Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Малайзиядан билим алуу дүйнөгө эшик ачат


Малайзия, Куала-Лумпур.
Малайзия, Куала-Лумпур.

"Малайзия жеке эле билим эмес, адамдын жашоосун толугу менен өзгөртөт" дейт бул өлкөдө билим алган кыргызстандыктардын бири. Малайзияны бекеринен "Азиянын Британиясы" деп аташпайт.

Дал ушул Малайзияда Британия, Австралия баштаган өлкөлөрдүн мыкты деген университеттери жайгашкан. Аларга өтүп окуу менен дүйнөлүк үлгүдөгү диплом алса да болот.

2015-жылдагы иликтөө боюнча, эң мыкты дүйнөлүк жогорку окуу жайлар тизмесине кирген Британиянын Ноттингем, Австралиянын Монаш университеттерине тапшырууга мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары анда Саузхемптон, Ридинг аттуу британ университеттеринин медициналык, техникалык факультеттери да ачылган.

Сагын Балтабаев
Сагын Балтабаев

Сагын Балтабаев бала кезинде Малайзияда окууну кыялданган деле эмес. Ал, тескерисинче, Орусиядагы федералдык чалгын кызматынын окуу жайына өтүүнү каалачу.

- Сынактар болду, менин даярдыгым абдан жакшы эле. Себеби эки жыл бою тынбай даярдангам. Дене тарбия, логикалык билим сынактарын, англис тилинен мыкты тапшыргам. Бирок жыйынтык чыкканда өзүмдү тизмеден көрбөй, аябай таң калдым. Көрсө Орусиянын бул окуу жайына орундар биздин өлкөдө алдын ала эле сатылчу экен. 2004-жыл эле. Өтпөй калганыма аябай арданып, ыза болдум.

Минтип кыялы орундалбай калгандан кийин Сагынды ата-энеси Малайзияга жиберишет. Алгач жөн гана сынакка өтпөй калуунун ызасынан алагды болсун деген ниетте болушкан. Бирок бул сапар анын жашоосун өзгөртүп, үч жарым жыл Малайзиядагы АКШ университетинде окуп, 10 жылга чукул бул өлкөдө жашап, иштеп, алтургай «Малайзиядагы кыргызстандыктардын» коомун да жетектейт.

Азыр ал мекенине кайтып келип, кыргызстандык жаштарды Малайзияга окууга жиберүү үчүн атайын жеке фирма ачкан. Ал бизге бул өлкөнүн артыкчылыктарын санады.

- Малайзиянын эмне артыкчылыктары бар? Ал жакта эки жыл окугандан кийин Австралия, Англия, Америка Кошмо Штаттары же Европанын окуу жайларына барып, дагы билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анан эки диплом аласыз. Биринчиси - Малайзияныкы, экинчиси - сиз окуган окуу жай кайсы өлкөгө таандык болсо, ошол өлкөнүкү. Анан жашоосу Европадан эки эсе арзан. Бирок ошол эле стандарттарда билим алып, жашайт. Үчүнчүсү - эки өлкөнү көрө аласыз. Азиянын өнүккөн Малайзиясын, анан Европа өлкөлөрүн...

Жаңы мүмкүнчүлүк

Быйыл Малайзиянын Kolej Mentari университети кыргызстандык абитуриенттер үчүн 10 стипендиялык орун бөлдү. 2006-жылы ачылган бул окуу жайда азыр информациялык, байланыш технологиялары, укук мектеби жана бизнес факультеттери бар. Кабыл алуу февраль айынын башында башталган. 15-мартка чейин тийиштүү документтерди Билим берүү министрлигине алып барса болот.

Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султанов талап кылынган документтерди санады:

- Биринчиден, мектепти бүткөнүн тастыктаган аттестат, англис тилиндеги котормосу жана кыргыз же орус тилиндеги түп нускасы, паспортунун көчүрмөсү, англис тилин билгенин тастыктаган ILTS сертификаты, сүрөт жана медициналык маалымдама болушу керек.

Элчинин айтымында, Малайзия окуу жайына өткөн кыргызстандыктар акысыз билим ала алышат. Бирок жол киреси жана башка чыгымдарын өздөрү көтөрүшү керек. Азыркы тапта Малайзияда 150гө чукул кыргызстандык студенттер билим алышууда.

Азиянын «Англиясында» баалар арзан

Университеттин келишимдик төлөмдөрү да башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла арзан. Educate фирмасын жетектеп, азыр абитуриенттерди Малайзияга жиберип жаткан Сагын Балтабаев баалар тууралуу мындай дейт:

- Университеттердин келишимдик төлөмү 2500дөн 5 миң АКШ долларына чейин болот. Бир айлык жашоого кеткен каражаттын суммасы болжол менен 300 доллар. Мунун ичине тамак-ашы, жатакана акысы жана коомдук транспортко кеткен жол акысы кирет. Биздин фирма аркылуу кетип жаткан студенттердин көбү кондоминимум деп аталган студенттик шаарчаларда жашашат. Ал жакта 24 саат күзөт кызматы, бассейн, спорт зал бар.

Эми бул өлкөдөгү дүйнө мыктыларынын тизмесине кирген айрым жогорку окуу жайларга кайрылсак, Малайа университети Малайзиянын эң мыкты жана эски университеттеринин бири. Борбордук корпусу Куала-Лумпурда. 17 миң студенти бар, алардын үч миңи чет элден барып илимий изилдөө жасагандар. Дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин катарында турат. Компьютердик технология, инженерия жана педагогика тармагында билим алгысы келгендер бул окуу жайды тандай алышат. Бир нече акысыз билим берүү программалары бар. Алар тууралуу кененирээк маалыматты http://www.um.edu.my веб сайтынан алса болот.

Малайзиянын илим изилдөө университети, эң мыкты дүйнөлүк жүз окуу жайдын катарында 31-орунда турат. Анда экологиялык, айлана-чөйрөнү коргоо, климатты изилдөө жаатында мыкты долбоорлор ишке ашууда. Мындан тышкары Малайзиянын технологиялык университети, Кебангсаан окуу жайы да дүйнөлүк мыкты ЖОЖдор тизмесинде.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG