Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Кумтөр: биргелешкен ишкана маселени чечеби?


Кумтөрдөгү кечки көрүнүш, февраль, 2013-жыл
Кумтөрдөгү кечки көрүнүш, февраль, 2013-жыл

Бишкекте Кумтөр боюнча канадалыктар менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсү соңуна чыгуу алдында турат. Маалыматка караганда, эки тарап Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашып, андагы үлүштөр боюнча талкуу жүргүзүүдө. Жаңы шартта “Центерра голд инктин” жана анын акционерлеринин ролу кандай болоору белгисиз.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра” жетекчилиги 17-августан бери Бишкекте сүйлөшүү жүргүзүп келатат. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин 20-августа Тажикстанда, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Мирослав Енч менен жолугушуу учурунда билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүү түшүнүшүү маанайында өтүп жатат жана анда жакшы жылыштар бар. Жыйынтыгы болсо сентябрь айында парламент кароосуна берилет.

Буга чейин Жантөрө Сатыбалдиев эки тарап “Кумтөр оперейтинг компани” жана “Кумтөр голд компанининин” негизинде биргелешкен ишкана түзүп, ага 50 пайыздан ээлик кылуу макулдашылып жатканын билдирген. Биргелешкен ишканага бир жыл кыргыз тараптын өкүлү жетекчилик кылса, экинчи жылы канадалыктар болмокчу.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Акылбек Маралбаев сүйлөшүүлөр соңуна чыгуу алдында экенин 21-августа билдирди. Анын айтымында, шаршемби кечинде тараптар жыйынтыктоочу жыйынга чогулат. Сүйлөшүүлөр биргелешкен ишкана түзүү багытында жүрүп жатканын Маралбаев тастыктады:

- Ошонун (биргелешкен ишкана түзүү) негизинде жүрүп жатат. Азыркы кезде кимде канча пайыз болору негизги маселе болуп жатат.

Маралбаевдин айтымында, кыргыз өкмөтү биргелешкен ишканада мүмкүн болушунча көбүрөөк үлүшкө ээ болууга аракеттенүүдө.

Бирок бул ишканада кирешелер, казылган алтын кандай бөлүнөт деген суроо турат. Эгерде үлүшкө жараша теңме-тең бөлүнсө, анда “Центерранын” ролу кандай болот деген суроо жаралат. "Бул суроолорго жооп сүйлөшүүлөр соңунан кийин болот",- дейт Маралбаев.

Бул маселенин кандай өңүттө чечилиши түшүксүз дейт Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков:

- Азыр биргелешкен ишкана түзүлөт деп жатышат. Ошол компаниянын 52 же 51% Кыргызстандыкы болот деген маалымат бар. Калган азыраак бөлүгү канадалыктарга же акционерлерге өтөт деген сөз. Мындай болгондо ошол жерде өндүрүлгөн продукциянын 52% же 51% бизге өтүш керек. Калган бөлүгү акционерлерге кетиш керек. Бул аябай кызык чечим. Анын механизмдери мен үчүн түшүнүксүз.

Оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров Кумтөрдү 100% мамлекетке алынмайын маселе чечилбейт, ал эми 50% пайыздан ээлик кылуу аракети элди кезектеги алдоо деп эсептейт.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев биргелешкен ишкана түзүүнү колдоп, бирок сүйлөшүүдө кыргыз тараптан тоо-кен адистеринин жоктугу тынчсыздануу жаратууда дейт:

- Консультативдик комиссия түзүлгөн. Анын ичинде да, анын сүйлөшүү жүргүзгөн топтун ичинде да тоо-инженери жок. Баары тоо-инженерлиги менен түшүнүгү жок адамдар. Кандай кылып, эмне кылып чечип жатканы белгисиз. Ошондуктан бул жерде дагы көптөгөн катачылыктар кетип калат деп ойлоп атам.

​Акылбек Маралбаевдин айтымында, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматтар бейшемби күнү болуп калышы күтүлөт.

Белгилеп кете турган нерсе, Кумтөрдүн Кыргызстан бюджетине салымы өтө деле олуттуу эмес. Маселен, келерки жылы башкы алтын кен 3 млрд. сомдун тегерегинде салык төлөрү бюджетте көрсөтүлгөн. Республиканын бюджетинин кирешеси болсо 91 млрд. сом деп белгиленген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG