Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Электр тарифи фазасына карап өсөт...


Токтогул суу сактагычында иштеген адистер. 2013-жыл.
Токтогул суу сактагычында иштеген адистер. 2013-жыл.

Жогорку Кеңештин профилдик комитети 23-июндагы жыйынында электр энергиясына тарифтер боюнча өкмөттүн сунушун колдоп берди.

Эми маселе парламенттин күн тартибине киргизилмекчи. 1-июлдан тарта өзгөрүлө турган тариф саясаты жана андагы жаңы өзгөрүүлөр кандай?

Парламенттеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасынпайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, комитет өкмөттүн электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясаты жөнүндөгү долбоорун карап, ага өзүнүн кошумчаларын киргизүү менен колдоп берди:

- 1 сом 20 тыйындык тариф үч фазаны пайдаланган учурда гана колдонулсун. Пайдаланбаган учурда 70 тыйындан саналып, эки түрдүү эсеп жүрсүн деп бердик.

Рыспаевдин пикиринде, жаңы тариф саясаты бүгүн - эртең парламенттин кароосуна коюлат.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдун айтымында, тарифтерди көтөрүүдө жаңы жагдайлар пайда болду. Маселен, мурда бардык абоненттерге инфляцияга жараша жыл сайын бааны көтөрүп туруу каралган болсо, ал алынып салынды. Көпчүлүк керектөөчүлөргө баа 70 тыйындан калды деди Артыкбаев:

-Тариф 70 тыйын бойдон калды. Инфляцияга жараша өзгөрүлбөйт. Кошумча да кошулбайт. 70 тыйындан бир фаза колдонгон элге ордунда калды. Ал эми үч фаза колдонгондор электр энергиянын 48% алып коюп жатат.

Артыкбаевдин айтымында, мына ошол үч фаза колдонгон абоненттер үчүн тариф көтөрүлүп, алар бир киловатт саат электр энергиясына 1 сом 20 тыйындан төлөшөт.

Тарифтер 1-июлдан баштап мына ушундай тартипте көтөрүлсө, быйылкы жылы энергетика тармагы 550 млн. сом кошумча каражат табат. Албетте, 5 млрд. сомдун тегерегинде тартыштыкка тушугуп жаткан энергетика системасы үчүн бул жетишсиз. Бирок тарифти көтөрүүнүн негизги максаттарынын бири электр энергиясын, Токтогулда сууну үнөмдөө болуп жатканын, Артыкбаев белгилеп кетти.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаевдин айтымында, үч фаза колдонгон 4% керектөөчү жалпы электр энергиясынын 48% электр алып коеру маалымдалды. Мына ошолорго тарифтин көтөрүлүшү комитетте колдоо тапты:

-Ошол 4% абонент 48% алып коет экен. Ошон үчүн комитеттен колдоо тапты. Жалпы элге болгон баа 70 тыйын өзгөрбөйт. Андан сырткары инфляцияга жараша көтөрөбүз деп жатышкан, эми инфляцияга дагы өзгөрбөй турган болуп бекилди.

Белгилеп кете турган нерсе, инфляцияга жараша тариф өзгөрүлсө, анда айлык акылар да инфляцияга жараша көтөрүлүшү керек деген мыйзам ченемдүү суроо пайда болот.

Албетте, электр энергиясына тарифтерди көтөрүүгө каршы чыккан адистер жана депутаттар дагы бар. Маселен, депутат Өмүрбек Абдырахманов тарифтерди көтөрүүдөн мурда, коррупция, жоготууларды кыскартуу керек дейт:

- Биринчи кезекте бардык уурдоо, талап-тоноолорду, ортомчу компанияларды жоготкула, тартип орноткула, андан кийин гана бааны көтөрүү жөнүндө сөз кылууга болот дейбиз. Аны жоготпой туруп, тарифтерди көтөргөн менен эч пайда жок.

Өз кезегинде министр Артыкбаев энергетика тармагында коррупцияны, жоготууларды кыскартуу боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатканын белгилеп, мисал катары жоготуулар 2013-жылы 2012-жылга салыштырмалуу 3.2% кыскартылып, 17.9% болуп калганын, 500дөй текшерүүчүлөр кызматтан бошотулганын атады. "Бирок тармактагы коррупцияны тез эле жоготуу мүмкүн эмес. Буга каршы күрөштө эл дагы жардам бериши керек"- дейт Артыкбаев.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG