Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Өзбекстан: "Голос" долбоору алдамчылык болуп чыкты


Орусиялык “Голос” музыкалык теледолбооруна Ташкентте расмий кастинг өтөт деген маалыматтар жалган болуп чыкты.

Долбоордун уюштуруучулары да тандап алуу бир гана Москвада өтөөрүн тастыкташты. Ал эми “Голос” долбооруна Ташкентте сынак өткөрөбүз деген компания алар жөн гана кастингге катталуу жүргүзүшкөнүн айтып чектелишти.

Ташкенттеги «Өзбекфильм» киностудиясында орусиялык ОРТ телеканалында чыкчу «Голос» музыкалык долбооруна кастинг өтөөрү тууралуу кабар 19-июндан баштап тараган. Кулактандырууда бул сынакты өткөрүү укугуна жергиликтүү Face Catalog Uzbekistan компаниясы ээлик кылаары айтылган.

Бирок тургундар бул кастингди акча табуу үчүн жасалган алдамчылык катары сүрөттөшүүдө. Ташкенттик музыканттардын бири Олеся “Азаттыктын” өзбек кызматына буларды айтып берди:

- Ташкентте мындай алдамчылар өтө көбөйүп кетти. Буга чейин орусиялык “Минута славы” шоусуна жасалма кастинг өткөрүп, акча табышкан. Быйыл болсо дагы бир атактуу орус телепроектиси - “Голос” шоусуна кастинг болот деп шылуундук кылышты. Face Catalog Uzbekistan компаниясы бул кызылдай жалганчылар. Алар ишенчээк адамдардын акчасын алып, алдап, ошондон пайда көрүп жатышат.

Буга улай “Голос” теледолбоорунун уюштуруучусу болгон “Красный квадрат” киностудиясынын өкүлү Азиза Эргешова да бул долбоорго сынак Москвада гана өтөөрүн, Ташкентте алардын эч кандай өкүлдөрү жоктугун тастыктады:

- Негизи биздин долбоорго каттоо сайтыбыз аркылуу гана жүрөт. Катышуучулар ошо жерге өзү жөнүндө маалымат жазып, анан үндөрүн, ырларын бизге салып жиберишет. Бизге жаккан конкурсанттар Москвага келип, «Останкинодо» кастингге катышат. Анан таланттууларды биз ошо жерден гана тандап алабыз. Москвадан башка бир да шаарда биздин расмий кастингибиз өтпөйт, Ташкентте да өткөн жок, - деди Азиза Эргешова​.

Ушуга карабай Ташкентте 27-июнда “Голос” долбооруна алдын ала угуулар өткөнү кабарланды. Бирок кастингди өткөргөн Face Catalog Uzbekistan компаниясы андан канча талантты тандап алганы жана аларга кандай убадалар берилгени белгисиз. Компаниянын өкүлү Светлана Отнисаева болсо шылуундук деген айыптоолорду четке кагат:

- Биз болгону жаштарга өздөрүнүн таланттарын ачууга гана жардам берип жатабыз. Орусиянын Биринчи каналы чынында эле бизге кастинг өткөрүүгө укук берген эмес. Бирок жаштарга биздин бекер жардам берүүбүзгө эч ким тыюу да салган эмес. Биз балдардын үнүн угуп, тандап, жаздырып, анан “Голос” долбоорунун сайтына каттап берип жатабыз. Болгону ошол.

Бирок ташкенттик анонимдүү булактар кабарлагандай, Face Catalog Uzbekistan компаниясы бул кызматы үчүн сынакка катышуучулардан аз эмес каражат өндүрүп алган.

Кантсе да бул сынакка өзбекстандык жаштардын кызыгуусу артып, ага жараша жасалма кастингдерди жергиликтүү компаниялар өткөрө коюп жатканы бекеринен эмес. Өзбекстандык Севара Назархан аттуу жаш ырчы 2012-жылы ушул долбоорго катышып, дээрлик экинчи орунга жетишкен. Андан кийин ал Орусияда жана Европада таанымал жылдыз болуп кеткен. Бирок Севара дагы соңку “жаңылыкка” таң калганын Фейсбуктагы баракчасында жарыялады:

- «Голос» долбооруна Ташкентте кастинг болот деп уктум! Орусиянын Биринчи каналы муну жокко чыгарып жатат. Бул деген эми кызылдай алдамчылык да. Чынында бул кызыктай эле кабар.

Севарадан сырткары өзбекстандык ырчы Наргиз Закирова эки жыл мурун “Голос” шоусуна катышкандан соң тааныла баштаган.

Орусиянын Биринчи каналынын “Голос” вокалдык долбоору 2010-жылдан бери чыгып келатат. Сынакта катышуучулар алты этапта тандалып, калыстар тобу конкурсанттарга устаттык кылышат. Калыстар жана устаттардын катарында ырчылар - Леонид Агутин, Дима Билан, композитор Александр Градский жана рок-ырчысы Пелагея бар. Көрсөтүү ОРТ каналынан түз берилет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG