Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:26

Дүйнө

Экономика: Кытай экинчи эңгезерге айланат

Кытай былтыр экономикасы 8,7 % өскөнүн билдирди. Муну менен ал экономикасынын көлөмү боюнча Жапонияны да артта калтырып, дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи ири экономикага айланууга жакындап калды.

x
Текст көлөмү - +
Кытайда 2009-жылдын акыркы үч айында экономикадагы өсүш, 2008-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, 10,7 % өсүп кетти. Муну жергиликтүү бийлик да күтпөгөнүн моюнга алып, алар өсүш 8 % тегерегинде болот го деп болжошконун айтышты.

Буга чейин экономисттер Кытайда социалдык стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн экономикадагы өсүш 8% түзүшү керек дешкен эле.

Ошентип, Кытай азыр Жапониядан да озуп, дүйнөдөгү экинчи ири экономикага айланганы турат.

Жапония былтыркы жыл боюнча экономикалык көрсөткүчтөрүн февралда жарыялашы күтүлүүдө. Анын экономикасы былтыр 6% кыскарган болушу мүмкүн.

Кытайдын экономикасындагы өсүш тууралуу өлкөнүн улуттук статистикалык бюросунун жетекчиси Ма Жияңтаң кабарлады. Анын айтымында, былтыр Кытайдын экономикасы “оор кыйынчылыктарга” туш болду, бирок кризистен аман чыгып, азыр туура жолдо өнүгө баштады. Бирок төш кагып, мактанганга эрте, дейт Ма мырза.

“Былтыр экономика эмненин айынан мынчалык өскөнүнө карабай, биздин улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү адам жанына эсептей келгенде баары бир дүйнөдөгү 100 алдыңкы тизменин артында калып жатат, - деп айтты ал. - Калктын көптүгү, экономикалык институттардын чабалдыгы, ресурстардын жетишсиздиги, жакырчылыкта жашагандардын көптүгү, - мунун баары Кытайда дале бар.

Эксперттер болсо Кытайдын экономикасынын өсүшү жалпы дүйнөлүк экономиканын кризистен чыгышына шарт түзөт дешет. Кытайлар байыган сайын сырттан кара майды да, буюм-тайымдарды да көп импорттой башташат деп ойлошот.

Кытайда былтыр жыл этегинде экономиканын өсүшүнө мамлекеттин экономиканы стимулдаштыруу аракеттери себеп болду. Андыктан аналитиктер стимулдаштыруу планы ишин токтотушу менен, мунун таасири заматта жалпы экономиканын өсүшүндө байкалат дешет. Ма мырзанын айтымында, кытайлык жетекчилик азыр экономикадагы өсүштү ушул калыбында кантип сактап калуунун үстүндө баш оорутуп жаткан кези.

“Эң оболу, кантип өсүштү ушул деңгээлинде сактап, ошол эле учурда баалардын кескин өсүп кетпешине жетишүү маселеси турат. Биз экономиканы өстүрүп, бирок инфляциянын деңгээлин көзөмөлдөп турушубуз зарыл”, - деди Жяңтаң.

Батыштагы эксперттер Кытайда экономика өскөнү бийликтерде юаньдын долларга карата баасын көтөрүүгө ишеним жаратат го дешет. Анткени Кытай өзүнүн улуттук акчасы юаньдын баасын көтөрсө, кытайлык сатып алуучулар үчүн сырттан буюмдарды алуу арзан болуп калат. Демек, импорттун көлөмү өсөт. Дүйнөлүк экономиканын жанданышына шарт түзүлөт. Бирок буга чейин Бейжин өзүнүн өндүрүшчүлөрүн колдоо иретинде экспортко басып жасап, акчасынын курсун бир калыпта төмөндөтүп келди.

Ал арада Дүйнөлүк банк жалпы дүйнө боюнча өкмөттөр экономиканы стимулдаштыруу пландарын токтото башташы менен глобалдык экономикада өсүш да быйыл төмөн болоорун эскертти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.01.2010 21:45
эңгезер: эңгезердей огромный, громадный; эшик ал-дын карасаң, эңгезердей мунар бар фольк. посмотришь, а перед дверью (или перед воротами) огромная башня.

кимден: Сабыр каяктан: Бишкек
22.01.2010 10:29
"Эңгезер" деген эмне деген сөз болду экен? Мектепте эне тил деген сабакты жакшы эле окудум эле, бирок мындай сөздү уккан эмесмин.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)