Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Путин Крымды "кайтарып алууну" өзү жетектеген


 “Крым. Мекенге карай жол” деген тасмада сүйлөп жаткан Путинди көрүп отурган аял
“Крым. Мекенге карай жол” деген тасмада сүйлөп жаткан Путинди көрүп отурган аял

16-мартта Крым Орусия тарабынан аннексияланышына жол ачкан референдумга бир жыл толду.

Кечээ орус телеканалынан көргөзүлгөн тасмада президент Путин Крымды Орусияга “кайтаруу” боюнча операцияны өзү башкарганын моюнга алды.

Кремл менен жакындан кызматташкан журналист Андрей Кондрашовдун “Крым. Мекенге карай жол” деген документалдык тасмасы жекшемби күнү “Россия-1” телеканалынан көрсөтүлдү.

Крым жарым аралынын Орусия тараптан аннексияланышынын бир жылдыгына карата тартылган тасмада Владимир Путин Крымды кайтарып алуу операциясы Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Янукович бийликтен кулатылган соң бир сааттан кийин кабыл алынганын айтат.

- Бул 22-февралдан 23чүнө караган түнү болду. Януковичти куткаруу операциясын биз таңкы жетилерде бүттүк. Мен кесиптештерим менен коштошуп жатып: “Биз Крымды Орусиянын курамына кайтаруу боюнча жумушту баштоого мажбурбуз” деп айтым, - деген Путин бул учурда атүгүл өлкөнүн өзөктүк куралын күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө даяр болгонун ачыктады.

Орус президенти Крымды аннексиялоого Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы – ГРУнун жана деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрү катышканын, алардын алдына коюлган башкы максат-жарым аралдагы Украина аскерлерин нейтралдаштыруу болгондугун белгиледи.

Бир жыл мурда Крымдагы референдумда добуш берип жаткан аял
Бир жыл мурда Крымдагы референдумда добуш берип жаткан аял

Ал Крымга жасалышы мүмкүн болгон ыктымал аскерий чабуулду алдын алуу максатында деңиз жээгине "Бастион" деп аталган кубаттуу коргонуу системалары жайгаштырылганын кошумчалады.

«Атургай бул комплекстерди биз атайын космостон көрүнө тургандай кылып орноттук. Крымды денизден да, кургактан да чеп кылып салдык ” деген Путин билдиргендей, аталган операцияны ал өзү жетектеген үчүн ийгиликтүү аяктаган: “Бул мен баарын туура кылганымдан эмес, өлкөнүн биринчи адамдары өздөрү кийлигишсе, аткаруучуларга иштөө оңой болот”.

Тасмада Путин Украинадагы «мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандар» бийликти эле басып албастан, Януковичтин өмүрүнө да коркунуч келтирген деп ырастайт.

- Бизге маалым болгондой, өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш жасагандар Януковичти бийликтен кулатып, камака алууну гана эмес, аны биротоло жок кылууну көздөшкөн. Белгилүү тарыхый каарман айткандай, "адам жок болсо, көйгөй да жок" болот эмеспи, - деди Путин.

Украиналык саясат талдоочу Виктор Небеженко тасма тууралуу “Азаттыка” менен маегинде буларга токтолду:

- Бул сюжеттерди биз анализдеп чыктык. Чынын айтканда, бул тасманы көргөн соң дагы бир жолу Крым дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч жараткан күтүүсүз маселе болгонуна ынанасың. Ошондой эле Кремлде кабыл алынган чечимдер Орусия сыяктуу державалардын алдында турган максатка дал келбестигин көрсөттү. Бир кезде Путиндин ушул айткандары үчүн Орусия абдан уялат деп ойлойм.

Крым жарым аралындагы эч кандай белгиси жок жоокерлер. 13-март, 2014-жыл
Крым жарым аралындагы эч кандай белгиси жок жоокерлер. 13-март, 2014-жыл

​2014-жылы 26-февралдан 27-февралга караган түнү аскерий эн белгиси жок, мыкты куралданган адамдардын чоң тобу Крым Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өкмөтүнүн имаратын басып алып, Орусиянын желегин көтөргөн.

16-мартта Крымда референдум өткөрүлүп, жарым аралдын шайлоочуларынын 97 пайызы Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Орусия аталган референдумдун жыйынтыгына шылтап, 18-мартта Крым жарым аралын өзүнө кошуп алган.

Ушу күнгө чейин Орусия жетекчилиги Крымды басып алганын үзбөй танып келген эле. Крымды аннексиялоого жооп кылып, Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Европа биримдиги жана АКШ былтыр марттан тартып Орусияга бир нече ирет санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG