Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Египеттеги элдик толкундоолор жаңы сереге чыгууда


Каирдин Тахрир аянтындагы митинг "Мубарак кетсин!" деген ураан астында улантылды. 2011-жылдын 30-январы.
Каирдин Тахрир аянтындагы митинг "Мубарак кетсин!" деген ураан астында улантылды. 2011-жылдын 30-январы.

Египеттин башкы шаарларында толкундоо уланууда. Көчөлөрдө он миңдеген адамдар 30 жыл бийликте отурган 82 жаштагы Хосни Мубарактын президенттиктен кетишин талап кылууда.

Президент Хосни Мубарак 2 күн мурун (ишембиге караган түнү) өкмөттү кызматтан кетирип, коменданттык саат киргизген. Ага карабастан Каир, дагы башка шаарларда массалык каршылык чаралары уланып, дүкөн-банктарды талап-тоноо, өрттөө менен коштолууда. Расмий маалыматта набыт болгондордун саны 100дөн ашып, 2 миңден көп киши жаракат алганы кабарланды. Ал эми "ал-Жазира" сыналгы каналы өлгөндөрдүн саны 150дөн ашып, 4 миңдей киши жарадар болду деп жарыялады.

Египеттин шаарларында миңдеген адамдар коменданттык саатка карабастан түн ичинде көчөгө чыгышты. Алар 1981-жылдан бери башкарып келген Мубарактын бийликтен кетишин талап кылып, кыйкырып жатышат.

Адатта өзүнүн зулумдугу менен элдин жүрөгүнүн үшүн алган полициядан дээрлик дайын жок. Коопсуздукту камсыз кылуу армияга тапшырылса дагы жоокерлер кыжырланган элге күч колдонбой обочо тартып турат.

Айрым жоокерлер жана офицерлер элдик толкундоого боор тартып турганы да чет элдик сыналгы каналдарында чагылдырылды.

Каирдин Тахрир аянты массалык толкундоонун 6-күнү
Жекшембиде (30-январда) кечкурун президент Хосни Мубарак аскердик штабга келип, ишембиде дайындалган коргоо министри Мохаммед Хусейин Тантави баш болгон жогорку даражадагы аскербашчылар, чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси, жаңы дайындалган вице-президент Омар Сулейман менен жыйын куруп, акыркы кырдаалды талкуулашты.

Чукул болгон сүйлөшүү өлкө боюнча от алып бараткан каршылык чараларына кандай "дабаа табуу" керектиги жөнүндө болгон шекилдүү.

80 миллион калкы бар Египеттеги массалык толкундоолор өлкөдөгү жакырчылык, паракорлук, адам укуктарынын бузулушунун көп жылдык жыйындысынын ириңи эми гана жарылгандай таасир берет.

Египет: туңгуюктун түбү кайда?...

Карапайым адамдар топтолуп үй-жай, дүкөн, башка жеке мүлктөрүн коргоонун камын көрүүдө. Баш аламандыкта талап-тоноочулук, зордук зомбулук да күч алды. Каирдин түштүгүндөгү Вади эн-Натрун түрмөсүнөн 5 миңден ашуун киши кароолчуларды өлтүрүп качып кетишти. Башка абактардан да кылмышкерлер качып чыкканы кабардалды.

Жекшембиде Каирдин үстүндө тик учактар, шаар ичинде танкалар толуп, коопсуздукту камсыз кылуунун аракетин көрдү.

Бирок аскерлер турбаган көчөлөрдөгү дүкөн, банктар карактоочулардын колунда калды. Ал тургай Каирдеги дүйнөгө таанымал Улуттук музейден байыркы замандагы баа жеткис буюм-тайымдар уурдалганы маалым болду.

Лондондогу Чэтем Хауз (Chatham House) борборунун серепчиси, түбү египеттик Маха Аззам Египеттеги кырдаал дагы татаалдашып чөлкөмдүк деңгээлге чыгат ко деп жоромолдойт:

- Мубарак бийликтен кетээри айдан ачык болуп калды. Кыжырданган эл башкаруучу режимдин алмашуусунан башка эч нерсени кабыл албайт. Мубаракты алып түшүү - алдыдагы өзгөрүүлөрдүн алгачкы кадамы гана”, -
деп Маха Аззам Мубарактын президенттиктен кетиши менен эле көйгөй чечилип калбастыгын айтты.

Мухамед эл-Барадей Каирдин Тахрир аянтында нааразылыкка чыккандар арасында, 30-январ, 2011
82 жаштагы Хосни Мубарактын кетишин катуу талап кылгандардын бири - оппозициялык ишмер, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси, Эл аралык өзөк кубаты агенттигинин мурдагы жетекчиси Мухаммед эл-Барадейи мырза.

Мухаммед эл-Баррадейи 27-январда Австриянын ордосу Вена шаарынан Каирге учуп келип, оппозициялык нааразылык жыйындарга кошулган.


Жекшембиде ал СNN сыналгысына берген маегинде «Мубарак бүгүн кызматтан чегиниши керек» деп айтты.

Ошол эле кечте эл-Барадейи Каирдин борбордук аянтындагы он миңдеген адамдардын катарында туруп, Мубаракты кызматтан кетип, Египетте өткөөл өкмөт түзүүгө мүмкүндүк берүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG