Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

Кытай компартиясы багытын издөөдө


Студенттер Кытай КП БКсынын башкатчысы Ху Цзинтаонун партиялык курултайдын ачылышында сүйлөгөн сөзүн телемонитордон көрүшүүдө. Жуйи шаары. 8-ноябрь
Студенттер Кытай КП БКсынын башкатчысы Ху Цзинтаонун партиялык курултайдын ачылышында сүйлөгөн сөзүн телемонитордон көрүшүүдө. Жуйи шаары. 8-ноябрь

Бээжинде Кытай коммунисттик партиясынын XVIII курултайы ачылды.

Негизги докладчы, партиянын баш катчысы Ху Цзинтао коррупциянын жайылышына жол бербөө жана жубардай таза өкмөт куруу коммунисттик жетекчиликтин үлкөн парзы экенине токтолду.

Муну азыркы жетекчиликтин ыкласы менен мамлекет башына он жылга келчү “бешинчи муунга” айтылган осуят деп түшүнсө да болот.

Курултайда Кытай компартиясынын баш катчылыгына Саясий бюронун мүчөсү, вице-президент Си Цзинпин расмий дайындалат деп күтүлүүдө.

Дүйнөдөгү эң чоң Компартиянын курултайын Кытай президенти Ху Цзинтао ачты. Демейде беш жылда бир болчу курултайдын ачылышында жасалган доклад партиянын ишине көрсөтмө курал болот.

Ху Цзинтао курултайда сөз сүйлөөдө.
Ху Цзинтао курултайда сөз сүйлөөдө.
- Партиянын көздөгөнү коррупцияга бөгөт койуу жана чынчыл, таза өкмөттү куруу. Бул элдин көңүлүндөгү маанилүү саясий маселе. Биз эгер бул маселени оңгоро албасак, ал партия үчүн өтө опурталдуу болушу ыктымал; атүгүл партиянын кыйрашына жана мамлекеттин бүлүнүшүнө алып барат.

Курултайга партиянын 82 миллиондуу мүчөсүнүн 2270 өкүлү катышууда. Туура он жыл мурдагы жыйында Кытайдын ошол кездеги башчылары кокус коррупция ооздукталбаса, өлкөнү ичинен иритет деп эскертишкен.

Кытай Коммунисттик партиясынын XVIII курултайына эл аралык коомчулук да кылдат көз салууда. Себеби он жыл өлкө башында турган лидерлердин ордуна вице-президент Си Цзинпин баштаган жаңы муун келет. Ар он жылда жетекчилик алмашуу партиялык салт. 2013-жылдын мартына президенттик тизгин да Си Цзинпинге өтүү керек. Өкмөттү жетектөө 1-вице-премьер Ли Кэцянга тапшырылат.

Президент Ху Цзинтао өз сөзүндө партия дагы демократиялуу болушу керек экенине да токтолду.

- Саясий түзүмдөрдү реформалоо Кытайдагы реформанын маанилүү бөлүгү. Биз саясий структураны реформалоону жигердүү жана кылдат улантышыбыз керек; ошондой эле элдик демократияны дагы кеңири масштабда жана турмуштук жагдайга ылайыктап жүргүзүшүбүз абзел.

Азыркы партиялык маанилүү жыйын бийликтин жогорку эшелону да жемсөөлүккө кеңири көнгөнүн күбөлөгөн фактылар жарыя болгон тушта өтүүдө.

Компартия, маалыматтарга караганда, премьер-министр Вэн Цзябаонун жакын туугандарына таандык делген 2,7 миллиард доллардын тек жайы тергеле баштаган. Бул жөнүндө “Нью-Йорк Таймс” гезити жазып чыккан болчу.

Сентябрда Компартиянын Саясий бюросунун Туруктуу комитетине мүчө болору айтылып жаткан Бой Силайдын аялы британиялык бизнесменди өлтүрдү деп соттолгондон кийин партиядан айдалган.

Өкмөттүк “Чайна Дейли” гезити үстүдөгү аптадагы санында өткөн беш жылда партиянын 660 миң мүчөсү жемсөөлүк сыяктуу иштер боюнча жоопко тартылганын, Кытай эли “коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүлөт” деген үмүттө экенин жазды.

Партиядагы жогорку кызмат орундарындагы адамдардын мансабын байлык топтоо жана бийлигин чыңдоо үчүн пайдалануусуна жол берилбесин Ху Цзинтао да курултайдын ачылышындагы сөзүндө баса белгиледи.

- Эч бир топто же кимдир бирөөдө Конституцияны жана мыйзамды бузгандай укугу болбош керек. Биз эч кимдин сөзү же жеке бийлиги мыйзамды алмаштырганга жол бербейбиз. Же жеке пайдасы үчүн мыйзамды кимдир бирөөнүн көзүнө илбей койгонуна да мүмкүнчүлүк бербейбиз.

Ху Цзинтао тышкы саясатка токтолуп, Тайвандын көз карандысыздыгы жөнүндө сөз болбош керектигин, жакынкы жылдары өлкөнүн деңиз аскер күчтөрүн да кубаттандырууга астейдил көңүл буруларын белгилей кетти.

XS
SM
MD
LG