Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

БУУ Крым референдумун тааныган жок


Симфереполдун көчөлөрүндөгү аскерлер, Крым, 17-март, 2014
Симфереполдун көчөлөрүндөгү аскерлер, Крым, 17-март, 2014

Улуттар уюму Крымдын Украинадан ажырашын мыйзамсыз деп жарыялады. БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүүдө Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон резолюция долбоорун туура 100 өлкө жактады, 58 өлкө калыс калды, 11 гана мамлекет каршы болду. Кыргызстан сессияга катышканы менен добуш бербеди.

БУУнун Башкы ассамблеясында көпчүлүк добуш менен жактырылган резолюция “Украинанын аймактык бүтүндүгү” деп аталды. Документ дүйнө өлкөлөрүн 16-марттагы референдумдун жыйынтыгында Крымдын Орусияга кошулуусун тааныбоого чакырат.

Башкы ассамблеядагы жарыш сөз адегенде эле Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дешицага берилип, Орусиянын Крымды бир тараптуу аннекциялоосунан эл аралык коопсуздук келишимдерине олуттуу сокку урулганына көңүл бурду:

- Бир айдан бери адамзат жана өзгөчө бул уюм ( БУУ) таянган эл аралык мыйзамдардын мүмкүн жана мүмкүн эмес чектеринин баары бузулуп, тебеленип, тепселди. Менин өлкөм кабылган реалдуулук БУУнун уставынын тикелей бузулушу. Ушул нерсе Украинада, Европанын жүрөгүндө, 21-кылымда болуп олтурат.

Украин тышкы иштер министри Орусиянын Крымды ээлеп алуусу 25-майга мерчемделген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатын да көздөгөнүн жана мындай аракеттер азыр да уланып жатканын айтып өттү.

БУУ резолюциясын жана Украинанын турумун эски совет аймагынан Грузия колдоду. Бул өлкөнүн Улуттар уюмундагы элчиси Каха Имнадзе:

-Украинада болгон нерсе биз 2008-жылы Грузиядан көргөндү эске салып жатат. Анда Орусия Грузиянын Абхазия жана Цхинвали аймактарын ээлеп алган. Алты жылдан кийин да менин өлкөмдүн 20% Орусиянын мыйзамсыз оккупациясы алдында. Төрт миңден ашуун качкын өз үй-жайына кайтуу укугунан ажырады.

Крым референдумун мыйзамсыз деп тааныган резолюцияга Орусиянын өзүнөн башка 10 гана өлкө каршы чыкты. КМШдан Москвага Армения менен Беларусия гана кошулду.

Аймагынын 20 пайыздайын, башкача айтканда Тоолуу-Карабахты коңшу Армения ээлеп турат деп санаган Азербайжан, жикчил аймагы Приднестровье Орусияга кошулууга умтулуп жаткан Молдова Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактады.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан менен Өзбекстан добуш берүүдө калыс калышты. Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан добуш бербей коюшту.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин өз сөзүндө Крым референдумунун жыйынтыгын талашуудан майнап чыкпасына токтолду:

- Орусия БУУнун Башкы ассамблеясынын сунуш кылынган резолюция долбооруна терс мамиледе. Ал конфронтациялык мүнөзгө ээ. Долбоордо Крымда өзүнүн тарыхый ролун аткарган референдумдун маанисинен күмөн саналып жатат. Референдумдун жыйынтыгын талашуу тескери натыйжа берет.

БУУдагы добуш берүүдө Орусиянын туруму Венесуэла, Куба, Боливия, Сирия, Судан, Мавритания, Зимбаве сындуу гана саналуу өлкө колдоду.

Эреже боюнча БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясы Коопсуздук кеңешиникиндей болуп, укуктук күчкө ээ эмес жана аткаруу талап кылынбайт. Бирок ал дүйнөдөгү коомдук пикирдин көрсөткүчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG