Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Хиллари Клинтон: Асад легитимдүүлүгүн жоготту


Башар ал-Ассад жубайы менен,30-июнь, 2011-жыл
Башар ал-Ассад жубайы менен,30-июнь, 2011-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сириянын президенти Башар Асад демократиялык реформаларды ишке ашырчу лидер катары “легитимдүүлүгүн жоготту” деп жарыялады. Мындай айыптоолор Асаддын жактоочуларынын АКШнын элчилигине жасаган чабуулунан rийин жасалды.

- Эгерде кимдир бирөө, же президент Асад өзү АКШ репрессияларды уланткан сириялык режимди тымызын колдойт деп ойлосо, ал аябай жаңылышып жатат. Президент Асад сөзүнө турбаган адам катары биздин ишеничке ээ эмес, - деди Клинтон.

11-июлда Асаддын тарапкерлери АКШнын Сириядагы элчилигине чабуул жасашып, анын дубалдарын бузууга аракеттенип, таш, помидор жана жумуртка менен аткылашкан. Алар элчиликтин сакчылары курал колдонгондо гана токтошкон.

АКШнын элчилигинен тышкары, Франциянын элчилигине да кол салуу болду.

АКШнын Сириядагы элчилиги
Элчиликтерге чабуул АКШнын жана Франциянын Сириядагы элчилери Хама шаарына баргандан кийин башталды, ал жакта өкмөткө каршы митингдер өтүүдө.

Мамлекеттик департамент өз билдирүүсүндө Сириянын бийлигин АКШнын элчилигин “коргоодон баш тарткандыгы” үчүн күнөөлөдү.

Окуяны өз көзү менен көргөндөр элчиликке келгендер имараттын айнектерин талкалап, Сириянын туусун орнотушкандыгын айтышууда. Ага кошумча дубалдарга анти-америкалык граффити тартышып, АКШнын элчисин “ит” деп аташкан.

Ушундай эле калың эл Франциянын элчилигинин астында чогулуп, сакчылар абага ок атып, элди таркатууга далаалат кылышкан.

8-июлда АКШнын Сириядагы элчиси Ричард Форд кесиптеши Эрик Шевалье менен чогуу Сириядагы өкмөткө каршы митингдердин чордонуна айланган Хама шаарына барышкан. Бул шаар толугу менен оппозициянын көзөмөлүнө өткөн.

Хамадагы нааразылык акциясы, 1-июль, 2011-жыл
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд АКШнын элчилигине карата жасалган чабуулду мындайча сүрөттөйт:

- Бүгүн бир нече талоончу дубалдан ашып түшкүлөрү келишти. Алар дубалды талкалай алышкан жок, бирок тамбашыга чыгышкан. Айрым айнектер сынган. Андан соң алар элчинин резиденциясына барышып, ал жакта да бул көрүнүш кайталанган. Аларды, менин билишимче, АКШнын аскер-деңиз флоту аткылаган.

Виктория Нуланд билдиргендей, чабуул жасагандарды Сириянын бийликтерин колдогон телестанция кубаттаган. АКШ Сириядан дипломаттык корпустарды коргоону, элчиликтин чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылууда. Чабуул учурунда эч ким жараат алган эмес.

Ал эми Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мүчөсү Сирия бийлиги элчиликтерди коргоп калуу үчүн эч нерсе жасабаганын кошумчалады.

Франция биринчилерден болуп Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинен Асаддын режимине каршы резолюция чыгаруусун талап кылган. Марттан бери саясий реформаларды талап кылып, Асаддын режимине каршы чыккандарды өкмөт күч менен баскан эле.

Адам укуктары боюнча топтор толкундоолор башталгандан бери аз дегенде 1500 карапайым адам өлгөнүн кабарлашууда. Учурда миңдеген сириялыктар Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылышууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон
Асад өзүнө каршы чыккандарды күч менен басууну улантканына карабастан, эл аралык коомчулук аны оппозиция менен сүйлөшүүлөргө дагы деле чакырууда.

Өткөн аптада оппозиция Дамаскта өткөн эки күндүк конференцияга катышуудан баш тартып, күч колдонуу уланган соң сүйлөшүүлөр майнапсыз деп билдирди.

Белгилүү сириялык диссидент жана мурдагы сот Хайтам ал-Малех дүйшөмбү күнү Стамбулда өткөн маалымат жыйында журналисттерге кайрылып, “сириялыктардын көбү мага окшоп бул режим такыр кереги жок болгону үчүн кыйрашы керек деп ишенет” деп билдирди.

- Кайсы бир режим өз элине каршы ок атса, анын мөөнөтү бүттү. Бул режим өз элине каршы согуштук танктарды колдонууда. Сирияда 3000 танк элди тепсеп, алардын үйүн бузуп атат. Өлкө өз жарандары менен согушууда. Мындай бийлик легитимдүү эмес.

Обаманын администрациясы 11 жылдан бери бийликте турган Асадды курал колдонуп митингди басканы үчүн сындаганы менен, анын бийликтен кетишин Египеттегидей же Ливиядагыдай болуп талап кылган эмес.

Айрым эксперттер Сирияда ливиялык сценарийдин кайталанышы мүмкүн экендигин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG