Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Өзбек автосалондору машинеге толуп кетти


Ташкендеги "Рахат" автосалонундагы көрүнүш. (Фейсбуктагы "Ташкендин айдоочулары" тобунун фотосу)
Ташкендеги "Рахат" автосалонундагы көрүнүш. (Фейсбуктагы "Ташкендин айдоочулары" тобунун фотосу)

Ушу күндөрү Өзбекстандагы автосалондор өзбек-америкалык биргелешкен GM-Узбекстан ишканасы чыгарган автомобилдерге жык-жыйма толуп турат. Өлкөдө мындай учур мурда болгон эмес.

Өзбекстандын автобазарында ошентип буга чейин болбогон көрүнүш пайда болуп, Ташкендеги жана облус борборлорундагы автосалондордо бут коерго жер жок. Буга чейин алар мынчалык толуп-ташыбаган экен. Айрым салондор кардарларга машинени АКШ долларында сатса, кээ бирлери өзбек сумуна да сунуш кылынууда. Бирок мунун баары өзбек-америкалык биргелешкен GM-Узбекстан ишканасы чыгарган унаалар.

Фейсбуктагы “Ташкендин айдоочулары” тобу машинелерге тыгылып калган “Рахат” автосалонунун сүрөтүн койду. Аны көргөндөр “Мына сага дүнүйө-дүнүйө машине, каалаганыңды минип кете бер”, - деп да тамашалашууда.

Автосалондор Кобалти, Ласетти, Малибу автомобилдеринин биринчи жана экинчи позицияларын бир күндө, Матизди бир айда, Нексия СОНСтун люкс маркасын алты айда сатып алуу мүмкүндүгүн жарыялашууда. Малибудан башка унааларга төлөмдөр жалаң АКШ доллары менен жүргүзүлөт.

Бекабад шаарындагы автосалондун сатуучусу эч качан мынча көп машине кабыл алышпаганын айтууда:

- Чынында машине абдан көп келүүдө. Бирок кардар аз. Маркасына карап бир күндөн алты айга чейинки аралыкта чыгарып беребиз. Машине көп, каалаган түсүңүздү тандап ала бересиз.

Бекабад шаарында кирекечтик кылган Дилшод да тааныштары бир аптада эле эч кандай пара бербей эле Нексия сатып алганын айтат:

- Шаарыбызда бир эле автосалон бар. Азыр машине толуп кетти. Алдың андай эмес эле. Машине келер менен эки-үч күндө ээлери алып кетчү. Бирок тезирээк алам десеңиз “шапке” сурашат эле. Азыр андай эмес. Бир таанышым бир аптада эле эч кандай "шапкесиз" бир Нексияны алып чыкты.

Өзбекстанда буга чейин машине сатып алуу үчүн адегенде толук суммасын төлөп, андан соң "шапке" деп аталган пара берүүгө туура келчү. Ошондо да машинең бир жылдан кийин колго тийчү.

Каршы шаарында болсо Матизди бир эле күндө алса болот. Бул шаарда жашаган Абдусаламдын айтышынча, автосалондордо азыр бут койорго жер жок.

- Мен Матиз алмакчы элем. Барсам акчасын төлөңүз да алып кете бериңиз деп бир кара Матизди көрсөтүштү. Мага ак түстөгүсү керек десем, бир-эки апта күтөсүз дешти. Эми 100 доллар берсем, таап беришсе керек эле, бергим келбеди.

Бухарадагы автосалондун бир сатуучусу да кайсы бир машинелерди бир күндө сатып алса болорун билдирди:

- Бизде да машине аябай көбөйүп кетти. Аларды жайлаганга кошумча жай жасап жатабыз. Бир күндө Ласетти-2ни, Кобалти-1ди, бир айда Матизди сатып алышыңыз мүмкүн.

Өзбекстанда буга чейин болбогон мындай жагдайга эмне себеп, машинелер эмне үчүн көбөйүп кетти? Буга негизги себеп катары GM-Узбекстан ишканасынын машинелерин алуучу негизги өлкө –Орусиядагы кризис, рубльдун куну түшүп кетиши айтылууда.

Маселен быйыл Орусияда өзбек автомобилдерин сатуу 57 пайызга кыскарган. Европа автомобиль чыгаруучулар бирикмесинин маалыматына караганда, бул өлкөдө акыркы алты айда GM-Узбекстандын болгону 10 357 даана машинеси сатылган.

Ошентип Орусиядагы кризис Өзбекстандын базарларын унаага толтуруп салды. Муну менен буга чейин машине алуу үчүн жылдап кезек күткөн өзбек кардары эми кыска убакытта эле унаалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Самарканд шаарындагы автосалондор

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG