы жүзү кандай болот?

Лондондогу экономика мектебинин Жакынкы Чыгыш борборунун директору Фауваз Жергес "Мусулман Агайындардын" радикалдык маанайдагы тарыхынан батыштагы лидерлер чочубай, тескерисинче бул топтун келечекке карай прагматикалык кадамдарына көңүл буруусу керектигин айтат.

- "Мусулман Агайындар" Мубарактан кутулууну каалайт. Анан дагы "Мусулман Агайындар" саясий жараянда негизги ролду ойноону каалайт, мында талаш жок. Бирок "Мусулман Агайындар" өлкөнү башкарууга даяр эмес экендигин ачык айтышты, демек бул жерде "Мусулман Агайындар" бийликке жармашып жатабы деген суроо жок. Жаңы курула турган улуттук коалициялык өкмөттө "Мусулман агайиндер" кандай ролго ээ болот – башкы суроо ушул.

Мындан ары дагы Мубарактын ыкмасы менен "Мусулман Агайындарды" “кара сөлөкөт” катары көрсөтүүгө негиз жок, аталган топ узак тарыхый жолунда жетилгенин, эми Египет коомчулугунда, өлкөнүн саясатында негизги ойноочулардын бири болууну көздөөрүн Фауваз Жергес кошумчалады.

Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухамед эл-Барадей, Вена, 2009-жыл
"Мусулман Агайындар" толкундоолорго катышып жаткан башка дагы оппозициялык күчтөр менен бирге экенин ачыктап, эл аралык коомчулукта кадыр барктуу, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммед эл-Барадейини колдоп, учурдагы бийлик алмашууга ортомчу катары сунуштады.

Муну менен "Мусулман Агайындардын" лидерлери Египеттеги негизги саясий күчтөрдүн ичинде экинчи катарды өз ыктыяры менен ээлегендиги айкын болду.

Ал тургай Египеттеги толкундоолор алдында эл-Барадейи интернеттеги Facebook комдук түйүнү аркылуу реформаларга карай деген демилге менен кол жыйнай баштаганда "Мусулман Агайындар" өтө чоң жардам бергенин Лондон шаарындагы Чэттем Хауз борборунун изилдөөчүсү Маха Аззам эске салат.

"Мусулман Агайындар" кыймылынын мурдагы лидери Мухаммед Хабиб анын уюму Египетте Иран моделине шайкеш мамлекет түзүүнү көздөйт деген сөздөрдү тап-такыр четке кагат:

- Биз саясий плюрализмге, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө негизделген, эл гана бийликтин булагы болгон демократиялык өлкөнү түзүүнү каалайбыз. Мамлекетте мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги бири-биринен көз каранды болбогон системага ишенебиз.

Анткен менен кээ бир батыш саясатчыларынын учурдагы Египет менен өткөн кылымдын 70-жылдарындагы Иранды тикелей салыштырганын сынга алган Роберт Таит сыяктуу адистер да бар.

Дегиңкиси, Иран Ислам Республикасындагы азыркы түзүлүш ыңкылап жана референдумда көп добушка ээ болуу аркылуу калыптанганын эстен чыгара албайбыз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG