Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Египет: Мурсинин соту январга жылды


Мухаммад Мурси сотко келген учуру, 4-январь, 2013
Мухаммад Мурси сотко келген учуру, 4-январь, 2013

Египетте бийликтен кулатылган президент Мухаммад Мурсинин соту дүйшөмбүдө болмок. Бийликтер анын сотун толкундоолордон чочулап, борбордон алыстагы полициянын академиясына жылдырышкан.

Бирок Мурсиге жана анын “Мусулман агайындар” кыймылынын башчыларынан 14 кишиге каршы сот башталбай жатып эле токтотулду. Анткени Мурси өзү “Мен легитимдүү президентмин, бул маскарапоздугуңарды токтоткула!" деп кыйкырып туруп алган. Аны менен бирге соттолуп жаткан башка кишилер да “Аскерий башкаруучулукка жол жок!” деп кыйкырышканы кабарланууда.

Айрым маалымат каражаттары Мурси сотто айыпталуучунун атайын формасын да кийбей койгонун жазышты. Египетте алгачкы ирет соттолуп жаткан адам эрежеге ылайык, атайын кийимчен турушу керек эле.

Мухаммад Мурси менен “Мусулман агайындар” кыймылынын башка жетекчилерин былтыр декабрда Каирде болгон массалык демонстрацияларда элдин өлтүрүлүшүнө тийиштиги болгон деген таризде соттоп жатышат.

Мурсинин жактоочулары бүгүн элди жалпы нааразылык митингдерине чыгууга үндөшкөндүктөн, бийликтер аны “Тора” түрмөсүндө эмес, Каирден алыс жерде, машине менен жүргөндө бир саатта жетчү жердеги полиция академиясында соттоону чечишти.

Мурсинин адвокаты Мухаммад Тосон журналисттерге сүйлөп, азыр өлкөдө соттолуп жаткан эки экс-президенттин сотунун айырмасын эмнеден көрөөрүн белгиледи.

"Мухаммад Мурси менен мурдагы президент Хосни Мубарактын сотторунун айырмасы - Мубарак массалык демонстрациялардан кийин бийликтен кеткенинде, Мурси болсо дале өлкөнүн легитимдүү лидери. Конституция жана мыйзамдар жагынан караганда, ал азыр да президент. Мыйзамдын тили менен айтканда абал ушундай, калган иштин баары мыйзамсыз", - деди адвокат.

Сот отуруму токтотулгандан кийин Мурсини Александрия шаарындагы катуу корголгон түрмөгө тик учак менен алып кетишкени, ошол учурда соттун имаратынын жанына чогулган митингчилер кыйкырып, тополоң уюштурганы айтылды. Коопсуздук күчтөрү демонстранттарга эскертүү иретинде асманга ок атканы кабарланууда.

Митингчилердин бири Магед Мухаммад: "Бул маскарапоздук эле соту болду. Алар элди алдап, бул реалдуу сот дешет. Биз чындыкты билиш үчүн сот ачык өтүшүн каалайбыз. Эгерде армиянын башчысы, генерал Абдул Фатта ал-Сиси чыныгы эркек болсо, эгер режимдеги башкалар да эркек болсо, анда ачык сот өткөрсүн. Биз ошондо эмне мыйзамсыз болгонун билет элек", - деди.

Эми бийликтен кулатылган президент Мурсинин жана калган «агайынчылардын» соту 8-январда кайра жандандырыла турган болду. Эгерде сот аларды демонстрациялардагы адамдардын өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапса, анда алар өмүр бою түрмөгө отургузулушу же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Мухаммад Мурси былтыр июндагы демократиялык шайлоодон кийин бийликке келген. Быйыл болсо массалык митингдерден кийин 3-июлда өлкөнүн армиясы тарабынан бийликтен кулатылган.


Тасмада: Мурсинин тарапкерлери, Каир, 4-ноябрь.

Египет: Мурсини колдогондордун митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG