Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Европа: айдоочуга талап жана жоопкерчилик


Латыш айдоочу Вайдотас Рагулис минген эки кабаттуу автобус. Праганын Флоренс автовокзалы.
Латыш айдоочу Вайдотас Рагулис минген эки кабаттуу автобус. Праганын Флоренс автовокзалы.

Европа өлкөлөрүндө автобустун айдоочулары кандай тандалат? Алар алыс сапарда жүргөндө кандай эс алышат? Жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочунун күбөлүгү (лицензиясы) канча турат? Бул суроолорго айдоочулар өздөрү жооп берет.

Чехиянын борбору Прагадан коңшулаш Словакиянын Кошице шаарына чейин 670 чакырым. Бул аралыкты словакиялык айдоочу Ян жана шериги минген автобус жети жарым саатта басып өтөт.

- Үч саат мен, үч саат шеригим минет. Анан үч саат эс алып, кайра жолго чыгабыз. Биздин автобус 49 жүргүнчү алат. Андан артык бир да жүргүнчү албайбыз. Анткени, ар бир жүргүнчү отурушу зарыл. Нөөмөтүбүздү бүткөндөн кийин 11 саат эс алмайынча кайра жолго чыкпайбыз.

Мен Праганын Флоренс автовоказалына кечки саат алты ченде келгенимде чех айдоочу Влада Копл Требич шаарынан келип, Яро деген кесиптеши менен автобустун ичинде баарлашып отуруптур. Эки айдоочу тең Прагада түнөп, артка эртең менен сегизде жөнөшөт экен. Жол 170 чакырым. Алар менин суроомо бирин-бири толукташып, жарыша жооп берип жатышты:

- 21 жашыңда автобус айдаганга лицензия алсаң болот. Бирок үч жылдык тажрыйбаң болбосо, жүргүнчүлөрдү тартчу автобус мингенге жумушка албайт. Кеминде эки же үч жыл жүк ташуучу камион минген тажрыйбаң болушу зарыл. Мен өзүм адегенде эки жыл бою камион миндим. Андан соң шаар ичинде жүргүнчүлөрдү тарткан автобус айдадым.

Требич-Прага, Прага-Требич каттамын тейлеген Влада Копл.
Требич-Прага, Прага-Требич каттамын тейлеген Влада Копл.

Влада Копл жана таанышы Ян эмгектенген жеке менчик автоишканадагы 14 автобусту 14 шофер тейлейт. Жайкысын алар чет өлкөлөргө катташат.

- Жайкы сезондо Хорватия, Италияга каттайбыз. Ошол кезде бир тарапка жеткенден кийин кеминде тогуз саат, а демейде 11 саат эс алып, кайра жолго чыгабыз. Жолдо шеригим экөөбүз ар төрт жарым саат сайын алмашып турабыз. Жетчү жерибизге жеткенде 11 саат эс алабыз.

Европалык айдоочулардын иш-тартиби (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:48 0:00
Түз линк

Флоренс автовокзалындагы мейманкананын алдында жайнаган автобустардын арасында эстониялык да автобус туруптур. Анын айдоочусу, литвалык Вайдотас Рагулис бир сааттан кийин жолго чыгууга камданып жатыптыр:

- Мен иштеген “Калайнис” фирмасында айдоочулардын эс алуусу катуу көзөмөлдөнөт. Айдоочу графикке ылайык, төрт жарым саат жүргөн соң, төрт жарым саат эс алышат. Ошентип эки мертебе эс алгандан кийин Ригага же Прагага жетебиз. Тогуз саат иштегенден кийин мейманканага барып, кеминде тогуз саат, болбосо 11 саатка дейре эс алып, кайра аттанабыз. Мен төрт жарым саат, шеригим төрт жарым саат айдайт. Орду жок жүргүнчүлөр автобуска отургузулбайт. Жүргүнчүлөр үчүн стюардесса жооптуу. Автобуста орду жок жүргүнчү эч качан болбойт. Бардык жүргүнчүлөр отурат. Бизди Мамлекеттик автоинспекция, транспорттук инспекция такай текшерип турушат. Ошон үчүн бизде чарчоо деген проблема жок.

Словакиялык айдоочу Ян жолго чыгар алдында. Прага шаарынын Флоренс автовокзалы.
Словакиялык айдоочу Ян жолго чыгар алдында. Прага шаарынын Флоренс автовокзалы.

54 жаштагы Рагулис айткандай, узак аралыкка каттоочу автобусту эки айдоочу жана бир стюардесса тейлейт. Жүргүнчүлөр эмне суроолору болсо, айдоочуга эмес, стюардессага кайрылат. Рагулис жолго чыгар алдындагы текшерүүлөр жөнүндө буларды айтты:

- Бизди жолго чыгарда текшеришет. Диспетчерканага жолдомо алганы барганда кандагы алкоголду көрсөтчү түтүктү үйлөтөт. Жалпы абалыбызды, кийимибизди текшеришет. Андан соң механик баланча айдоочуга жолго чыкса болот, автомобили даяр деп, жолдомого кол коёт. Биз жолго аттандык деп, кол тамгабызды калтырабыз. Тартип ушундай.

Вайдотас Рагулис Прага-Рига маршрутунда 74 орундуу автобус минет. Анын бир орундугуна нөөмөттөгү айдоочу, дагы бир орундугуна автобустун стюардессасы же стюарды отурат.

Европалык айдоочулардын иш-тартиби (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:14 0:00
Түз линк

АКШда да автобус айдоочуга талап катуу. Бийлик жүргүнчүлөрдүн өмүрүн туш келди эле айдоочуларга ишенбейт. Бул жөнүндө баш кеңсеси Мэриленд штатынын Роквилл шаарында жайгашкан Эл аралык каттамдарда коопсуз жүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Кэти Зилберман (Cathy Silberman) айымдын кебине назар салалы:

- АКШда автобустун айдоочусуна талап өтө катаал. Күтүүсүз проблемалар болбошу үчүн ар күнү автобус рейске чыгар алдында анын техникалык абалы абдан кылдат текшерилет. Пассажирдик автобустун айдоочусу ишине дасыккан жана тийиштүү сынактардан, машыгуулардан өтүүсү абзел. Тажрыйбасы жетишсиз жана лицензиясы жок адам автобус айдоого укуксуз. Автобустун айдоочусу сегиз же алты саат иштегенден кийин сөзсүз эс алышы керек. Эгер узак аралыкка каттаса, автобустун эки айдоочусу болушу абзел. Бул - норма. Автобус канча узак жолго баратканы, графикке ылайык жүргөнү, айдоочулардын ырааттуу эс алуусун автотранспорттук компаниянын өзү, Федералдык транспорт министрлиги, полиция көзөмөлдөйт. Жол эрежелерин ким бузса, кээде лицензиясынан ажыратылат. Бул мыйзам жүргүнчүлөрдү тарткан бардык автобустарга тиешелүү.

Чехияда арак-шарап ичип алган айдоочу 1000 - 1 750 доллар айып төлөйт. Бул Чехиядагы орточо айлык маянадан көп. Андан тышкары алты айдан бир жылга чейин машине айдоого тыюу салынат.

- Эгер жол эрежесин бузуп, кырсыкка кабылсаң, бери дегенде жарым жылга айдоочулук укугуңдан ажыратыласың. Эгер каныңда алкогол болсо, анда кеминде бир жылга айдоочулук укугуң токтотулат. Анан иш үстүндө арак же сыра ичип алганың үчүн айып төлөйсүң. Кайра жол эрежери боюнча сынак тапшырып, айдоочулук лицензияңды жаңылайсың. Лицензияңды жаңылоо орто эсеп менен 400 доллар. Андан тышкары машине айдап, көнүгүү үчүн да акча төлөшүң керек. Мыкты айдоочунун жаңы күбөлүгүн алууну кааласаң, кеминде 2400 доллар чыгым болосуң. Бул негизги маселе, - деди Влада Копл:​

Праганын ичиндеги 163-каттамдын айдоочусу Михал буларды айтып берди:

- Жол эрежесин бузган болсоң, келтирилген чыгымдын өлчөмүнө, кырсыкка жараша жазана төлөөң керек. Жазаналарың 12 упайга жеткенде айдоочулук лицензияңды кайра жаңылашың же айдоочулукка кайра окушуң шарт. Мисалы, кызыл жарыкка токтобосоң, аның видеокамерага тартылып калса, беш же алты упайыңдан ажырайсың. Эки жолу кызыл жарыкка жүрсөң, 12 упайыңдан айрыласың. Андан кийин бир жыл эреже бузбай, кырсык жасабай айдасаң, үч упайды кайтарып берет. Каршы линияга чыгып кетсең, 7 упай жана 200 доллардан 400 долларга чейин айыппул төлөйсүң. Андан тышкары алты айдан 12 айга чейин айдоочулук укугуңдан кол жууйсуң. Келтириген чыгымыңдын 10% өз жаныңдан төлөйсүң. Калган чыгымды ишканаң социалдык камсыздоо эсебинен төлөйт. Анан бир ай айдоочулукка кайра окушуң керек. Окуу 35 миң крон, андан тышкары сынак-тесттин акысын жана башка майда-чүйдө нерселер үчүн өзүң төлөйсүң.

