Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:31

Блог-Миңсанат

Кытайдагы кыргыз тилдүү кол-фондун тагдыры

Төлөнтур Ыбырай "Бир ууч элибизге татыктуу эмгек жасаган бир тармактан бир-эки эле адамдын иши жетишет"
x
Төлөнтур Ыбырай "Бир ууч элибизге татыктуу эмгек жасаган бир тармактан бир-эки эле адамдын иши жетишет"
Текст көлөмү - +

Өткөн жылдын башында Кытайдын Кызыл-Суу аптоном обуласында “Кыргыз үнү” аттуу кол-фон сатыкка түшкөн эле. Алгач дүбүртү катуу чыгып, кийин дымы чыкпай калган бул иш боюнча суу башындагылардын бири, “Ташкын” өнөрканасынын ээси Төлөнтур Ыбырайды сөзгө тарттым.

- Буга чейин Сулайман Орозобай уулу менен Суранчы Абдылда уулу ”Нуска” деген телефонду базарга салган. Анда үч миңдин айланасындагы сөз кыргызчаланган. Биз болсок телефондогу сөздөрдү бүт кыргызчалаганга аракет кылдык. Мисалы СМС – «кат», ММС (Multimedia Messaging Service – телефондон сүрөт же видео жиберүү кызматы) - «асем кат» деген терминдер менен аталды жана башка көптөгөн жаңы сөздөрдү ойлоп таптык. Roaming (чет өлкөдө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү) - «кыдырма», аudio player -  «обон ойноткуч» деген сыяктуу мындан мурда калыпташпаган жаңы сөздөрдү колдондук. "Чымчык сойсо да касапчы сойсун" дегендей, телефон чалгандагы, ачып-жапкандагы үнү кыргызстандык адистердин жардамы менен жасалды. “Сизге чалуулар бар”, “Телефон келди, алып койуңуз”, “Урматтуу абонент, сизге кат келди”, “Кыргыз үнү жаңырсын!” деген сөздөр улуттук ыр-күүнүн коштоосу менен чыга тургандай жаздырылып, телефондун системасына зооттон (заводдон) орнотулду.

Төлөнтур досу Курманбай Расул уулу менен бирге заказ берген телефон Кытайда кол-фон (уюлдук телефон) жасоо боюнча маңдай алды болгон Шинжин шаарынан жасалып келген. Анда жалпы 5200 чакты сөз кыргызчаланып, кытай, ангилис тилдери да жайгаштырылган.

Ал эми ушундай кыргыз тилдүү телефондун бизге кереги бар беле?, - деп Төлөнтур Ыбырай уулунан сурадым.

- Бүгүнкү күндө кыргыз тили эле эмес, кыргыз улуту жок болуп кетчүдөй коркунучта турган абалда улут үчүн иштебесек, эртең кеч болуп калат. Жаңы замандын жаңы технологиясын биздин эл да заман менен тең тайлаш өз тилинде, улуттук өзгөчөлүгү менен кабылдаса, элдин арасына тегиз сиңип кирсе деп тилек кылабыз, - дейт ал.

Өкүнүчтүүсү, бул телефонго зооттон бир жасалып чыккан боюнча кайрадан заказ боло элек. Себеби ишкерлер алгачкы нускаларынын көбүн элге карызга таркатып, эми акчасын жыйнай албай кыйналып жатышыптыр. Бирок Төлөнтур мырза мунун арты сөзсүз ийгиликтүү уланат деген ишенимде.

Төлөнтур Ыбырай уулу өнөрканасын Кызыл-Суу Кыргыз Аптоном областынын борбору Артыш шаарында ачкан. Компьютердик тейлөөгө адистешкен өнөркананын иши менен эле чектелбестен 25 жаштагы ишкер  интернет баракчаларында кыргыз тилин киринди сөздөрдүн “киринен” сактоого чакырган аракеттерин жасап келет.

Чындап келсе, бир эле киши миңдеген адамдарга үлгү боло алаарын айткан Төлөнтур «Бүгүнкү 7 миллиард дүйнө калкынын компютер колдонуучулары бир эле адамдын эмгеги - Бил Гейтс түзүп чыккан компютердик программа системасы менен иш жасап келет. Анын сыңарындай, бир ууч элибизге татыктуу эмгек жасаган бир тармактан бир-эки эле адамдын иши жетишет болуш керек», деген оюн бидирет. 


Бектур Илияс
Үрүмчү


 

Багыттоочу сөздөр Бектур Илияс

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нур каяктан: орусия
20.02.2012 21:30
Төлөнтур АЗАМАТСЫН!!!! Кыргызстанга таркатууга мумкүнчүлүк изде,сөзсүз алабыз. Мындай идеялар анча мынча адамга келе бербейт, генийсин,паториотсун..Жайында Кыргызстанда болом кайдан алууга болот кабарлап тур.

кимден: Бектур каяктан: Үрүмчү
20.02.2012 15:40
Урматтуу пикир калтыруучулар, жалпыңыздардын тилектештигиңиздерге чоң ыракмат! Кыргызча колфон боюнча ой бөлүшкүсү келген окурмандар электирондук дарегиңыздерди калтыра кетсеңиздер же Төлөнтур мырзанын төмөнкү кат сандыгына кат жазсаңыздар болот.
Tolontur@mail.ru

кимден: Шарипа каяктан: Ош
20.02.2012 11:42
Баракеле Толонтур! Мен ойлойм эли жана тили жонундо ойлонгон адам созсуз патриот КЫРГЫЗ деп. Кыргыз тили тектеш тилдердин ичинен эн байыркы жана мааниси терен тилдерге кирет. Мамлекетте китептиби, компьтердиби которуш керек болсо ага биздин соз байлыгыбыз жетпейт дегендерге капа болом. Ар бир чын журоктон болсо жыйынтык чыгат. Ишинерге ийгилик ушул бойдон токтоп калбайсынар деп ойлойм. Келечекте бардык нерсини эне тилибизде колдоноорубузга ишенем.

кимден: Асан каяктан: Көк тиреген Теңир-тоо
20.02.2012 00:12
Урматуу Төлөнтур. Азаматсың! ишиңе ийгилик. Менде кызыгуудан улам бир-эки суроо бар эле.

1- бул телефондор кытайды чыгарылган кытай маркасындагы телефондор бу?

2- Телефондун менүлөрүнөн бир-эки сүрөт Азаттык жибере аласыңбы? Кандай болду экен көрөлүү...

Сунуш: 5200 сап кыргызча сөздөрдү маркалуу телефондорго киргизе алсак (аракет кылсак) жакшы болмок, мисал үчүн Nokia X2-02 кытайда жасалат экен, даргеи NLT-DG Nokia Telecommunication Ltd., DongGuan branch company, Keji Road, Nan Cheng Hight-Tech Industrial Park, Dongguan Municipality, Guang Dong, 523077 Chian.

Сапаттуу товар албетте өз ордун кардардан табат эмеспи.

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск шаары
19.02.2012 18:11
Азаматсын Толонтур. Сенин кылган эмгегин зор. Мен билгенимден сенин ар кимден ар бир создун туура которулушун издегениңе ыраазы болдум. Ракмат сага. Эми телефондорду насияга эмес, нак акчага сат. Мага деле 20, 30 телефон жонотчу, сатып алайын. Же акча которо турган банк-эсебинди айт. Жооп кутом.

кимден: Бекзат каяктан: Иркутск
19.02.2012 15:27
Азаматтсын Толонтур! Ишин илгерилеп, атагын алыска жетсин. Кыргыздын чыгаан мырзасы болуп журо бер!

кимден: Kylymbek каяктан: China
19.02.2012 14:44
Кандай гана иш болбосун ошол ишти суйуп, кызыгып иштесе оз жемиши болот. Эгерде кыргыз тилин онуктуру учун миллиондогон сомдорду коротуп, бирок озубуздун комокойундо, коронгосундо кыргыз руху куйуп жанбаса кетирген каражат, чыгарылган мыйзамдар бир тыйынга тете.
Толонтурдун эч кандай бийликтен же бироодон жардам сурабай оз иш аракети менен ушундай албан ишти аткарышы жакшы жана муну оз элинин эртенки тагдырына чындап куйгондугунун кузгусу. Элине, тилине, маданий салт санаа мурастарына болгон чыныгы суйуусу. Алдыдагы иштерине дагы коптогон ийгилик Толонтур.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.03.2012 22:40
Молодец

кимден: Жаныбек каяктан: Yрумчу
19.02.2012 08:24
Мен ушул тапта үй-бүлөм менен Үрүмчүдө жашаганыма үч жылча болуп калды.Кыргызстандын Ысык-Көлүнөнмүн.Университетте мугалим болуп иштейм.Чет тилдерин үйрөнүү Кытайда жакшы жолго коюлуптур.Үрүмчүдө жеке адамдардын ачкан окуу борборлору көп экен,бирок ушул жылга чейин кыргыздарды кы жок эле.Ушул жылдын башында ''Тил жана котормо'' журналынын баш редактору Макелек Өмүрбай уулу жана кыргыз телевидениеси,радиосу,университеттердин кыргыз мугалимдери катышкан ,кыргыз студенттердин(Мамбетказы,Жумабек ж.б.)демилгеси менен Кытайлык кыргыздардын "Кош бармак" илимий окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү.Окуу борбордун атын коюга демилгечилер Макелек агадан суранышыптыр.Макелек ага жалпы эле Кытайда кыргыздын төбөсү көрүнгөн мыкты инсандарынын бири.Бул менен мен эмнени айтмакчымын.Биз өз тилибизди урматтап ,сыйлашыбыз керек.Ошондо гана биз улут катары сакталып калабыз.Ошону менен бирге башка тилдерди үйрөнүүгө да улутташтарыбызды үндөшүбүз азыркы замандын талабы болуп жатат.Кытайдагы кыргыздар өз эне тилин эч качан унутушпайт.Кыргызстандагы киргиздерге караганда булар нак төл тилибизде сүйлөшөт,ага да карабай чет тилдерин үйрөнүүгө өтө куштар.Мен телефон аркылуу Төлөнтур менен байланышам,жогорудагыдай ишти кытайлык казактар эчак эле баштаган,жакшы иш кылып атыптыр ийгилик каалайм."Кош бармак"ка айтарым;ушул темптен жазбай ,башкаларга уят болбой ,ушул окуу борборун "гүлдөткүлө".

кимден: замир каяктан: россия
18.02.2012 20:00
рахмат төлөнтур бизге сендей чыгаан уулдар керек аман бол омурун узун болсун

кимден: Улан каяктан: Маскоо
18.02.2012 11:17
Баракелде! Мына чыныгы улутту, элди ойлогон азамат. Болбосо Кытайда эмес озубуздун Кыргызстанда андай нерсени ойлонгон жан жок болуш керек. Мамлекет башчылары чиновниктер озунун тиричилиги менен убара бечаралар. Толонтурдун эмгеги ото чон баага татыктуу ошол телефондорду КР га заказ кылыш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)