Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Уйгур дастанчылыгы: Тарыхый тамыры бар өнөр


Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессор Адыл Жуматурду (солдо) жана Йусуп Исак. 20.10.2015.
Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессор Адыл Жуматурду (солдо) жана Йусуп Исак. 20.10.2015.

Кытайдын борбору Бээжин шаарында уйгур дастанын изилдөөгө арналган эл аралык туңгуч илимий жыйын өттү. Ага манас таануучулар да жандуу катышты.

Алгы сөз

Кытай Эл Республикасында буга чейин кыргыз элинин “Манас” дастанына жана башка дастандарына, тибеттиктердин “Гэсэр” дастанына жана монголдордун “Жангар” дастанына арналган эл аралык илимий жыйындар бир нече жолу болгон. “Манас” дастанына арналган кезектеги эл аралык илимий жыйын Үрүмчү шаарында үстүбүздөгү айдын (тогуздун айынын, б.а. октябрдын) 23-25теринде өтөөрү маалым.

Ал эми Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн илимий жыйын, - “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйын” (англисче “The First International Symposium on Uighur Folk Dastan in China”) деп аталып тургандай, - Батыш Кытайдагы уйгур элинин дастан таануусунун көйгөйлөрүнө арналган эң алгачкы эл аралык илимий шерине (форум) болуп калды.

Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйындын” маалындагы көрнөк. 20.10.2015.
Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйындын” маалындагы көрнөк. 20.10.2015.

Шинжаң Уйгур Автоном Районунун Фолклор таануу жамааты бул илимий жыйынды уюштурду. Ага Кытай Коомдук илимдер академиясынын Этностор адабияты институту менен Шинжаңдын Адабият жана көркөм өнөр бирикмелеринин федерациясы колдоо көрсөтүп, биргелешип демөөрчүлүк кылышты. Эл аралык жыйынга Кыргызстан, Жапония, Түштүк Корея, Түркия, Германия, Финляндия сыяктуу мамлекеттерден жана Кытайдын Шинжаң Уйгур Автоном Районунан (ШУАР), ошондой эле борбор шаар Бээжинден ар кыл дастан таануучулар, түркологдор, тарыхчылар, тилчилер, адабиятчылар, музыка таануучулар ж.б. адистер катышты. Баяндамалар кытай (ханзу), англис, уйгур, түрк, кыргыз тилдеринде жасалып жатты. Жалпысынан 28 илимий баяндама окулду. Андан тышкары Ибрагим Йакуп, Бахтияр Абдуваит сыяктуу уйгур дастанчыларынын өкүлдөрү конокторго өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Илимий табылгалар жана сунуштар шеринеси

Илимий жыйында уйгур дастандарын жана фолклордук мурасын иликтеп жүргөн окумуштуулардын жоон тобу соңку табылгаларын ортого салышты.

Алардын арасында кытайлык уйгур таануучулар Абликим Меммет, Абдыкерим Рахман, Осман Исмаил, Курбан Мухамметтурду, Ма Шиоңфу, Хуаң Чжаңшиаң ж.б. мырзалар, Айнур Кадыр, Турсунай Турак, Чао Чжеңроң, Ажыгүл Осман, Бүсарем Имин, Хабибе Нияз, Рукия Турсун ж.б. айымдар, жапондук Жун Сугавара мырза, түркиялык Ибрагим Дилек, Адем Өгер мырзалар, кореялык Ың Гйөң О (Eun Kyung Oh) айым, ж.б. болду.

Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессор Лаң Йиң айым (солдо) талкуу маалында. КЭР. 19.10.2015.
Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессор Лаң Йиң айым (солдо) талкуу маалында. КЭР. 19.10.2015.

Илимий жыйында белгилүү манас таануучулар да уйгур дастанчылыгы тууралуу кызыктуу салыштырма баяндамалар менен чыгышты. Алардын арасында германиялык профессор Карл Райхл (ал азыр “Манастын” Жусуп Мамайдын айтуусундагы вариантын англис жана немис тилдерине которуусун жана жарыялоосун улантууда), жапон профессору Такао Нишиваки (бул мырза да “Манастын” Жусуп Мамайга таандык вариантынын айрым бөлүктөрүн жапон тилине которууда), Бээжинде иштеген белгилүү манас таануучулар – профессор Лаң Йиң айым, кыргыз профессору Адыл Жуматурду (уюштуруучулардын бири) ж.б. катышты.

Илимий шериненин ишине угуучу катары катышкандардын арасында кытайлык кыргыз окумуштууларынан Ысакбек Бейшенбек (уюштуруучулардын бири), Токтобүбү Ысак кызы, аспирант Айтмамбет Бейшебай уулу болду.

Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессорлор Такао Нишиваки (солдо) жана Карл Райхл. КЭР. 19.10.2015.
Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан профессорлор Такао Нишиваки (солдо) жана Карл Райхл. КЭР. 19.10.2015.

Жыйындагы айрым ой-пикирлер

Эркеш Курманбек айым (ШУАР): Бул жыйын нагыз илимий мүнөздө өтөт деп ишенебиз.

Чао Ке мырза (КЭР): Дастан – өнөр менен тарыхтын айкалышы. Ал калк тарыхын да чагылдырат.

Ма Шиоңфу мырза (ШУАР): Кытайдагы заттык эмес маданиятты сактоонун олуттуу бир өңүрү – уйгурлардын дастандарын сактоо. Муундан муунга өткөн уйгур дастандары - этнология, этнография, фолклор таануу сыяктуу илимий тармактар үчүн өтө баалуу булак.

Карл Райхл мырза (Германия): Дастанчылардын өнөрүн видео тасмага көбүрөөк тартып калуу жана санарипке түшүрүү керек. Интернет жана заманбап медиа каражаттарынын доорунда дастанды оозеки айтуу өнөрү тездеп жоголуп баратат.

Абдыкерип Рахман мырза (ШУАР): Уйгур дастандарын англис, инди, фарсы тилдерине да которуу керек.

Такао Нишиваки мырза (Жапония): Уйгур элинин “Тахир жана Зухра” дастанын француздук “Тристан менен Изолда” поэмасынын жана айтылуу “Ромео менен Жулиеттанын” чөл оазисиндеги тектеши катары кароого болот.

Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан кыргыз фолклор таануучулар Ысакбек Бейшенбек (оңдо) жана Айтмамбет Бейшебай (солдо). КЭР. 19.10.2015.
Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйынга” катышкан кыргыз фолклор таануучулар Ысакбек Бейшенбек (оңдо) жана Айтмамбет Бейшебай (солдо). КЭР. 19.10.2015.

Лаң Йиң айым (Бээжин, КЭР): Уйгурлардын жазма жана оозеки дастандары өз ара ширелишкен. Бул – уйгур дастанчылыгындагы өзгөчө көрүнүш.

Гайретжан Осман мырза (ШУАР): Уйгур элинин “Огуз-наме” дастаны 7-9-кылымдарда огуздардын арасында пайда болуп, кеңири таркаган “Деде Коркут” (“Коркут Ата”) дастанына таасир тийгизген.

Хуаң Чжоңшиаң мырза (КЭР; ал казакча жана уйгурча аралаштырып сүйлөдү): Казактарда дастандын айрым чакан түрлөрүн белгилөө үчүн “кысса” сөзүн да пайдаланышат.

Ың Гйөң О айым (Түштүк Корея): Түрк элдеринин дастандарынын башаты байыркы шамандык (бакшылык) ырларга жана дастандарга барып такалат. Өз уруусунун көсөмү болгон шамандын бейнеси кийинчерээк хан, падыша, вазир, баатыр, такыба динчи сыяктуу ар кыл кейипкерлердин бейнесине айлана берген... Түрк дастандарындагы ыйык сан катары каралган 3, 7, 9 сандары алтай тил тобунун бири катары түрк тилдери менен чогуу бирдиктүү топко кирген корей тилиндеги көөнө дастандарда да ыйык саналат.

Махинур Йунус айым (ШУАР): Уйгурларга да таркалган “Пархат менен Ширин” дастанынын башкы кейипкеринин прототиби - Ирандын Сасанийлер сулалесиндеги падышалар болгону жоромолдонот.

Ибрагим Дилек мырза (Анкара, Түркия): “Тахир жана Зухра” деп аталган уйгур дастанындагы айрым жагдайлар, мотивдер казак жана алтай дастандарыныкына окшошуп кетет, бирок алтайлык “Көзүйке” сыяктуу дастандарга таандык айрым көрүнүштөр бул уйгур дастанында учурабайт... Эми айтылуу түрк акыны Назым Хикметтин ыр саптарын эскертүү менен аяктайын: “Тахир болуу – уят эмес, Зухра болуу – уят эмес, Сүйүү үчүн өлүү – уят эмес. Эң башкысы – чын дилинен Тахир жана Зухра болуу!”

Йасин Метнийаз мырза (ШУАР): Хотан аймагында өзгөчө дастанчылык мектеби калыптанган. Мындагы дастанчылар калайык арасында дастан айтууну үй-бүлөсүн каржылоочу кесип катары аркалап келет. Жергиликтүү калайык аларды урматтап “кары” дешет (адатта, “кары” деп Куранды мыкты жаттап, кырааты менен окуй алган адистерди айтышат эмеспи). Белгилүү дастанчылардын арасында Худайберди, Абулхасан карылар бар... Дастанчылар бир күндө 300 юан көлөмүнө жетчү акчалай акыны элден жыйып алышы мүмкүн.

Рукия Турсун айым (ШУАР): Уйгур дастанчысы Абдурехим Низаринин чыгармаларында аялдардын бейнеси кеңири чагылдырылган.

Айнур Кадыр айым (ШУАР): Дастанды уккандардын чөйрөсүнүн улам тарышы жана оюн-шооктун заманбап технологияларынын кескин өзгөрүп-өнүгүп жатышы – уйгур дастанчылыгынын өнүгүшүнө өзгөчө бөгөт жаратууда... 2009-жылы КЭРде дастанчылык өнөрү - заттык эмес маданий мурастын бир бөлүгү катары таанылды жана 2011-жылы өлкөдө заттык эмес мурастарды сактоого багытталган атайын мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамдык өзгөрүүлөр уйгур дастанчылыгын изилдеп, анын мурастарын жазып, санарипке түшүрүп, архивге чогултууга жагымдуу шарттарды түздү. Учурда 300дөй уйгур дастаны санарипке түшүрүлдү.

Жун Сугавара мырза (Жапония): Немис саякатчысы Мартин Хартманн мырза 1902-03-жылдары Ош аркылуу Чыгыш Теңир-Тоого өтүп, Кашкар, Жаңыхысар, Жаркент шаарларына келет да, Савут деген казалчыдан Абдыракман Падша деген ысымдуу көтөрүлүшчү жөнүндөгү уйгурлардын дастанынын үч башка текстин алат...

Осман Исмаил мырза (ШУАР): Жазма дастан китеп аркылуу таркалат, ал эми оозеки дастан болсо сөз жана аны коштогон музыкалык аспаптын күүсүнүн көмөгү менен угармандарга таркалат... Тарыхый дастан менен баатырдык дастандын ортосунда айырма бар... Уйгур дастандарын түрлөргө бөлүп иликтөө зарыл.

Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйындын” маалындагы баяндамадагы дастанчы Курбаннияз Курбандын сүрөтү.
Бээжин шаарында 2015-жылдын тогуздун айынын 19-20унда өткөрүлгөн “Жуңгодогу уйгур дастандары боюнча эл аралык туңгуч илимий жыйындын” маалындагы баяндамадагы дастанчы Курбаннияз Курбандын сүрөтү.

Бүсарем Имин айым (ШУАР): Дастанчылык согуш маалында да, тынч заманда да эч качан токтоп калган эмес... Кыргыздар манасчылык өнөрдү колдоого алып, жигердүү изилдегени жакшы иш болду. Бул жүрүм уйгур жамаатына да өз дастандарын сактоо жааиында жагымдуу таасир тийгизди... 2012-жылдан тартып КЭРдеги уйгурлардын арасында дастанчы тарбиялоо курстары иштеп жатат... Азыр 40ка жакын жаңы дастанчы катталган. Бирок алардын көбү ири көлөмдөгү дастанды айта алышпайт. Алардын арасында айымдар, өзгөчө алганда, кыздар, абдан эле аз. Комулда, мисалы, Хажият-хан деген дастанчы айым бар.

Аблажан Йусуп мырза (ШУАР): Айтылуу “Огуз каган” дастаны азыркы тапта уйгур тилине да которулду.

Хабибе Нияз айым (ШУАР): Уйгур дастанын башка тилге которгондо, албетте, этностук-маданий өзгөчөлүк да эске алынышы абзел... Сөзмө-сөз которуу далаалаты дайым эле туура натыйжа бербейт... Абдурахман Падша тууралуу уйгур дастанынын айрым саптарындагы “Мийеннетлик карындаштан // Вападар ашна йахшы” (“Милдет кылчу туугандан // күйүмдүү курбу жакшы”) сыяктуу накыл сөздөр чет тилге так эмес которулган учурлар бар.

Хасийет Адхэм айым (ШУАР): Уйгур дастанчылыгында “терме” усулу бар. Бул “терме” сөзү кыргыз жана казак тилдеринде да учурайт. Уйгур дастанчылары өздөрүнүн негизги дастанына киришүүдөн оболу калайыкты жыйып алуу үчүн аткарган чыгарма - “терме”. Анын бир мааниси – элди терип, б.а. угарманды жыйып алуу деген түшүнүккө барат ко дейм. Мен Түштүк Шинжаңда изилдөө жүргүзүп жатканымда, 17 дастанчыны уктум, алардын 14ү дастанды баштаардан оболу терме айтышты.

