Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:36

Атайын иликтөө / Данисте

Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... “Данисте” программасы Кыргызстанда балдарына ВИЧ жуккан төрт эненин тагдырын баяндайт.

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011
Текст көлөмү - +

2007-жылы Ош облусунда дарыгерлер бир гана жолу пайдаланылчу ийнелерден кайра-кайра кан куюп, ондогон ымыркайга aдамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирусту (ВИЧти) жуктурганы аныкталган.

Ош жана Ноокат шаарларындагы балдар ооруканаларында 40 наристеден ВИЧ табылып, тергөө учурунда 14 медицина кызматкерине каршы кылмыш иштери ачылды.

Дарыгерлердин төртөө сотто акталып, үчөө шарттуу түрдө, калгандары ар кандай мөөнөт менен түрмөгө кесилген. Өкүмгө каршы кийинчерээк Жогорку сотко доо арыз жазылганы белгилүү.

Чыныгы курмандыктар

Перзенти оор илдетке кабылган бул үй-бүлөлөрдө тагдырдын оор жүгүн азыр эң оболу энелер көтөрүп жатышат. Алар менен жазмыштын бул түйшүгүн бирге көтөрө турган өмүрлүк жолдоштору да алсыздык кылып, кетип калышкан.

Өзүнүн туугандары, коом, мамлекет, керек болсо, күйөөлөрүнөн да колдоо таба албаган энелер былтыр жыл соңунда Ошто жана Бишкекте айласы кеткендеги акыркы чарага барып, беттерин чүмбөттөп, митингге чыгышты. Бийликтен алар жакшыраак камкордукту, күнөөкөрлөрдү жазалоону талап кылышты. Бирок талаптары бүгүнкүгө чейин аткарыла элек.

Жакшылыктан үмүтүн үзбөй, оорулуу балдарын бооруна кыса бүтүндөй бир кайдыгер дүйнө менен күрөшкө беттенген энелер менен таанышып алыңыздар. (Энелердин ысымдары өзгөртүлүп берилди)

Салтанаттын баяны

“Балдар бакчасына жайгаштырдым. Бирок аз эле барды. Тез-тез эле ооруп кала берет экен... Балдар бакчасына да оңой менен алышкан жок, ар нерсени айтып жекиришет. Мен мыйзамдарды жакшы билгеним үчүн эле баламдын кабыл алынышына жетиштим. Айрымдары ачык эле “Сенин балаң СПИД, башка балдарга жугуп калат”, - деп албай коюшкан.

Дискриминация алгач айыл-өкмөттөрүнөн, почточулардан башталды: “Башында СПИДдердикин берип коелу”, - деп жатышты. Дарыгерлерге келсек, ал жакта да жек көрүүнү байкадык. Айтсаң, колуна эки каттап медициналык колкап кийип, анан карашат. “СПИДдерди биринчи карап коелу, болбосо булар тополоң чыгарышат”, - дешет. Айтпасаң, акча алышат...

Жолдошум түшүнө алган жок. Балдарым менен мени таштап кетти. Ооруканада жатканыбызда бир жолу да басып келген жок. “Дарыларын өзүм берип жатам, ушундай экен”, деп түшүндүрсөм, баланы колуна алган жок: “Мен намыс кылам. Көчөгө чыкпасам...”, - дегенсип бизди таштай кетти. Ошол 2009-жылдан бери балдарымды жетелеп, батирден батирге көчүп жүрөм.

2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасына жатканбыз. Баламдын эти ысып, температурасы түшпөй койгон. Бирок ошол кезде бул илдет жукканын билген эмеспиз. Балам тынбай эле ооруй берди. Эки жылдан кийин гана ага ВИЧ жукканын аныктадык. Биз үчүн бул өтө катуу сокку болду... Температурасы көтөрүлүп, ичи өтүп туруп алды. Көрсө баламдагы ооруунун деңгээли үчүнчү даражасына жеткен экен. Өзү төрт эле даража болот, төртүнчүсү – СПИД. Ошондо адам өлөт...

Биз балдарыбыздын күнүмдүк өмүрүн тилеп жашайбыз... Ооруп, ысып чыкса, түнү менен дары ичирип чыгабыз. Алсыратат, акылынан адаштырат. “Өлүп калдыбы, эмне болду” деп, күнү түнү уктабай, жанынан кетпейбиз...”

