Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Сириялык адаватчылар Дамаскта калаба салды


Эркин Сирия армиясынын жоокерлери. Өлкө түндүгүндөгү Идлиб провинциясынын Сермин шаарчасында. 18-март, 2012
Эркин Сирия армиясынын жоокерлери. Өлкө түндүгүндөгү Идлиб провинциясынын Сермин шаарчасында. 18-март, 2012

Оппозиция активисттери муну 1 жыл мурда президент Башар Асаддын режимине каршы козголуш башталгандан берки эң чоң айкаштардын бири ирети сыпаттоодо.

Өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын Эркин Сирия армиясынын Дамасктын ал-Меззе районундагы согушу эки саат чамалуу созулуп, бүгүн таңга жуук токтоду.

Жергиликтүү элдин айтымында, райондо коопсуздук күчтөрүнүн бир нече жашыруун объекттери жайгашкан.

Сириядагы адам укуктарын байкоочу уюмдун өз активисттерине шилтеп маалымдашынча, дүйшөмбүнүн таңындагы аткылашууда 18 аскер жараат алган. Адам укугун коргоочу бул уюмдун баш кеңсеси Британияда жайгашкан.

Дем алыш күндөрү Сирияда адамдардын бейчеки өлүмү токтогон жок. Ишемби күнү Дамаскта катар-катар бомба жарылып, 27 кишинин өмүрүн жалмады. 100дөй адам жарадар болду. Жекшемби күнү Сириянын экинчи чоң шаары Алепподо унаага коюлган бомба эки кишини мертинтип, 30га жакын адамды жарадар кылды.
30 миңдей адам сырт өлкөлөргө, анын ичинде 16 миң адам Түркияга качты жана 200 миңдей адам там-жайын таштап, өлкө ичинде бозгун болуп жүрөт.

Сирия өкмөтү бомба жардыруулары үчүн “террорчуларды” айыптады. Оппозиция жардырууну көтөрүлүшчүлөрдү каралоо максатында өкмөт өзү уюштурду деп билдирди.

Бириккен Улуттар уюмунун эсебинче, бир жылдан берки Сириядагы калабада 8 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. 30 миңдей адам сырт өлкөлөргө, анын ичинде 16 миң адам Түркияга качты жана 200 миңдей адам там-жайын таштап, өлкө ичинде бозгун болуп жүрөт.

Өткөн аптада Жакынкы Чыгышта болуп кайткан БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан эгерде Сириядагы тополоң илгеритилбей жөндөлбөсө, региондогу жагдайга тескери таасир этет деген чочулоо коңшу өлкөлөрдө күчтүү экенин эскерткен.

“Регионду Сириядагы жагдай аябай тынчсыздантат. Алар Сириядагы кризис ыкчам жөнгө салынбаса, бүтүндөй регионго олуттуу таасир этиши мүмкүн деп кооптонушат”, - деп билдирген БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан 16-мартта Нью-Йоркто.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (оңдо) эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун төрагасы Якоб Келленбергер (оңдо) менен Москвадагы кездешүүдө. 19-март, 2012
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (оңдо) эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун төрагасы Якоб Келленбергер (оңдо) менен Москвадагы кездешүүдө. 19-март, 2012
Дүйшөмбү күнү Сириядагы гуманитардык кырдаалды талкуулоо үчүн эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун төрагасы Якоб Келленбергер Москвага учуп келди.

Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешүүдө Сириянын уруш жүрүп жаткан шаарларынын элине тез көрсөтүлчү жардамдарды аныктап алуу зарыл экенине токтолду:

- Мен министр менен гуманитардык жагдай тууралуу биздин баабызды жана кечиктирилбей көрүлчү гуманитардык иш-чаралар боюнча биздин көз карашыбызды бөлүшүүнү каалайбыз. Мындай мүмкүнчүлүк болуп жатканы мени кубандырат.

Келленбергердин Москвага учар алдында билдиришинче, Сирия өкмөтүн күнүнө кеминде 2 саатка ок атпоого көндүрүү зарыл. Тыныгуу, Келленбергердин айтышынча, козголоңчул аймактардан жарадарларды чыгарып кетүү үчүн керек.

Орусия узактан бери Сирия менен ынак мамиледе. Эки ирет Кытай менен чогуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Асаддын режиминин оппозицияга каршы айоосуз күч колдонуусун айыптаган резолюциясын өткөрбөй койгон.

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун маалыматы боюнча, Сирия 2007-2011-жылдары ага чейинки беш жылдыкка караганда алты эсе көп курал сатып алган. Сирия жалпы сатып алган каруу-жарагынын 72 пайызын, анын ичинде абадан коргонуу системаларын жана деңиз торпедолорун Орусиядан алат.

XS
SM
MD
LG