Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

"Миллиондун" тамашасы бийликке жакпады


Өзбекстан -- "Миллион" тобу сахнада, Ташкен.
Өзбекстан -- "Миллион" тобу сахнада, Ташкен.

Өзбек бийлиги куудулдардан турган белгилүү “Миллион” тобунун ишине тыюу салды.

“Миллион” - Өзбекстандагы куудулдардан турган белгилүү топтордун бири. Соңку кездерде алардын күйөрмандары көбөйүп, бардык концерттери аншлаг менен өтчү. Бирок өзбек бийлиги “сексуалдык мүнөздөгү күлкү-тамашаларды көп айтып, аша чаап кетти” деген жүйө менен жакында эле аталган топтун ишине тыюу салды. Айрымдар буга анча-мынча бийликке тийишкендиктен топту жок кылмай болушту деп баа беришүүдө.

Өзбекстандагы жаш куудулдардан турган “Миллион” тобунун сахнага чыга баштаганына эки жылдай болду. Кыска убакытта өз өлкөсүндө, өзгөчө жаштар арасында популярдуулукка жетишти. Бирок алардын оригиналдуу, башкалардыкына окшобогон тамашасы бийликтегилерге жакпай калды көрүнөт. Жакында эле "сексуалдык мүнөздөгү тамашаларды айтып атат, аша чаап кетти" деген негизде “Миллиондун” чоң сахнага чыгышына тыюу салынды.

Өзбекстандагы оюн-зоок тармагын көзөмөлдөөчү “Узбекнаво” деген эстрадалык агенттиктин атын атагысы келбеген өкүлү “Миллион” тобунун лицензиясы чакыртылып алынганын “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлады. Анын себебин топ “этикалык эрежелерди” бузган деп түшүндүрдү. Анын айтымында, орду жок тамашаларды программаңардан алып салгыла же оңдогула дегендей эскертүүлөр буга чейин да бир топ ирет айтылган экен.

"Миллион" тамаша тобунун бир концерти

Ал эми «Узбекнавонун» дагы бир өкүлү Одил Абдукахаров жарандардын арызы жана каттарынан кийин гана куудулдардын ишин токтотуу чечими кабыл алынганын кошумчалаган.

Жергиликтүү "Хурият" гезити "Миллиондун" тамашалары кээде адамдарды шылдыңдайт жана деңээли төмөн деп жазган.

Бул топто жети бала, бир кыз бар. Алардын концерттеринин дээрлик бардыгы аншлаг менен өтчү. “Миллион” труппасынын лидери Даврон Кабулов бийликтин бул чечимине комментарий берүүдөн баш тартты.

“Узбекнаво” акыркы убактарда эрежелерди катаалдатып, кандай гана альбом, ыр болбосун атайын уруксат алгандан кийин гана чыгарууну талап кылууда.

Өзбекстандын мыйзамдары боюнча, лицензиясы жок артисттер концерт коё албайт. Радио жана телевидениеге чыгууга, үйлөнүү-үлпөт тойлордо ырдаганга да болбойт.

Кыргызстандын айрым куудулдары да бийлик тараптан кысым болуп жатканын маалымат каражаттарына берген интервьюларында айтып жүрүшөт. Бирок мамлекеттин жогорку даражадагы жетекчилерин сындаган же туураган күлкү-тамашалар азыр кыргыз сахнасында кадыресе көрүнүшкө айланып калган.

XS
SM
MD
LG