Ферузанын баяны

“Ушул баламдын кеселинин айынан үй-бүлөм бузулду. Кайын-энем бизди үйдөн чыгарып жиберди. Мен өзүм да, жолдошум да, калган балдарым - баарыбыз таза элек. Ушул балам менен гана 2008-жылы облустук ооруканага жатканбыз. Ошондо жукту. Күйөөм кетип калды. Азыр балдарым менен батирде жашап жатабыз...

Күндүзү ар нерсеге алаксып, эптеп күн өткөрөм. Түндөрдөн корком... Түнү менен ыйлап чыгабыз. Эрте менен туруп, эң оболу баламдын көзүн карайм – “өлүп калган жокпу?”... Азыр булар тирүү баладай да эмес. Эрте-кеч дары ичиребиз. Адатта, балдар айына ашып кетсе 2-3 жолу ооруса, биздин балдар 10 жолудан ооруп чыгат. Мына, азыр да балам ооруп жатат...”

Гүлнозанын баяны

“Эми азыр биз эптеп күн көрүп, эптеп аларды чоңойтобуз. Бирок булардын келечеги кандай болот? Мен кантип бирөөнүн босогосун аттап, уулума кыз сурайм? Кантип үйлөйм? Айтыңызчы...?!

Мамлекет бизди карабай жатат. Кечээ 5 миң сом алдым. Ал баламдын кийимине араң жетти.

Ар үч ай сайын баламдын жанын оорутуп, кан алышат. Улам текшерип турушу керек экен да. Кыйналып бүттү балам. “Апа, эмнеге иним дары ичпейт, эмне үчүн мен эле дарыларды иче берем?”, - деп сурайт. “Сенин боюң узун болот, балам”, - деп сооротуп коем...

Уулкыздын баяны

“Ыйлай берип көзүмдө жашым кургап бүттү. Ушунчалык чыдабай кеттим... Тойлорго, бата кылчу жерлерге баралбайбыз. Ал бери турсун, үйдө жөнөкөй эле отуруп, жөнөкөй эле күн көрүп, жөнөкөй элек тамак ичиш деген бизде жок...

Азыр уулум 7 жарымга чыкты, мектепке бара элек. Үч жолу балдар бакчасына бердим, үчөөнөн тең “Балаңдын СПИДи бар экен” деп айдап чыгышты. Бирөөнө мен өзүм айткан элем. Энемин да баары бир, башкаларга жугуп калбасын деп ойлогом. Айдап жиберишти... Ошондон коркуп калыптырмын, быйыл мектепке да берген жокмун.

Эгерде көчөдөгү наркоман же сойку кыздардын балдары ушундай болуп калса, кудум, андайга даяр болушканынанбы, тагдырдын бул жазасына кайыл болуп калышат окшойт. Мен буга кайыл эмесмин! Мен буга макул эмесмин!

Анан улам эле баары “Бул энелер моралдык чыгым катары бир миллион сом сурап жатышат” ,деп эле күнөөлөп жатышпайбы – кайсыл акмак өз баласынын ден-соолугун бир миллионго сатат? Мага керек болсо, жүз миллион да аздык кылат! Эгер мамлекет менин баламдын ден-соолугун кайтарып берсе, ошол жүз миллионду мамлекетке мен өзүм төлөмөкмүн!”.

"Данистени" толугу менен бул жерден уга аласыз:

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: нурзат каяктан: москва
19.02.2012 11:13
менин айтарым баардык энелерге кудайдан кайрат куч ымыркайларга шыпа тилейм кудайым озу колдосун

кимден: minura каяктан: osh
18.02.2012 10:19
akyryna che okugum da kelbedi ayabai juunum boshop iylapatam

кимден: Kanat
13.02.2012 18:39
Бул "врачтар" менен "медперсоналдар"га кыйнап олтуруу жазасы дагы аздык кылат. биринчиден алардан акча алып, дипломуна "5" бааларын коюп берип бутургон универитеттердин жана училищелердин мугалимдерин, андан кийин гана бул чала врач-медиктерди катуу жазалаш керек. козуно акчадан башка эчнерсе корунбогон ошол чиновниктер, сотторду дагы жазалаш керек, ким кайрылса эле "акча тилебатышат" деген.
кана ошол "демократия" деп тытынып чыккан байсаловдор, жана башкалар? эгерде озунорду ушунчалык "куйумдуу" катары пиар, реклама кылгынар келсе, анда талашпайсынарбы ушул энелердин укуктарын? ошондо биз коробуз, колдойбуз боругер азаматтарды, жадакалса президент кылып коёбуз.

