Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Жикчилдерге курал Кыргызстан аркылуу өтөбү?


Янек Кроупа (оңдо) репортаж даярдап жаткан учурда
Янек Кроупа (оңдо) репортаж даярдап жаткан учурда

Мыйзамсыз курал соодасы менен шугулданган польшалык ишкер атайын иликтөө жүргүзгөн журналисттерге Украина чыгышындагы жикчилдерге куралды Кыргызстандан жазылган жалган документтер аркылуу жеткирсе болорун айтып берди. Алардын репортажы өткөн бейшембиде чех радиосунда обого чыкты.

Бул иликтөөнү Янек Кроупа Польшадагы ТВН телеканалынын эки журналисти Бертолд Киттел жана Ярослав Ябржик менен бирге жүргүзгөн.

Алар оффшордук жалган фирма ачып, бардык керектүү документтерди даярдап, Анджей Издебски аттуу польшалык ишкерге чыгышат.

Кроупа өзүн Украинадагы жикчилдерге курал-жарак сатууну каалаган чехиялык бизнесмен деп тааныштырат. Ал самопал, Игла ракеталары, башка аммуниция (аскердик материалдар), бардыгы болуп 10 тоннадай товарды жеткирүү жолдорун издеп жатканын айтат.

Чех радиосундагы репортажда Киттел Издебскинин атын мындан 12 жыл илгери, Бириккен улуттар уюму Анголага киргизилген курал эмбаргосу бузулуп жатканын маалымдаганда укканын баяндайт:

- Анджей Польшада чакан ишкер деп эсептелгени менен иш жүзүндө Балкандагы мыйзамсыз курал саткан кишилердин бири. Болгариядан ири өлчөмдөгү курал ташыган. Албаниядагы курал соодасы чөйрөсүндө эң таанымал адамдардан. Тиранадагы атайын кызматтар менен байланыштары бар.

Янек Кроупанын "Азаттыкка" айтымында, Издебски атүгүл ушу тапта АКШнын абагында отурган орусиялык Виктор Буттун бир кездеги шериктеринин бири болчу.

- Издебски айтылуу Виктор Буттун жетектөөсүндөгү мыйзамсыз курал соодасы менен алектенген топтун алкагында иш алып барчу. Ал негизинен курал соодагерлерин керектүү документ-кагаздар менен камсыз кылган адам эле. Издебскини Балканда да жакшы таанышат. 1990-жылдары ошол кездеги Югославияга курал эмбаргосу киргизилгенден кийин чехиялык бир ишкер менен чогуу курал сатуу менен шугулданып келген.

Журналисттер менен жолугушууда Издебски бул операцияны жүргүзүү үчүн бир нече өлкөдөгү фирмаларды, анын ичинде Кыргызстанды сунуш кылат. (репортаждан үзүндү)

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00
Түз линк

- Башка өлкөлөрдөн Йемен, Нигерия, Кыргызстанды сунуш кыла алам. Ал жакшы, бирок оңой эмес жол. Билесиңерби, Кыргызстан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын - ФСБнин катуу көзөмөлүндө.

- Сиз алар менен тил табыша аласыз да?

- Ооба.

- Анда баа өзгөрөбү?

- Мен Мали үчүн бааны айткам. Калганын дагы такташым керек.

- Кыргызстанга эле токтололу. ФСБден чочулабай эле коелубу? Аны өзүңүзгө аласызбы?

- Албетте, башка мекемелерди да ооз басырык кылуу үчүн кошумча акча керек болот.

- Макул, бирок ал кымбатка түшпөйт деп ойлойм...

- Азырынча эч нерсе деп айта албайм.

"Азаттык" Анджей Издебски менен жолугуп, курал бизнесин "талкуулаган" чех радиосунун кызматкери, иликтөөгө катышкан кабарчы Янек Кроупаны сөзгө тартты:

"Азаттык": Кроупа мырза, ушул жерин жакшылап чечмелеп бересизби. Кыргызстандын же Кыргызстандагы фирманын ролу кандай болот эле бул иште?

Кроупа: Издебски бул мыйзамдуу соода үчүн акчаны анын Кыргызстандагы эсебине которууну айтты. Ал өлкөдө фирмасы бар имиш. Товардын акыркы пункту же керектөөчү тууралуу сертификат менен камсыздаарына ишендирди. Башкача айтканда, кагаз жүзүндө ошол курал-жарак Кыргызстанга жөнөтүлүп жатат. Менин түшүнгөнүмө караганда, Кыргызстандагы өкмөт, министрлик же куралдуу күчтөрдөгү кимдир бирөө курал бизге керек деп тастыктаган документ бермек. Ошол расмий кагаз менен Чехия, Польша же башка мамлекет болобу, барып бул куралды кыргыз бийлигине жеткирип атам демек. Аны текшергени келгенде, Кыргызстандан "ооба, бул чын" деп тастыкташмак. Кыскасы, бул мыйзамдуу бизнес болмок. Адатта мына ушундай системаны пайдаланышат.

"Азаттык": Репортажда ФСБ жөнүндө да сөз болду...

Кроупа: Ооба, Кыргызстан Орусиянын атайын кызматы - ФСБнын кылдат көзөмөлү астында деди. Кагаздарга Кыргызстан деп жазып, куралды Украинага жеткиргибиз келсе, ФСБ менен катар дагы бир мекемелерге пара беришибиз керек болчу. Ал кайсы уюмдар экенин түшүнгөн жокмун.

"Азаттык": Издебскинин Кыргызстанда фирмасы барбы анда?

Кроупа: Ал ошентип ырастап атат. Фирманын ээси же шеригиби, мен албетте айта албайм.

"Азаттык": Аталышын айткан жокпу?

Кроупа: Жок. Бирок менин түшүнгөнүмө караганда, Хорватия, Словакия же Албаниядагы компаниялары анын өзүнүн ысымына катталган. Аны каттоо кызматынан тапса деле болот.

XS
SM
MD
LG