Йусуп Исак (Бээжин, КЭР): Уйгур оозеки адабият мурасын сактоого партия менен өкмөтүбүздүн чоң жардамы тийүүдө. Азыр 80ден ашуун уйгур дастанчысы бар. Арасында айымдар, кыздар учурайт... Дастанчылыкты иликтөөдө зор салым кошкон окумуштуу – профессор Лаң Йиң айым. Анын окуучусу, профессор Адыл Жуматурду мырза эми өзү да илимий иштерге жетекчи болуу укугуна ээ болгон аалым.

Чогийн (Chao Gejin) мырза, теги монгол, Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын академиги, Кытай фолклор таануу коомунун президенти (Бээжин, КЭР): Бул эл аралык илимий жыйындын демөөрчүлөрүнүн атынан анын катышуучуларына ыраазычылык билдирем... Уйгур дастандарын жана башка фолклордук мурастарын санарипке өткөрүп, архивдештирүү иши да акырындап жолго коюлууда. Мултимедиялык усулдарды пайдалануу керек. Маселен, фолклордук чыгармаларды жана эл өнөрлөрүнүн башка өрнөктөрүн аудио-видео тасмаларга алуу иши улантылмакчы.

Адыл Жуматурду мырза, профессор (Бээжин, Кытай): Уйгур дастанчылыгын иликтөөдө салыштырма усулду кеңири колдонуу абзел. Дастанчылыктагы мурастоо, устат-шакирт мамилелери сыяктуу өңүттөрдү терең иликтөө зарыл.

Ал эми Кыргызстандын өкүлү катары илимий жыйынга катышкан ушул саптардын ээси болсо кыргыздын баатырлык дастаны “Манас” жана түрк калктарынын орток дастаны болгон “Огуз нааме” экөө тең Ички жана Борбордук Азиядагы Хун дөөлөтүнүн доорунда, б.а. биздин заманга чейинки эки кылымдын ичинде жарала баштаганын белгиледи. “Огуз наамедеги” көптөгөн сөздөр азыркы кыргыз жана алтай тилдеринде көбүрөөк сакталган. Бул тууралуу профессор Гүлзура Жумакунова сыяктуу адистер да баса белгилешкен. Түрк калктарынын көөнө дастандарын тарыхый-салыштырма усулдар аркылуу иликтөө абзел.

Талкуунун чети оюлбастай

Эл аралык илимий шерине маалында кызуу талкуу да жүрүп жатты. Маселен, жапон аалымы Жун Сугавара мырза жыйындын катышуучуларына: “Дегиңкиси, оозеки дастанды текстке түшүрүп сактоо – оозеки дастанчылыкка өлүм жазасын жарыялоого тетеби?” – деген суроону узатты. “Деги, “дастан” деп эмнени айтуу керек?” деген суроонун тегерегинде да кызуу талкуу уланып жатты. Сыягы, бул жааттагы талашка жакынкы болочокто акыркы чекит коюлчудай көрүнбөйт окшойт.

Айрым орток түрк дастандарын бүгүнкү бир гана этноско таандык кылып кесе айтуу туура эместиги да белгиленди.

Биздин уйгур таануучу кесиптештерге багытталган: “Уйгурлардын Казакстандагы жана башка өлкөлөрдөгү диаспорасында дастанчылык сакталды бекен?” - деген сурообузга үрүмчүлүк изилдөөчү Осман Исмаил: “Жок, кейиштүүсү, сакталган эмес. Бирок дастан таануу жаатында Казакстандагы уйгурлардын окумуштуулары 1940-жылдардан тартып эле кыйла иштерди аткарышкан”, - деп жооп кайырды.

Жыйынтык сөз

Бээжин шаарындагы уйгурлардын дастандарына арналган эл аралык туңгуч илимий шерине Чыгыш жана Батыштын окумуштууларын баш коштуруп, фолклор таануу, адабият таануу, музыка таануу, этнография, тарых, булак таануу, архив таануу, санарипке түшүрүү жана башка адистиктер менен алектенген ар кыл тармактардын өкүлдөрүнүн баарлашуу майданы кызматын аткарды.

Азырынча уйгурлардын дастанчылык өнөрүн иликтөөгө арналган болочокку (экинчи) эл аралык жыйындын болжолдуу мөөнөтү жана орду тууралуу расмий маалымат таркатылган жок. Бирок “туңгуч (уйгурча “тунжи нөветлик”) жыйын” деген сөз, албетте, мындай олуттуу жыйындар келечекте улантылышы күтүлөөрүнө ишаара кылат эмеспи.

XS
SM
MD
LG