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
12.02.2012 22:46
Урматтуу жогоруда аты аталган армандуу келиндер!Мен силердин арманыңарды, көкүрөгүңөргө уюп, нылдай баскан, кылым карытар азаптуу ар бир күнүңөрдү элестетип, жүрөгүм жарылып кете жаздады.Мен да силерге окшогон энемин, эне баласынын дени карды, бак-таалайы үчүн өлүп берүүгө даяр.Бул жаман оору тагдырыңарды талкалап койду.Социалдык маселелер боюнча, вице -премьер Гүлнара Асымбекова, "Агым" гезитине маек берип жатып, ошо ВИЧ илдетин жуктурган медкызматкерлерди түрмөдөн бошотуп алыш керек" дейт, өмүр бою ден соолугунан ажырап , 40 наристенин өмүрүн, келечегин талкалаган медиктерди Сталиндик кез болгондо , төөнүн жамбашындай болгон .Асымбекованы атып жибермек, Гүлнаранын өзүнүн баласына аты жаман , атың өчкүр ушул дарт жукканда көрөт элем ушинтип айтаарын.Ак үйдө отурган ак жегдечендер, күн жылыса, марафон өткөрөлү, акча топтоп, жан дүйнөсү жабыккан энелерге ар бирибиз аздыр-көптүр огожо бололу.

кимден: айка
11.02.2012 04:59
Бул боюнча саламаттыкты сактоо министрлиги озунун кызматкерлерин тренинг кылбайбы,кайсыл оору жугуштуу, кайсыл жугуштуу эмес деп. Алар медик болгондон кийин, ушул кесипти тандагандан кийин ар кандай оору менен жолугушууга ар убакта даяр болуш керек да. Анан Телевидение, газета, радиодон коптогон маектерди, коомчулуктун ВИЧ боюнча сабатсыздыгын жоюшунуздар керек. ВИЧ бул Гепатит сыяктуу эле оору. Гепатиттин В жана С турлору ВИЧке караганда алда канча кооптуу болот. АЛ эми жогорудагы материалдан билингендей канчалаган адамдардын тагдырлары талкаланып жатышат, ал эми уй булонун жолоноор, таянаар тоосу болгон ЭРКЕК СОРОЙЛОР силерге мин наалат, ата-жотонорго чейин!!! Баланардын ооруп калганын билип туруп, силердин жардамынарга уй булонор, жубайынар мурдагыдан дагы коп эсе муктаж экенин билип туруп, орусча айтканда "моя хата с краю" деп таштай салып качып кеткенинер эмне деген шумдук! Жанагы Фукусимадагы авариядан кийин бут дуйно жузунун телеканалдарынын каарманы бир ит болгон, эсиниздерде болсо, ал жакынынын олугун таштап кете албай, жанында кайтарып жата берген. Эми ооруган балдардын "ата СОРОЙЛОРУ" силер ошол итче боло албагандан кийин, силер адам деген атты алып журбой эле койгула. Айбан дагы силерден мин эсе ойдо турарын ошол иттин мисалында корунуп калды. Мына бул, коомубуздун копчулук эркектеринин жузу! Канча карганышпасын, а бирок кандайдыр бир олуттуу сыноо келсе, аялга шылтоолой салып качып кетишет. Мындай фактылар четтен чыгат. ООрулуу балдардын энелери силерге кайрат, белинерди бек буугула. Кудай силерге жолдош болсун!
Пикирге жооп

кимден: Канат
13.02.2012 19:13
мен сиздин созунузду 100 пайыз колдойм.

эй "эркектер" итчелик да жоксунарбы???
улутчулдар коко кырып кыйкырышкан
кыргыздын арасында силер да бар.
бет сыйрылган, керкейишкен макулуктар.

таштадын сен баланды, ооруду деп
спид болобу, вич болобу, мындамес кеп.
...
коз ирмемде отуп кетер бул жашоон да
коромун алган жазан буйрулганда.

гиппократ антын берген эй медиктер
алдынарбы дипломдорду акча менен?
кана эми? ким кайтарат ден соолукту
боздогон энелердин балдарына?

бир кана айтып кетчу созум менин
акыйкат издеп жургон энелерге
жаннаттын сабырдууга койну кенен
издегиле акыйкатты бир кудайдан!!
...

