Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:37

Экономика

Тарифтердин көтөрүлүшүн кымбатчылык коштойт

Кийинки жылы жылуулукка жана электр энергиясына болгон баалар өсөт. Бул өз кезегинде бардык товарлардын кымбатташына алып келмекчи.

x
Текст көлөмү - +
Электр энергиясына, жылуулукка, ысык сууга болгон баалардын эселеп көтөрүлүшү өлкөдөгү дээрлик бардык товарлардын кымбатташына алып келмекчи. Экономисттердин айтымында, келаткан кымбаттоолорду эч ким токтотуп кала албайт. Анткени, экономика мыйзамдары боюнча өндүрүш ишканалары болобу, тейлөө кызматы болобу, бардыгы тең электрге, жылуулукка кеткен чыгымдарын эсепке алышат.

Адистердин айтымында, ушул сыяктуу факторлордон улам кийинки жылы инфляциянын деңгээли 15-20 пайызга жетиши да мүмкүн. Улуттук банк болсо келерки жылы инфляция деңгээли 15 пайызга жакындаарын болжоодо.

“iCAP investment” компаниясынын директору Бакай Жунушевдин айтымында, Кыргызстанда товарлардын дээрлик бардыгыэлектр энергиясынын жардамы менен өндүрүлөт. Андыктан, тарифтердин көтөрүлүшү бардык товарлардын өздүк наркынын өсүшүнө алып келет:
Бакай Жунушов

- Тарифтердин көтөрүлүшүнүн эң эле терс жагы, бул - биздин экономикага катуу сокку болот. Элдин жашоо деңгээлине таасири тийет. Булар айтып атышпайбы, “электрге бааларды көтөрөбүз, бирок компенсация кылып беребиз” деп. Компенсациядан пайда деле болбойт. Анткени, бул жерде тарифтер жалпы бардыгы үчүн көтөрүлүп атат да. Ошол себептүү дароо эле азык-түлүккө, кийим-кечеге болгон баалар өсөт. Дегеле бардык товарлардын баалары 20-50 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Албетте бул карапайым элге катуу тийет.

Тарифтердин көтөрүлүшү менен товарлардын кымбаттай тургандыгын премьер-министр Данияр Үсөнов да моюнга алган болчу. Анын айтымында, келерки жылы нандын баасы эки пайызга гана кымбатташы мүмкүн.

Мурда ишкерлер 1 киловатт электр энергиясына 1 сом 36 тыйын төлөп келишкен болсо, кийинки жылы 1 сом 50 тыйындан төлөшөт. Ал эми ортодогу 14 тыйын айырма товардын баасына көп деле таасирин тийгизбейт дешет.

Бирок ишкерлердин айтымында, бул жерде көтөрүлүп аткан бардык тарифтерди эске алуу керек. Жылуулукка, ысык сууга, электрге, ошондой эле кыймылсыз мүлк салыгына кеткен төлөмдөрдү чыгаргандан кийин товарлардын баалары кыйла эле өсмөкчү.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдырасаковдун пикиринде, өкмөт кымбаттоолор болушуна байланыштуу колдон келишинче чара көрүп атат. Буга байланыштуу айлык-акылар, жөлөк-пулдар, пенсиялар көбөйтүлүүдө:
Бейшенбек Абдырасаков

- Согушка катышкандар 7 миңден алышат. Ооганчылар, чернобылчылар, майыптар, ардагерлер да мурдагыдан көп жөлөк пул алышат. Бюджеттегилерге дагы жардамдар каралган, айлыгы аздарга жөлөк пул берилген турат. Бул жагынан өкмөт колдон келгенин кылып атат.

Ошондой эле депутат Б.Абдырасаковдун айтымында, электр энергиясындагы жоготуулар 40 пайыз, газ тармагындагы жоготуулар 25 пайыз, жылуулук тармагындагы жоготуулар 15 пайыздан ашат. Бул – орточо эсеп менен 10 миллиард сомго барабар. Ошол себептүү энергетика тармагындагылар оболу ушул жоготуулардын жолун бууса болмок.

Ошентип кийинки жылы тарифтердин өсүшү гана эмес, товарлардын кымбаттай турганы да коомчулуктун чөнтөгүнө катуу тиймей болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Баки каяктан: Баткен
09.12.2009 12:01
Электр энергиясына болгон баанын кымбатташы менен азык-түлүктөр, товарлар, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын баары кымбаттайт, муну кичине бөбөктөр да билишет. Биздин чиновниктер 2-3% кымбаттайт дейт, кантип, мен ишкер болсом, көтөрүлгөн баа канча болсо ошого жараша товарларымды да кымбаттатам, башка дагы жоготуулар бар, экономист болуунун кажети жок, элдин баары экономист болуп бүткөн. Андан көрө энерго сектордогу коррупцияны азайтуу керек, бул сектор элдин колунда болуусу керек, сатуу менен эч пайда ала албайбыз, кайра дагы баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Дайыма эле башка өлкөлөрр менен салыштыра беребиз, аларда мындай, биз да ошого жараша көтөрүшүбүз керек деп, алардын алган айлыгы биздикине салыштарганда канча эсе көптүк кылат. Эх, айта берип сөз да калбады, мына биздин шайлаган Президентибиздин бизге көрсөтүп жаткан кызматы!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)