Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Кытай менен Пакистан стратегиялык достукту "ширетти"


Си Цзинпин (солдо) жана Наваз Шариф (оңдо) маалымат жыйынында. Исламабад, 20-апрель 2015
Си Цзинпин (солдо) жана Наваз Шариф (оңдо) маалымат жыйынында. Исламабад, 20-апрель 2015

Кытай дайыма Пакистан муктаж болгондо жардам берген, ошондой эле Кытай эли дайыма Пакистан эли менен бирге болот. Мындай билдирүүнү Кытай лидери Си Цзинпин 21-апрелде Пакистан парламентинин кош палатасында жасады.

Президент Си Цзинпинин Исламабаддагы эки күндүк сапары бүгүн, 21-апрелде карыйт. Быйылкы биринчи чет элдик сапарын Пакистандан баштаган президент Си Исламабадга чоң экономикалык долбоор менен келген.

Си Цзинпин 21-апрелде Пакистан парламентинде жасаган кайрылуусунда эки өлкө арасындагы мамилени сыпаттоодо көркөм сөздөрдү аябады. Кытай жана Пакистан ислам согушчандарынын бирдей жабыр тартып жатканын, “окшош кыйынчылыктар эки элдин жүрөгүн жана жанын бириктиргенин” баса белгиледи. Кытайдын батыш чек арасын коопсуз кылууга кошкон чоң салымы үчүн Исламабадга ыраазчылык билдирип, эки өлкөнүн достугу, пакистандыктар айткандай, “тоодон бийик, океандан терең жана балдан татуу” деди Си. Анын сөзүнө Пакистан парламентарийлери тура калып кол чаап жатышты.

Премьер-министр Наваз Шариф өз кезегинде Пакистан Кытайдын коопсуздугун өз коопсуздугундай карайт деп ишендирди жана терроризмге каршы чогуу күрөшөбүз деп сөз берди.

Наваз Шариф 20-апрелде Си Цзинпин менен болгон сүйлөшүүдөн кийин да Кытайдын коопсуздугу Пакистан үчүн өтө кымбат экенин кабарчыларга жарыя кылаган:

- Президент Сиге Пакистан Кытайдын коопсуздугун өз коопсуздугундай маанилүү деп санайт деп сөз бердим.

Пакистан курал-жаракты негизинен Кытайдан алат. Бээжин Пакистан урууларынын башкаруусундагы аймактарды байырлап жүрөт делген шинжаңдык жикчилдерге каршы күрөштө Исламабад жардам берет деген үмүттө.

Маалыматтарга караганда, Си Цзинпин жана Наваз Шариф Пакистанга Кытайда жасалган сегиз даана суу астында жүрчү кемени сатуу боюнча узактан бери бүтпөй жүргөн келишимге да батасын берет. Медиабулактар билдиргендей, аскердик келишимдин наркы 4-5 миллиард долларды чапчыйт. Синин сапары кезде бул долбоор тууралуу ачык айтылбады. Шариф, бирок, Кытай менен аскердик кызматташуу дагы тереңдетилет деген тилегин жашырган жок.

Си Цзинпин менен Наваз Шарифтин жалпы журтка түз көрсөтүлгөн кайрылууларын Исламабаддагы чет элдик дипломаттар жана Пакистандын аскерий жетекчилиги депутаттар менен чогуу отуруп эшитишти.

20-апрелде Кытай жана Пакистан 47 миллиард долларлык долбоордун лентасын кести. Расмий маалымдалгандай, ал каражаттын 37 миллиард доллары энергетика тармагын өнүктүрүүгө сарпталат. Натыйжада, Пакистан кубаты 16 400 мегаваттык ГЭСтерге, балким АЭСке да ээ болот. Эскерте кетели, Кыргызстан Орусиянын насыясынын эсебинен куруп жаткан Жогорку Нарын ГЭСинин кубаты 237,7 мегаватт.

Ал эми калган 10 миллиард долларга Пакистандын Гвадар портун Кытайдын Кыргызстанга босоголош Шинжаң чөлкөмү менен туташтырчу мунай кууру, даңгыр жана темир жолдор курулат. Гвадар Араб деңизиндеги маанилүү порттордун бири. Бул инфраструктуралык жана энергетикалык долбоор ишке кирсе, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африканын мунай-газы жана башка минералдык байлыктарын Кытайга жеткирүү алда канча тездейт. Пакистан болсо маанилүү транспорттук хабга айланат.

XS
SM
MD
LG