кимден: insan каяктан: Россия
10.02.2012 23:35
Гиппократтын антын берген да ошол медиктер, булар адам өлтүргөндөн да чоң күнөө кылышты деп ойлойм. Ошол наристелердин келечеги кандай болот, өмүр бою ушинтип басынып, кор болуп жүрүшөбү. Менимче, ушундай күнөө кылган адамдарга эң чоң жаза бериш керек, башкаларга сабак болсун, экинчиден ооруканалар мамлекеттики, демек мамлекет ушул балдарга жардам берүүсү зарыл. Энелерге айтар элем, биздин чиновниктердин мурдун балта кеспейт, мындай былжыган коомдо эч бир кызматкердин башы да оорубайт. Андан көрө эл аралык коомдорго кайрылыш керек, бул жерде адам укугу бузулуп жатат.

кимден: Жаркын каяктан: чет жак
10.02.2012 18:17
Бул балдардын аталары жокпу? "Намыстуу анан нарктуу эл элек го", балдар ооруп калды деп аталары да таштап койдубу?Чон-ата, чон-энелеричи?
"Ыйман деген айылда" деп коюшат, ал эми чындыгында айыл деле бузулган. Мен ойлойм, бала дегенди ЭНЕ жалгыз эмес, АТА да кошо баксын деген тарбия керек деп.
Биздин коомдо ушундай деградация болгон экен да, ооруп калган эне-балага эч ким жардам бербеген. Банктык эсеп-кысабы бар бекен булардын, акча жибергенге?

кимден: алымбек каяктан: маскөө
10.02.2012 14:07
журок ооруп аран уктум аягына чейин. Жаратканым озу жалгасын.Кайрат кылыныздар!

кимден: Nurtegin каяктан: Bishkek
10.02.2012 01:22
Urmattuu eneler men da bul okuyadan ayabay ichim achiwip ichime kan kuyganday ele sizdadim.
Kayrat kilinizdar urmattuu eneler. Sizderge ALLAH jardamchinar bolsun. Al da nerse AllAhtin tagdiri ekenin unutpayli jana buga naarazilanip Allahka wek keltirbeyli. Teskerisinche kirgiz elim, musulman bir tuuganim baaribiz dua kilali, Allahtan shypaa surayli. Allah ar bir oorunun shypaasi bar dep aytip ketken jana bul chyndyk. Bul oorudan sakaybayt eken degen ishenimden chygynyzdar urmattuu eenler siz menen biz dua kilsak Allahim shypaasin berip toluk ayigip ketuuloru da toluk iktimal. An uchun jurogubuzdun tupkuru menen ishenip dua kilali Kurani Kerim okup bul menen da darilayli.
Kayrat kilinizdar. Paaygambarybyz (sav) aytkan jugushtuu oorudan oo duyno ketken menin ummotum shehid bolot degen. Inshallah alardin jayi jannatta paygambarlar menen darajasi ten turat jana shehidder ozu ele jannatka kirbesten janina da jakin adamdarin tarta kiret. Anin uchun Allahtyn tagdiri ushul bolgonduktan sabyr kylaly jana kuch kubat shifaa, iymandi Allahtan suranali.

Men bul nerseni ukkandan kiyin biraz internet baraktarin jana bir neche bulaktardan paydaluu darylar bar ekendigin izildep kordum Bolusho ketsem en ele jakshy daary bul kara zirenin mayi eken.

Черный тмин (Nigella Sativa) – средство для восстановления иммунных функций организма человека.

В хадисах пророка Мухаммада передается очень много информации о лечебных качествах черного тмина. В сборнике сахих Бухари приводится такой хадис, в котором говориться, что Халид ибн Саад рассказал: "Как-то раз мы вышли в путь, вместе с нами был Галиб ибн Абджар, и он заболел в пути. Когда мы прибыли в Медину, он еще болел. Его навестил Ибн Аби Атик и сказал: "Нам следует дать вам это черное семечко. Возьмите пять или семь семян, выжмите из них масло, а затем закапайте несколько капель этого масла в одну ноздрю и в другую ноздрю. Поистине, Аиша (жена пророка Мухаммада) рассказала мне, что она слышала, как Посланник Аллаха сказал: "Поистине, этот черный тмин - исцеление от любой болезни, кроме ас-сама". Она спросила: "А что такое ас-сам?", и Пророк ответил: "это смерть"".
Лечение по сунне пророка Мухаммада позволяет полностью излечится от данного заболевания. По словам одного из учеников Зиндани, в медицинском центре шейха и доктора Зиндани проводится комплексное лечение многих болезней. Результаты излечения от СПИДА и рака были 50 на 50




кимден: Барчын каяктан: Москва
09.02.2012 23:08
Алар балдарын ортого койуп пайдалангысы келген жок "балдардын келечеги эмне болот деген суроодон коркуп атпайбы .
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине