Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Кытай маданияты жаштарды тартууда


Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси Ци Даюя эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыш айрыкча гуманитардык жаатта жандуу өнүгүп баратканын белгиледи.

Кундуз Асылбекова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун 4-курстагы студенти. Ал кытай тили боюнча экзаменди мыкты тапшырган үчүн былтыр Кытайда бекер окуп келиптир. Анын айтымында, кытай тили дүйнөлүк тилдердин катарына кирип бараткандыктан, ал эми Кытай дүйнөдө таасирлүү өлкөлөрдүн бири болгондуктан бул тил келечекте сөзсүз керек.

- Азыркы убакытта жакшы эле үйрөнүп калдык – 4-деңгээлге келдик, эми бешинчисине даярданып жатабыз. Мен окуп жаткан университетте кытай тилин үйрөнүүгө бардык шарттар бар: Кытайдан ыктыярчылар келип, жалаң кытай тилинде сабак берип турушат, ар бир аудиториялар тиешелүү түрдө жасалгаланган, видеолор менен үйрөнөбүз.

Конфуций институту Кыргыз улуттук университетте 2006-жылы биринчилерден болуп ачылган. Институттун тең жетекчиси Үмүт Култаеванын айтымында, башында студенттердин арасында кызыгуу аз болуп, жүздүн тегерегинде эле окуса, азыркы учурда алардын саны 2000ге жетет. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо Кыргызстандагы жана Кытайдагы ишканаларда котормочу жана башка адис болуп эмгектенип жатышат.

Конфуций институту кыргыз-кытай темасына арналган белгилүү окумуштуулардын лекциялар түрмөгүнүн алгачкысын уюштурду. Сыйлуу конок катары чакырылган Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюя Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле бекемдеп атканын белгиледи.

- Баарыңарга белгилүү болгондой, акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы алака-катыш жакшы өнүгүп баратат. Мунун баары ар кандай тармактарда, айрыкча, гуманитардык жаатта жакшы байкалат. Силердин университетиңердеги Конфуций институту Кытайдын тарыхын жана маданиятын таанууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Дүйнө жүзү боюнча 300дөн ашык Конфуций институту жана 350дөн ашык класстары ачылган. Кыргызстанда азыр Кыргыз улуттук университеттен сырткары Бишкек гуманитардык жана Ош мамлекеттик университеттеринде Конфуций борборлору ачылган.

Кыргызстанда жаштар арасында кытай тилине жана маданиятына кызыккандардын саны өскөнү менен кошо жарыша жергиликтүү калк арасында чакан коңшусуна Кытайдын экономикалык жана маданий экспансиясы күч алууда деген кабатыр ой кеңири жайылууда.

“Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановдун айтымында, өлкөдө идеологиянын боштугунан кыргыз жаштары бөтөн маданиятка жеңил ооп жатышат жана Кытай бул абалды колдонуп атат.

- Тарыхты карасак Кытай коңшу мамлекеттерди жана элдерди күч менен эмес, тынчтык жолу менен алган. Кытайда “цян чжи” деген термин бар. Ал курттай бир-бирден жеш керек дегенди билдирет. Кытай эли биздин өлкөгө кирип, кыздарыбызды алып, кытайдын санын көбөйтүп жатышат. Ошентип келатып мектеп ачыш керек болот. Ансыз да Жал кичи районунда ачабыз деп жатышпайбы.

Бирок Кыргыз улуттук университеттеги Конфуций институтунун тең жетекчиси Үмүт Култаева Кытайдын маданий экспансиясы деген ойго караманча каршы.

- Менимче, бул объективдүү процесс, анткени тарыхтын өнүгүшүндө мындай көрүнүштөр дайыма байкалган. Бир мезгилде француз маданияты аябай жогору деңгээлге өнүгүп, мисалы, Орусиянын өзүндө француз тилинде сүйлөгөн адамдарды маданияттуу жаран деп эсептеген да. Андан кийин англис тили өнүктү, азыр болсо кытай тили ошондой масштабга жетип жатат. Биз бул процессти токтото албайбыз. Биздин муун даяр болуш керек, биз кечигип калбашыбыз керек. Биздин адистер кайсы жерде болбосун, кыргыздын намысын мыкты коргогон адис болууга жараш керек. Артта калсак биз жалпы мезгилден артта калабыз.

Кыргызстанда Конфуций институттарынан сырткары бир нече жогорку окуу жайларда жана орто мектептерде кытай тилин окуткан Конфуций класстары ачылган. Чүй облусу боюнча Кытайдын мамлекеттик CCTV орус телеканалы көрсөтөт.

Экономика жагынан алганда, “Дордой” жана Кара-Суудагы ири базарлары негизинен Кытай товарларын сыртка сатат. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү жыл сайын 10 миллиард долларга чейин жетет.

XS
SM
MD
LG