Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:30

Экономика

Кытай Жапонияны артта калтырды

Дүйнөдө экономикасынын өнүгүшү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунду Кытай ээледи. Жапон өкмөтү жарыялаган соңку баяндамага караганда, анын экономикасынын өнүгүшү, Кытайдыкы менен салыштырганда кескин басаңдаган. Ортодо айырма өтө кичине болгонуна карабай, мунун өзү Кытайдын регионалдык, глобалдык таасирин арттыра турган белги экени айкын.

Кытай 20 жылдан кийин АКШны артта калтырышы мүмкүн
Текст көлөмү - +
Жапон өкмөтү дүйшөмбүдө жарыялаган статистикага ылайык, экономикасынын өнүгүшү боюнча бул өлкө Кытайдан артта калды. Мындай болоорун, дегинкиси, эки өлкөнүн тең экономисттери менен саясатчылары көптөн бери эле күтүшкөн.

Быйылкы жылдын экинчи кварталында Жапониянын Ички дүң продуктусунун көлөмү 1,28 триллион долларды түздү. Ал арада Кытайдыкы 1,33 триллион долларга чыккан.

Чын-чынында муну менен эле азыр бир тыянак чыгарууга болбойт. Кытай дүйнөдөгү экинчи экономикага айланды деп ачык айтууга да эртелик кылаар. Анткени соңку көрсөткүч болгону апрелден июнга чейинки үч айды гана камтыйт. Узагыраак мөөнөттөн эсептегенде, баары бир азырынча Жапония алдыда баратат.

Бирок экономикасы жылына орточо 10% деңгээлинде өсүп жаткан Кытай болочокто Жапониянын 40 жылдан ашуун мезгилден бери эч кимге бербей келген оордун ээлей турганын азыр эч ким деле тана албайт. Жапония тээ 1968-жылы Батыш Германиядан ашып түшүп, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланган эле.

Токиодо Экономика министри Сатоши Арай бул окуянын маанисин анчалык көтөрмөлөй бербегенге чакыргансыды.

“Ким алдыда, ким артта – мунун айырмасы деле жок. Бул болгону ар бир мамлекеттин экономикасынын учурдагы абалын көрсөтөт, - деди ал. - Биздин мамлекетибиздин өнүгүшү Кытайдын жана Азиядагы башка мамлекеттердин өнүгүшүн шарттап жатат. Бул да биздин стратегиябыздын бир бөлүгү”.

Жапониянын өзүндө карапайым калк экономикадагы өзгөрүүлөргө анча деле маани бербегендей. Быйыл жыл башында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, жапониялыктардын жарымынан көбү алардын өлкөсү дүйнө экономикасындагы өзгөчө таасирин жогото баштаганын анчалык деле маанилүү эмес деп билишет.

Аналитиктер болсо Кытайдын экономикасынын өнүгүшү Жапонияга да жакшы таасир этээрин айтышууда.

Жапон изилдөө институтунун башкы экономисти Хейдеки Мацумура: “Мунун жагымсыз элементтеринин бири – Кытайдын технологиясы өнүккөн сайын алардын компаниялары жапон ишканалары менен атаандаша башташат. Бирок жакшы жагы – Кытай өнүккөн сайын анын эли Жапониянын товарларын көбүрөөк сатып ала баштайт. Демек, жалпысынан Кытайдын өнүгүшү Жапонияга да пайдалуу”.

Кытайдын ийгилиги глобалдык деңгээлде да саясий чечимдерге таасир этип жатат өңдүү. Дүйшөмбүдө "New York Times" гезитинин кабарчысы Дэвид Барбоза жазганына караганда, Кытай глобалдык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычына айланды. Өлкөнүн лидерлери болсо эларалык саясатта өздөрүн ишенимдүүрөөк ала башташты. Миллиарддаган долларлык соода келишимдерди түзүү менен алар Азияга, Африкага жана Латын Америкага таасирин күчөтүштү.

Экономисттердин божомолдоруна караганда, эгерде Кытай өнүгүүнү азыркы деңгээлинде кармап тура алса, 20 жылдан кийин АКШны артта калтырып, дүйнөдөгү эң күчтүү экономикага айланат. АКШнын ички дүй продуктусунун жылдык көлөмү азыр 14 триллион долларды түзөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
18.08.2010 17:14
Бектин айтканына кошулам. Онуккон экономикасы болгон коншу бизге ото пайдалуу. Тусполубуз окшош болгондуктан Кытайга барганда бери жагы коз учу менен эч ким чет элдик экенинибизди бизге сездирбейт. Кыргызстан бул коншулуктан пайда табат. Онуккон олколор стабилдуу коншулары болушун каалашат жана экономикалык кызматташтыкта коншуларга ботончо конул бурушат. АКШ Канадага жана Мексикага конул бургандай эле. Кытай азыр авто- жана темир жолдорго конул буруп батыш тарабынан Пакистан аркылуу Инд океанына ачылып атат. Биз да бул мумкунчулуктордон колдонуп Казакстанга, Россияга болгон транспорттук коз карандылыкты азайтсак болот. Жана ушундай толгон кызматташтыктын турлору бар Кытай менен болгондо да биз ута турган Кытай да ута турган.
Эн негизгиси биз эл катары озубузду жерибешибиз керек. Биз акылдуу, эмгекчил элбиз. Улам такшалып улам бышып келаткан чагыбыз. Байкалбаганы менен менталитет, моралдык жана руханий жактан ото чон озгоруулорду башынан откоруп аткан элбиз. Болгондо да позитивдуу жагына. Саясый технологдор эмне дебесин (айткандары негизинен аткарылбады, алар да динамикасы биздей тез озгоргон элдин кулундары болбогону учун пульсту олчогондо ар дайым жанылышты) биздин олкобуз бакубат жана бай олко болот.

кимден: Бек
17.08.2010 12:38
Биздин келечегибиз Кытай менен, Орусия менен эмес. Кытай дүркүрөп өссө кыргыздар дагы мындан пайда табат. Мисалы, батышка барганда азыр азиялыктарды сыйлап калышкан. Кытайга барсаң ал жерден жергиликтүү калк менен билинбей аралышып кетесиң тилин жакшы билбесең деле. Ошол эле 100 жылдан ашык Орус "боордошуңдун" Орусиясына барсаң басмырлап үчүнчү сортогу адам кылып салышат. Ошон үчүн кытай тилин үйрөнүп Кытайды өзүбүзгө ачалы, эскиче эле Орустарды карап отура бербей.

кимден: Нарынбай каяктан: Бишкек
17.08.2010 08:59
Кытайдын экономикасыу кмуш темп менен өнүгүп жатканын көрүп, "кыргыз өтө кыйын калкбыз" дегенибиз да туура эместей болуп сезилет.Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик чоң чакырык, саясат кабыл алуусу зарыл деп эсептеймин. Бийлик талашып олтуруп ушу акыбалга келдик.Пекиндин аянтында митингге чыккан студенттерди атып салды эле мамлекет тынчыды калды. Ата-мекендик өндүрүштү колдоо керек. Ал үчүн криминалитетти жана салыкты, бюрократияны жана чеги жок текшерүүлөрдү ооздуктоо керек!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)