Бишкектеги автобекеттердин биринде жүргүнчү күтүп турган минибустар. 30-июль 2013
Бишкектеги автобекеттердин биринде жүргүнчү күтүп турган минибустар. 30-июль 2013

Катерин Зилбермандын айтымында, жол коопсуздугун жана жол эрежелеринин аткарылышын камсыздоо өкмөттүн милдети:

- Жол коопсуздугун камсыздоодо өкмөттүн жолдорду автомобилдердин жүрүүсү үчүн ыңгайлуу, коопсуз кылганы абдан маанилүү. Мисалы, ылдамдыкты көрсөтүлгөн чекте кармоо, жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздук кемерлерин пайдалануу жүргүнчүлөрдүн өмүрүн жамандыктан сактары талашсыз. Айдоочулар иш үстүндө арак-шарапты оозуна албашы керек. Виржиния штатында ким бул эрежени биринчи ирет бузса, камакка алынат. Экинчи мертебе бузса жана андан бирөө жабыр тартса, андай айдоочу беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер мыйзам айдоочулар тарабынан темирдей бекем сакталбаса, адам өмүрү дайыма коркунучта. Экинчи чоң маселе, көпчүлүк өлкөлөрдө заман талабына ылайык заңгыраган жолдор салынган. Бирок жолдор тез жардам телефону, медициналык тез жардам станциясы жана башка тийиштүү инфраструктура менен камсыз кылынган эмес.

Экс-советтик Балтия мамлекеттери Москвадан көз карандысыздык алгандан тарта эле айдоочуларга, өзгөчө, жүргүнчү ташыган айдоочуларга талапты күчөткөн. 2004-жылы Европа биримдигине кошулгандан кийин жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жана жол коопсуздугунун жалпы европалык стандартка өткөрүшкөн. Рига-Прага маршрутунда каттаган В. Рагулистин айтымында, ал “Калайнис” ишканасына экинчи жолку сынакта өткөн:

- Мен бул фирмада иштегениме бир жылга чукулдады. 1978-жылдан бери айдоочулук кылам. 15 жыл мурда тажрыйбаң жетишсиз экен деп албай коюшкан. Мен өзүм “Д” категориясындагы лицензияны 1983-жылы алгам. Бир нече жыл алыс Испанияга жүк ташыдым. Башка убакта такай автобус миндим. Жаңылбасам, 2014-жылы биздин фирмадагы айдоочулардын орточо курагы 52 жаш болчу. Жаштар аз. Алар кыска каттамдарда жүрүшөт. Алыс каттамдарды жалаң дасыккан айдоочулар тейлешет. Ошон үчүн жумушка алганда тажрыйбаңа кылдат карашат.

Вайдотас менен чогуу сынакка 14 киши катышып, алардын алтоосу жумушка алынган. Азыр ал топтон төрт адам калган. Экөөсү иш тартибин сактабагандыктан, жумуштан бошотулган.

Жайыл районунда көңтөлүлүп кеткен май ташуучу автомобиль. 11-февраль 2015
Жайыл районунда көңтөлүлүп кеткен май ташуучу автомобиль. 11-февраль 2015

Жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын трүлөрүн же сегиз кишиден көп адам тартуучу микроавтобус, автобус минүүгө уруксат берген “Д” категориясындагы дасыккан айдоочунун окуусу Чехияда 1450 доллар, Литвада 320 доллар, Кыргызстанда орточо 50 доллар (Ырас, ага чейин айдоочулук күбөлүгүңүз болушу керек) турат. Бул Бишкектен Ошко барган үч жолоочунун акысы. Прагада автобус айдоочу жумушка алынганда төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Орто кесиптик билими тууралуу күбөлүк;
  2. “Д” категориясындагы автоунааларды мингенге уруксат берген лицензия жана “Д” категориясындагы дасыккан айдоочу деген күбөлүк;
  3. Соттолуп-соттолбогону жөнүндө маалымат;
  4. Буга чейин кандай машинелерди мингени катталган айдоочунун картасы.

Кэти Зилбермандын айтышынча, жол эрежесин сактоо айдоочунун парзы:

- Арийне, айдоочулардын жүрүм-туруму көптөгөн өлкөлөр үчүн олуттуу маселе. Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус минген айдоочулар тийиштүү даярдыктан өтүшпөйт. Транспорттук фирма айдоочу мурда кандай иштегенине кызыкпайт. Мындай айдоочу адам өмүрү үчүн жоопкерчилигин, жолдогу коркунучту жана эрежени сактоо канчалык маанилүү экенин түшүнбөйт. Машинени коопсуз айдоо үчүн эмне кылуу керектигин да билбейт. Ошон үчүн адам өмүрү жөнүндө ойлобойт. Полиция мыйзамдын аткарылышын бекем көзөмөлдөбөсө, жолдо түрдүү балакеттердин болору турган иш.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, автотранспорт кырсыгынан бир өлкө ички дүң жыйымынын бир проценттен үч процентине чейин жоготот. Дүйнөдө жол кырсыгында өмүрү үзүлгөндөрдүн 59 проценти 15 жаштан 44 жашка чейинки курактагылар жана аварияда курман болгондордун төрттөн үчү эркектер.

XS
SM
MD
LG