Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Египетте армия бийликти алып, чукул шайлоо жарыялады


Президент Мухаммед Мурсинин сөзүнөн кийин анын каршылары бут кийимдерин булгап, нааразылыгын билдиришүүдө. Каирдин Тахрир аянты. 3-июль 2013.
Президент Мухаммед Мурсинин сөзүнөн кийин анын каршылары бут кийимдерин булгап, нааразылыгын билдиришүүдө. Каирдин Тахрир аянты. 3-июль 2013.

Египетте күздөн берки саясий тирешүү чыңалып отуруп, тилсиз селдей бийликти шыпырып түшчү же суу себилген оттой түтөп өччү абалга жетип калды.

Президент Мухаммед Мурси “Конституциянын мыйзамдуулугун сактоо үчүн жанын садага чапканга даяр экенин" эскерткен. Ага карабай, миллиондогон адамдар катышкан митингдердин кысымы алдында Армиянын төбөлдөрү конституцияны убактылуу токтотуп, чукул президенттик шайлоого даярдык башталганын жар салышты. Бул жарыя - Египетте президент Морсинин бийлиги аяктаганын билдирет.

Азырынча чукул шайлоо качан болору айтылган жок. Жаны президент шайланганча бийлик укуктары Конституциялык соттун жетекчисине убактылуу берилгени жарыяланды.


Мухаммед Мурси 2-июлда шамдан кийин Египет телеканалынан сүйлөп, президенттиктен кетпесин жана “Конституциянын мыйзамдуулугун” коргоо үчүн өмүрүн бергенге даяр экенин шардана кылды:

- Биз канткенде 25-январдагы революциябыздын жана анын максаттарынын жетишкендиктерин, мыйзамдуулугун сактап кала алабыз? Мыйзамдуулуктун баасы - менин өмүрүм. Мен элдин өмүрү жөнүндө кам көргүм келет.

Президент Мурсинин жактоочулары анын сүрөттөрүн жана өлкөнүн туусун көтөрүп, өкмөткө колдоосун билдиришүүдө. Александрия шаары. 2-июль 2013.
Президент Мурсинин жактоочулары анын сүрөттөрүн жана өлкөнүн туусун көтөрүп, өкмөткө колдоосун билдиришүүдө. Александрия шаары. 2-июль 2013.
Армия Мурсинин сөзүнө бүгүн саат бешке чейин комментарий берилбесин билдирди. Оппозиция өкүлү Мурсинин сөзүн “ачык эле жарандык согушка үндөө” деп мүнөздөдү.

Исламчылар колдогон Мухаммед Мурси былтыр май-июнь айларында эки айлампа менен өткөн шайлоодо 52 процент добуш менен президент болуп шайланган. Анын атаандашы Амр Муса 48 процент добуш алган.

Мурси бийликтин кемчиликтерин моюнуна алды. Бирок “коррупцияны жана эски режимдин калдыктарын” өнүгүүгө жолтоо болууда деп күнөөлөдү. Ал оппозиция менен тил табышуу үчүн айрым чараларга барганга, анын ичинде өкмөттү алмаштырам деп сөз берди.

Бүгүн кечки саат беште - армиянын талабына ылайык - Мурси жана оппозиция бир сөзгө келиши абзел. Антпесе, "Ройтерс" агенттигинин кабарлашынча, армия Конституцияны убактылуу токтотуп, жаңы шайлоо өткөрүү үчүн өткөөл өкмөттү түзмөк болууда.

Оппозиция былтыркы Конституцияны исламчылар өзү каалагандай бычышкан, бул аларга өкмөттү ээлеп алганга мүмкүндүк берди, “Мусулман агайындардын” мүчөлөрү маанилүү кызматтарга Мурсиге жакын болгону үчүн дайындалды деп санайт.

Египеттин эң чоң донору Америка Кошмо Штаттары болсо Мурсини элдин талабын угуп, бир бүтүмгө барууга тийиш деген көз карашты карманат. Шейшемби күнү Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки айым президент Мурсини египеттиктердин үнүнө кулак салууга чакырды:

Шаардыктар менен "Мусулман агайындар" кыймылынын мүчөлөрүнүн жана президент Мурсинин тарапкерлинин Каир университетинин жанындагы кагылышуусунда жарадар болгон адам. 3-июль
Шаардыктар менен "Мусулман агайындар" кыймылынын мүчөлөрүнүн жана президент Мурсинин тарапкерлинин Каир университетинин жанындагы кагылышуусунда жарадар болгон адам. 3-июль
- Демократия шайлоо менен чектелбейт. Элди өз үнү тынч жол менен угулганына ишендирүү ар качан анын (демократиянын) максаты болгон. Сиздерге маалым, президент Барак Обама 1-июлда телефон чалганда, президент Мурсини элдин тынчсыздануусуна жооптуу мамиле кылганын көрсөтүүгө үндөдү жана мамкатчы Жон Керри да муну өкмөт жасачу маанилүү кадам деп эсептейт.

Май айында гана жаштар тарабынан негизделген “Тамарод” (Козголоңчулар) кыймылынын айтышынча, Мурсинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган 22 млн. адамдын колу топтолгон.

30-июнда Мурсинин бийликте отурганына бир жыл толгон күнү жашоо-шарты начарлап кеткенине нааразы болгон жүз миңдеген адамдар чоң шаарларда демонстрацияга чыгышкан. Азыр да миңдеген адамдар Каирде жана башка шаарларда акцияны улантышууда. Алардын негизги талабы - кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү. Мындай жагдайда өкмөттүн алты мүчөсү, анын ичинде тышкы иштер министри өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Эгер Мурси жана көйкашка лидери жок оппозиция бир пикирге келбей калып, армия бийликти колго алса, Мурсинин тарапкерлери кол куушуруп карап турары күмөндүү. Эгер Мурси бийликтен кетип, кезексиз жалпы элдик шайлоо өткөрүлчү болсо, Конституцияга ылайык, жаңы президент шайланганга чейин өлкөнү премьер-министр башкарып турат.

XS
SM
MD
LG