Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:38

Саясат

Кыргызстан менен Египеттеги окуяларда байланыш барбы?

Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Кыргызстандагы окуялар Түндүк Африка өлкөлөрүнө түз болбосо да кыйыр таасир тийгизди деп эсептейт.

Хосни Мубарактын режимине каршы чыккан демонстранттар, Каир, 30-январь.
Текст көлөмү - +
"Азаттык": Египеттин башкы шаарларында толкундоолор токтобой, 30 жыл бийликте отурган 82 жаштагы Хосни Мубарактын президенттиктен кетишин талап кылууда. Тунисте да ыңкылаптан кийин бийлик алмашты. Буга чейин мындай көрүнүштөр айрым постсоветтик өлкөлөрдө орун алган. Демократиялык жараяндар ушинтип Африка аймагына да жетти десек болобу?

Абдыганы Эркебаев: Менимче, бул башталышы эле, дагы уланат деген ишенимдемин. Ушундай окуялардын келишине өзүнчө негиздер болду окшойт.

"Азаттык": Кандай негиздер?

Абдыганы Эркебаев: Биринчиден, бийликти өзүнө менчиктеп алгандай болуп ушунчалык көп отургандык. Анан бара-бара өзүнүн баласына, же башка кишиге таштап кетиш, монархия сыяктуу аракеттер жана биздин Кыргызстандагыдай элдин калың катмарынын социалдык-экономикалык абалы, айрыкча жумушсуздуктун өрчүшү болду. Анан сөзсүз түрдө элге карата болгон бийликтин мамилесинин авторитардык, диктатордук мүнөзү таасирин тийгизбей койгон жок.

"Азаттык": Айрым серепчилер Тунис менен Египетте болуп жаткан окуялардын Кыргызстан менен байланышы бар экенин айтышууда. Кандай байланыштар болушу мүмкүн?

Абдыганы Эркебаев: Бул жерде тикелей байланыш бар деп айтканга болбойт. Бирок азыр ааламдашуу шартында кайсыл бир жерде кандай чоң окуя болбосун ал сөзсүз ММКлар аркылуу кетип жатпайбы. Менимче, өткөн жылы Кыргызстанда болгон окуялар дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кыйыр түрдө импульс катары таасири сөзсүз болушу мүмкүн. Анткени окуялардын маңызы, жүрүшү, башталашы дагы окшош болуп жатпайбы. Бирок буларда сөзсүз айырмачылыктар бар.

"Азаттык": Кандай айырмачылыктар бар?

Абдыганы Эркебаев: Буларда көрдүңөр, биринде жыйырма беш жыл, биринде отуз жыл отурган бийликтен эл минтип чарчабай да койбойт. Андан тышкары олуттуу эки айырмачылык бар. Биринчиси, Американын мурдагы президенти Буштун убагында эле “Жакынкы Чыгыш” деген чоң доктрина иштелип чыгып, ошол жакты демократиялаштырууга аракет башталган. Экинчиден, окуянын жүрүшүндө ачык көрүнүп турган нерсе  - диний фактор, айрыкча исламдын фундаменталдык мүнөздөгү күчтөрү түздөн-түз аралашып жатат. А бизде болсо мындай эки жагдай болгон жок болчу.

"Азаттык": Тунистеги ыңкылаптын эпкини коңшу Египетке да өтүп, демонстранттар бийликтин кетишин талап кылып жатат. Борбор Азия чөлкөмүндө да жыйырма-отуз жылдан бери бийликте отурган режимдер бар. Африкадагы революциянын эпкини Борбор Азия чөлкөмүнө таасир этиши мүмкүнбү?

Абдыганы Эркебаев: Сурооңузду абдан туура түшүнүп турам. Египеттеги окуялардын натыйжасын көрөбүз го. Бирок башта айтып кеткендей сөзсүз анын таасири тийбей койбойт.

"Азаттык": Тунис менен Египетте ислам жол-жоболору бекем орун алганы белгилүү. Бирок ошого карабастан талап-тоноочулук ал жакта да болууда. Буга чейин мындай көрүнүш пост-советтик өлкөлөргө таандык деп айтылып жатты эле. Демек талап-тоноочулук кандай өлкө болбосун коомчулуктун социалдык-экономикалык абалынан көз каранды десе болобу?

Абдыганы Эркебаев: Сөзсүз. Биринчиден элдин оор абалы, жакырчылыгы. Экинчиден саясий маданият, укуктук маданияттын жоктугу. Муну сөзсүз баса белгилешибиз керек. Эч убакта Европада, Батыш өлкөлөрүндө мындай болбойт. Кээде талап тоноочулук Францияда, Испанияда болуп калганын көрүп калабыз, бирок ага дал ошол Африка, чыгыш жактан барган жаштар катышып жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жанета каяктан: Бишкек
01.02.2011 11:11
Исламдын өнүгүшүн көрө албай ичи күйгөндор, демократияны жамынып алып, ичтен иритип, элди бузуп жатат. Алардын максаты элди аракка сугарып, наркотикага уулап, акыры манкурт кылып башкаруу. Мындай процесс дуйнө жүзүндөгү коп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да бар.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.02.2011 14:26
Afganistandagy narkomandar - talipter, Irandagy uurular = bijlikte oturgan moldolor, tunis, egipette biylikti 30 jyl basyp turgandar musulmandar. je jalganby? musulman dese ele asmandan tusho kalgan biroo dep oiloisungbu? mamleket korruptiyalashkan bolso, musulmanga karabait. musulmandyn da kursagy bar.
Пикирге жооп

кимден: osh каяктан: jalalabad
01.02.2011 13:52
oooba koshulam pikrinizge kirgizstandagi okuyalarga da oshollor sebebchi biylikti ketkezdi jana iki musulmandi birbirini qarshi qilip koydu (biylik kancha almashmpasin eldin aytkani bolboyt osholordu aytkani bolot sebebi mina jamani ketip ech kachan andan jakshisi kelbeyt) ....soz kop suylogonuu, kaygibizda oor birok albette bir kun kelet alar joop beret........



кимден: kolduk kyz
01.02.2011 03:13
Bizdegi jana bul 2 arab olkosundogu negizgi okshoshotuk- mamlekettik dengeeldegi korrupciya, jumushsuzduk, jakyrchylyk.

кимден: Ак-47
31.01.2011 19:14
Бизде болгон жана алардагы болуп жаткан революцияны окшош деп айтууга себеп жок. Бир гана эки мамлекеттин жашоочуларын ач көз президент курулай сөз менен эмгизгени болбосо, башка айырмасы деле жок. Ким Египетте болсо, менин сөзүмө түшүнөт.

кимден: manas kg каяктан: Francia
31.01.2011 18:29
Кечиресиз Абдыганы Эркебаев, эч кандай араб мамлекетинен келеген жаштар же мага окшоп чет жактан Францияга барып жашап жургон жаштар башаламан учурунда уурдап тоноого катышпайт. Сиз батыш менен Америка олкосундо жашап корбой туруп аларды ото маданияттуу кылып койдунуз, андай эмес, кыргызда макал бар "Коп жашаган копту билбейт, Копту коргон копту билет дейт" Мен мактанбай эле айтып жатам, мына мен жашоонун айынан Европа, Америка, араб мамлекетерин коруп келгенм ии азыр Францияда журом. Европа менен Америка олколорундо чыныгы тургундары арака, ийнеге, нашага жаштары сугарылып бутушту, эгер бир митинг болсо ошол мамлекеттин жаштары оздор башаламанды уюштурушат. Биздин чондордун козун май басып Батыш менен Европаны эле мактап калышыптыр го. Ушундай чалдарды окмоттон кетирип жаштарды коюшпайбы, баягы эле Акаев, Бакиевдердин учурундагы чалдар. Эмне жаштардын колунан эч нерсе келбейт бекен келет мына мен адистигим менен (Кан.Нау.) Саясат таануучумун, мен деле иштемекмин бирок озу учурунда мени мамлекеттик жумушка албай койгон, акча сурашып.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.02.2011 14:31
Kan. Nau, oilop korsong, emnege arabtar kotorulup atat? antkeni bir kishi biylikti basyp algan. frantsiyada emne biylikti basyp aluuga araket bolboit, sebebi bijlikke shailoo arkaluu kele alasyng, bashyng ishtese, el seni eerchise. A.Erkebaevdin maeginde oshol ayrmachylyk jonundo soz bolup jatat. ar jerde kochup, konun jursong ele baaryn bilip kaldyngby? ilimdi, anyn ichinde saysatty taanysh uchun, kochuktu bir jerge koyup, okush kerek kundop tundop kitep degendi. Kan Nau. dep koet dagy ozun.

кимден: Adel каяктан: Egypet
31.01.2011 18:12
Ой кыргзстндагы болгон окуялар эч кандай араб мамлекеттерине таасирин берген жок, Биздин мамлекетте эмне болгонун эмне боуп жатканын алар эч нерсе билишпейт себеби биздин КЫРГЫЗ деген мамлекетибизди маданият, илим-билим, жана башка тармактар боюнча дуйно жузуно биздин чондор тааныткан эмес. Аларда болгон окуя 1981 жылдан бери келе жаткан окмоттун сисстемасы кокосуна жетти ошондуктан чыгып жатышат.

кимден: Илияс Сексенбай
31.01.2011 13:01
Тунис окуясы вирус сымал араб дүйнөсүн каптады.Азыркы Египеттеги болуп жаткан окуя көп жылдар бою чечилбей келген социалдык-экономикалык маселелердин жыйындысы.Бийликте көп отуруу жана андан ашкере пайдалануу эч бир диктаторго сый алып келген эмес. Анын үстүнө азыркы ааламдашуу мезгилинде маалымат деген учкан куштай тез тарап, элдин аң-сезимин эркиндик деген нерсе ээлеп алууда.Бийлик алмашуу, революция деген саясий кубулуштар акыры биздин коңшу мамлекеттерди да камтыйт.Бирок ушундай процесстер кандай багытта өнүгөт убакыт көрсөтөт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)