Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

RSF: КМШда сөз эркиндиги начарлоодо


"Чек арасыз кабарчылар" уюму Орусиянын Берлиндеги элчилиги алдында өткөргөн пикет, 4-февраль, 2014
"Чек арасыз кабарчылар" уюму Орусиянын Берлиндеги элчилиги алдында өткөргөн пикет, 4-февраль, 2014

Дүйнөдө басма сөз эркиндигине байкоо салган “Чек арасыз кабарчылар” уюму былтыркы жылдагы абалга талдоо салган отчетун жарыялады. Анда айтылгандай, постсоветтик аймактагы мамлекеттердеги маалымат эркиндигинин абалы жылдан жылга начарлап баратат.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму шаршембиде жарыялаган баяндама 180 өлкөдөгү маалымат эркиндигине талдоо салган.

Йохан Биир – уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы. Ал “Азаттыкка” сүйлөп жатып, Орусиядагы бийликтер сөз эркиндигине, эркин мааалымат алууга каршы катаал мыйзамдарды кабыл алып, бул тажрыйбаны бүтүндөй регионго үлгү катары көрсөтүп жатышат деди.

- 2013-жыл Орусияда репрессивдүү мыйзамдардын кабыл алынышы менен эркин маалымат алууга мүмкүнчүлүк улам кыскарганы менен эсте калды. Маселен, коомдогу “салттуу баалуулуктарды коргоо” деген шылтоо менен гомосексуализмди пропагандалоого каршы жана Жаратканга акаарат келтирүүгө тыюуну караган мыйзамдар ишке киргизилди. Журналисттер өздөрүнүн ишине байланыштууу камалып жатышат.

Биир Беларуста көчө нааразылыктарын чагылдырган журналисттер камалаарын, Казакстан менен Азербайжанда кандай гана маалымат эркиндиги болбосун, аны бийликтер кысмактоого аракет кылышаарын да кошумчалады.

Украинадагы соңку саясий башаламандык менен байланышкан окуялар бул отчетто каралган эмес.

- Казакстан өзүндөгү улуттук опппозициялык медианын баарын 2012-жылдын башында эле жаап жок кылган. Андан бери бийликке сын айткан маалымат каражаттары же өтө чектелүү регионалдык деңгээлде иштеп келатышат, же жалпы улуттук деңгээлде чыкканга аракет кылып жаткандарына каршы түрдүү жасалма айыптар тагылууда.

Тажикстанда болсо былтыр президенттик шайлоодо бийликтеги Эмомали Рахмонго “ачык эле колдоо” көрсөтүлгөнү, ал арада айрым эркин маалымат агенттиктеринин интернеттеги сайттарына ой келди жасалган чабуулдар “кадыресе эле көрүнүш” болуп калганы белгиленди.

Катаал цензура Өзбекстанда сакталууда. Ал жакта азыр кеминде 10 журналист же блоггер түрмөдө отурат.

Түркмөнстан болсо Түндүк Корея жана Эритрея менен катар “дүйнөдө сөз эркиндигин катуу басмырлаган” же “журналисттер үчүн иштегенге эң коркунучтуу” үч мамлекеттин бири бойдон калды.

Постсоветтик региондо маалымат эркиндиги боюнча эң алдыңкы мамлекеттер Молдова, Армения, Грузия жаана Кыргызстан. Мунун себебин Йохан Биир мындайча түшүндүрдү.

- Анткени бул жумурияттарда плюрализмдин деңгээли жогору жана бийлик тараптан цензуранын таасири салыштырмалуу азыраак. Бирок бул “баары жакшы” дегенди билдирбейт. Өзгөчө социалдык бөлүнүп-жарылуу деген нерсе медиада кеңири сезилет. Редакциялык жамааттардын көз карандысыздыгы да бул өлкөлөрдө татаал маселе бойдон калууда.

Дүйнөдө сөз эркиндигин эң урматтаган үч мамлекеттин тизмеси былтыркыдан өзгөргөн жок. Булар: Финляндия, Голландия жана Норвегия.

Уюм бул жолку отчетунда АКШ менен Британиядагы сөз эркиндигинин абалына терс баасын берди. Баяндама авторлорунун ишениминде, ал өлкөлөрдөгү бийликтер жашыруун маалыматты таркатып жибергендерди жазалоону эле ойлой бербей, жарандарды көзөмөлгө алуу программаларын реформалоону ойлонушу керек болчу. Сөз албетте, Брэдли Мэннинг менен Эдвард Сноуден жөнүндө болуп жатат. “Чек арасыз кабарчылар” уюму алардын аракетин “албетте, коомдун кызыкчылыгы үчүн жасалган иш” деп баалаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG