Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Интернет кимдики?


Интернет алгач АКШда 43 жыл мурда жаралгандан бери cоңку кезде “Аны ким башкарышы керек?” деген талаштуу маселе жаралды.

Дүйшөмбүдө Дубайда 12 күндүк эл аралык конференция башталды. Жабык өтүп жаткан бул жыйынга ааламдагы дээрлик бардык мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда. Алар глобалдык байланыш желеси – интернет мындан ары кантип башкарылышы керектигин талкуулап жатышат.

Азырынча интернет АКШдан башкарылат, бирок айрым ири державалар IP даректер менен домендерди башкаруу милдетин “бир мамлекет көзөмөлдөгөнү туура эмес” деп, бул милдет Бириккен Улуттар Уюмуна берилишин колдоп жатышат. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. Адам укугун коргоочу активисттер менен медиа-эксперттер “бул аракет авторитардык режимдерге өз өлкөсүндөгү сөз эркиндигин чектөөгө шарт түзөт” деп камтамачылыгын билдиришти.

Интернетти ким башкарышы керек? Эмне үчүн бул маселе мынчалык маанилүү?

1990-жылы америкалык атактуу социолог жана футуролог Элвин Тоффлер жаңы цивилизация жөнүндө “Бийликтин метаморфозалары” деген атактуу эмгегин жазган. Ошондо ал адамзаттын өнүгүшүндөгү үч негизги толкунду: айыл-чарба, индустриалдык цивилизациялардан кийин эми үчүнчү толкун - “маалымат коомунун” доору келгенин атады. Анда футуролог “маалымат доорундагы” көңүл башка нерселерге эмес, жогорку технологиялардын өнүгүшү менен бийликтин өзгөрүшү тууралуу айткан эле. Андан бери дээрлик 23 жыл өттү. Канчалык деңгээлде Тоффлердин айткандары чын чыкты?

Алмаз Кадыркулов, Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш агенттигинин төрагасы (Дубайдагы конференциядан билдирет):
Биз интернет боюнча кандай маселе болбосун, IP адрестер же домен менен байланышкан маселелерде, бир өкмөттөн сурап иш кылганга мажбур болуп жатабыз. Азыр мындай башкаруудан кетели деген ойду колдоп турабыз. Ар бир өлкө өзүнүн ресурсуна ээ болушу керек. Бирок бул ишкердик процесстерге же цензурага тиешелүү маселе эмес, аны менен эч кандай байланышы жок. Ушул суроонун айынан азыр талкууда карама-каршылык жаралууда. Кыргызстандай эгемен өлкөлөрдүн көз карандысыз институттары бар. Интернет да ошондой эле ресурс болушун колдошубуз керек.
(талкуунун толук аудиосун угуңуз)

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:46 0:00
Түз линк

Галым Бокаш, “Азаттыктын” казак редакциясынын баяндамачысы: Казакстандын интернетти башкарууга карата позициясын бүгүнкү күнгө чейин өкмөт жасап жаткан чектөө аракеттеринен эле баамдоого болот. Азыркы тенденция – Казакстанда интернетти локалдаштыруу, өлкөнүн өзүндө гана ылдам иштей турган, тез ачыла турган байланыш сайттарын, электрондук дарек, блог-платформаларын, маалымат алмашуу булактарын түзүү. Маселен, акыркы кездери кеңири колдонула баштаган nur.kz порталы. Бул Казакстандын “Яндекси”.
Авторитардык режимдер үчүн интернетти башкаруу укугу БУУга өткөнү жакшы. Анткени дүйнөдөгү эңгезер өлкөлөргө маселени уюмдагы Коопсуздук кеңеши сыяктуу органдарда добуш берүү аркылуу чечүү оңой болуп калат. Андай болгондо АКШ, башка мүчөлөрдөй эле болгону бир гана добушка ээ мамлекет катары каралат. Бул Орусия сыяктуу авторитардык режимдерге пайдалуу нерсе. Орусиядан да алдыга кеткен Казакстанда, маселен, бийлик өзүнө ыңгайсыз интернет-сайттарды “экстремисттик” деген жалаа менен соңку кездери жапырт жаба баштады.

Нурлан Баяман, Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин орун басары: Ар бир өлкө өзүндөгү интернетти өзү башкарууга толук укук алса, албетте, айрым учурларда кээ бир маалымат булактарына чектөө коюп койгонго мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Бирок бул азыркы конференцияда каралып жаткан башкы маселе эмес. Коопсуздуктан баштап домендерди бөлүштүрүүгө чейинки толгон-токой маселелер бар.
Азырынча эл аралык домендик системаны кармап турган ICANN (Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) корпорациясы азыр АКШнын Соода департаментинин мандатынын негизинде иштейт. Бир корпорация эл аралык системаны көзөмөлдөшү демократиялык принциптерге деле туура келбейт го деп эсептейм. Азыр эч ким андан укукту алып эле бардык өлкөлөргө берип салалы деген жок. Интернетти башкаруу укугун Бириккен Улуттар Уюмунун структурасына – Эл аралык Телекоммуникация бирикмеси (ЭТБ) алсын деген сунуш айтылууда. Анын үстүнө сайттарды бир эле адам жаап сала албайт. Андагы маалымат кылдат иликтенип, сот аркылуу гана жабылышы мүмкүн. Дайыма эле өкмөттү элге каршы кое берген туура эмес, өкмөт өз элинин кызыкчылыгын коргойт, ошол үчүн иштейт.
(талкуунун толук аудиосун угуңуз)

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:58 0:00
Түз линк

Илим Карыпбеков, “Де-факто” гезитинин ээси, медиа-эксперт: Интернеттеги эркиндик азыр дүйнөдөгү авторитардык, тоталитардык режимдердин негизги баш оорусуна айланды. Маалымат таркатуунун биз билген салттуу түрлөрү – гезит, радио, телевидение жаралгандан тарта эле тигил же бул өлкөнүн өкмөттөрү аларды жабуунун түрдүү жолдорун оңой таап келишти. Бирок интернетти башкаруу, аны жаап салуу бир топ кыйынга тураары көрүнүп жатат. Айрым мамлекеттердин коомдору үчүн интернет - эркин маалымат алуунун жападан жалгыз аянтчасы.
Менимче, Кыргызстанда да “интернетти АКШдагы бир корпорациядан БУУга өткөрүп берүүнү колдойлу” дегендер маселенин түпкү тамырын, маани-маңызын жакшы түшүнө албай жатат. Мен интернеттеги абал азыркыдай эле калышын жактайт элем. Анткени Улуттар Уюму бир топ эл аралык кризистерди чечүүдө, маанилүү окуялар боюнча чечим талап кылынганда өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп койду. Ошондуктан, азыр эми дүйнө боюнча байланыш желеси бул уюмга берилгенде, биздин интернетти колдонуудагы эркиндигибиз сакталып калабы? Ага ким кепилдик бере алат? Кыргызстанда муну терең ойлонуп, суроо койгон деле эч ким жок. Бизде болгону “интернетте бүт жаман нерсе чыга берет экен, көзөмөл жок экен, аны маалымат каражаты катары тааныш керекпи-жокпу?” деген сыяктуу эле суроолордун айланасында сөз жүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG