Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Бээжинге “кара туман” кайтып келди


Бээжинге “кара туман” кайтып келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

Бээжинди каптаган “кара туман”

Кытай борбору Бээжиндин бийликтери абанын адаттан тыш булганышынан улам биринчи ирет кечээ “кызыл эскертме" чыгарышты. Бээжинди шейшембиден бейшембиге чейин "кара туман" кайрадан каптаганы турат. Бул аралыкта Парижде климат боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычка кирүүдө.

Бээжиндин шаардык өкмөтү дүйшөмбү күнү жарыялагандай “кызыл эскертме” күчүндө турган учурда курулуш иштерин токтотууга буйрук берилди.

Бул күндөрү шаар көчөлөрүнө курулуш таштандысын, цемент, кум тарткан, жер казган жана башка чоң унаалардын шаарда жүрүүсүнө тыюу салынат.

22, 5 миллион калк жашаган шаар бийликтери мектептерди бир-эки күн жабууга да чакырышып, балдарды жок дегенде сыртка чыгарбоону сунуштады.

- Ооба, бул түтүн жашообузга кандайдыр бир таасир берет. Мен, мисалы, иштеген жеримен көп алыс эмес жашайм, үйгө адатта жөө барам. Эгер түтүн алдыдагы күндөрү дагы күчөсө, мага автоунаа айдоого туура келет. Бирок аралык кыска болгондуктан бул өзүнчө түйшүк. Биз, ак жакалуу кызматкерлер адатта кечке кеңседе отургандыктан, кечинде жөө кеткенибиз пайдалуу. Бирок эми басалбай калып жатпайбызбы, - деди Бээжиндин Ху Лун ысымдуу тургуну Рейтер агенттигинин кабарчысына.

Адатта аба бузулуп, кара түтүн каптаган кезде мурунтук кийип жүрүү кытай борборунун жашоочулары үчүн кадимки көрүнүш.

Кытайдын эскертүү системасына ылайык, абанын булгануусу төрт деңгээлде: жашыл, сары, саргылт, кызыл деген көрсөткүч менен бааланат. Эң опурталдуу делген “кызыл эскертме” ушул дүйшөмбү күнү биринчи ирет берилди.

Бул окуя БУУнун климат боюнча Париждеги саммитинде сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычка кирген учурга туш келди.

Башкатчы Пан Ги Мун кечээ француз борборундагы басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Биз кыраакылыгыбызды көргөзүүбүз абзел. Бул жөнөкөй эле кыраакылык эмес, жаратылыш менен эриш-аркак жашоо керектигибизди көргөзгөнүбүз. Жаратылыш адам менен сүйлөшпөйт, жаратылыш биз бир нерсе жасаганга чейин күтпөйт. Климаттын өзгөрүүсүнө биз, адамдар, ылайыкташып, окумуштуулар айткандарды жасообуз зарыл. Окумуштуулар былтыркыга чейин өз баяндамаларында климаттын өзгөрүшү адам ишинин жыйынтыгы экенине беш ирет көңүл бурушту. Климаттын өзгөрүшүнө жооп берип, муну чечүүнүн жалгыз жолу өз жүрүм-турумубузду өзгөртүүбүз абзел.

Көмүрдөн баш тартуу

Экологдор менен метереологдор буга чейин айтып келгендей, Париждеги макулдашуу Жер шаарында абанын ысышын ушул кылымдын аягына карата индустриалдык доорго чейинки орточо көрсөткүчтөн эки градус Цельсийден ашырбоо максатын көздөшү керек.

Мунун бир аргасы катары кээ бир өлкөлөр азыркы жүз жылдыктын ортосуна чейин Жерден казылып алынган отунду, анын ичинде көмүрдү пайдалануудан баскыч-баскыч менен баш тартууну убада кылышууда. Бирок, экинчи бир өлкөлөр муну реалдуу эмес деп эсептешет.

Бээжиндеги ТЭЦтен чыккан түтүн. 12-ноябрь, 2015-жыл.
Бээжиндеги ТЭЦтен чыккан түтүн. 12-ноябрь, 2015-жыл.

Мисалы, кызыл эскертме берилген Бээжинде ушул күндөрү абанын булганышынын эң чоң себеби да көмүр түтүнү. Кытай өзү дүйнөдө көмүрдү эң көп жаккан өлкө.

Ал жылына 2,75 миллиард тоннага чейин көмүр жагып, дүйнөдө өндүрүлгөн кара алтындын дээрлик жарымын же 48% жакынын колдонот. Өлкө талап кылган энергиянын 65% ашууну көмүрдөн алынат.

Көмүрдү эң көп керектеген он өлкөнүн катарында Кытайдан кийин ирети менен АКШ, Индия, Жапония, Орусия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Германия, Польша, Индонезия турууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG