Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:25

Борбор Азия

Борбор Азия: Билим үчүн узак жарыш

Умед Саидов былтыр АКШга окууга тапшырды. Америкадагы университеттерде окуу өтө кымбат болгондуктан, студенттердин чыгашасын тажик өкмөтү көтөрбөйт. Ошол эле учурда Казакстандан өкмөттүк программанын жардамы менен келгендердин саны жыл санап өсүүдө.

Умед үй-бүлөсүнүн үмүтүн актайын деп жүргөнүн айтты
Текст көлөмү - +
Былтыр жазында 23 жаштагы тажикстандык Умед Саидов Кошмо Штаттарына бир башкы максат менен келген – англис тилин үйрөнүш керек эле.

Бул жөндөмү өз мекенинде жакшы жумуш таап, үй-бүлөсүнө көмөк болгонго жардам болот.

“Эң башкысы мен англисче так сүйлөгөндү үйрөнүшүм керек, - дейт ал. – Эгер бул тилди жакшы билсем, Тажикстанда дурус ишке орношо алам. Бул – чоң плюс”.

Өзүнүн ысмы да “үмүттү” түшүндүргөн Умедден азыр чындап эле үй-бүлөсү көптү күтөт. Баласына Америкага виза алып берели, Сиэттлде жашаганга акча жетсин деп, ата-энеси автоунаасын сатышты.

АКШда индиялык, кытайлык студенттер топ-тобу менен жүрүшөт. Ал эми Умед, Борбор Азиядан барган башка студенттердей эле, өзүн обочодо калгандай сезген учурлары көп эле болот экен. Анткени алар аз. Бирок 2005-жылдан бери абал бир топ эле өзгөрүптүр, региондон келген студенттердин саны эки эсеге жогорулап, азыр 3200 жетиптир.

Мисалы, 2009-жылдын өзүндө эле Тажикстандан 342 студент Америкага окууга кеткен. Алардын көпчүлүгү окуусуна эле эмес, күнүмдүк чыгашаларына, жатакана, тамак-ашына да өз чөнтөгүнөн төлөйт. Америкада чет өлкөлүк студенттерге көпчүлүк жерлерде иштегенге тыйуу салынган. Ошондуктан тажиктер мыйзамсыз мигрант катары жүргөнү да кездешет. Акыркы үч жылда 60 тажик студенти мыйзамсыз иштегени үчүн кайра мекенине депортацияланды.

Бурхон Мирзоалиев – Тажикстандын Вашингтондогу элчилигинин консулу: “Студенттер бул жакка өз алдынча келишет да көпчүлүк учурда жумушка орношуп алышат. Анткени жашоо өтө эле кымбат. Бирок студенттерге өздөрүнүн окуу жайларында гана 20 сааттан ашпаган убакытка иштегенге уруксат берилген. Ошондуктан алар уруксаты жок ишке кирип алышат да, проблема башталат”.

Умед деле азыр бир иш таап, кичине болсо да тыйын-тыпыр кылып алып, анан Душанбеге кайтам деп турат. Анткени ата-энесинен 5000 доллардай акча алып келген. “Куру кол барсам болбойт”, - дейт.

Тажик өкмөтү Умедге окшогон жарандарына четте окуганга акчасын төлөп бере албайт. Бирок Борбор Азиядагы Казакстанда мамлекеттик “Болашак” окуу программасы мына ушул максатта иштеп келатат.

Мунайга бай Казакстан дал ушул “Болашак” программасынын алкагында жылына 1000 студентти чет мамлекеттердеги мыкты университеттерге жиберет. Былтыр болсо буга чейин көрсөткүчтөрүн артта калтырып, расмий Астана Американын өзүнө эле 1714 студентти окууга жөнөттү.

Вашингтондогу казак элчилигинин өкүлү Жанболат Усеновдун айтымында, “Болашак” ал студенттердин окуусу бүткөнчө бүт чыгашасын көтөрөт. Студенттер болсо билим алып, кайра мекенине кайтышы керек да, жок эле дегенде, беш жыл өз мамлекетине иштеп бериши шарт.

“Аларды Казакстандагы көп компаниялар өздөрүнө ишке алганга аябай кызыкдар. Анткени алар мыкты даярдыктан өтүшкөн, билими жакшы. Бул студенттер каерге барышпасын, алдыңкы катарда болушат. Бизнестеби, өкмөттөбү – аны өздөрү тандашат”, - дейт казак элчилигинин өкүлү.

АКШда окууга өтүп жаткан борбор азиялыктардын арасында Өзбекстандын жарандарынын саны да өсүп баратканы айтылууда. Былтыр жалпысынан 688 өзбек жараны Америкага окуйм деп келди.

"Азаттыктын" архивинен: Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kemel каяктан: Moscow
04.01.2010 23:25
Кыргызстандан 2009-жылы канча студент АКШга окууга аттанды экен? 2009-жылга чейин жылына канча студент билим алууга жонотулуп турган жана да кайсы прогаммалардын негизинде? Эгер мумкун болсо кененирээк жазсаныз. Кичи пейилдикке жооп берип койосузбу, урматтуу Торокул Дооров.

кимден: Aika каяктан: Germany
04.01.2010 22:36
Emne uchun eski videonu ulam ele gani (kop uchurda bir temanin ailanasinda gurgon) kabarga koshumcha guktoi berilet?
Misali bilim gonundogu bolgon akirki kabarlarga ushul video kabar bir neche golu guktolgon. Ganilanuu bolup turgani gakshi, birok tagatma bolboso gakshi bolot ele da. Tuura tushununuzdor bul sin emes, bul gon gana Azattyktyn sapatin arttiruuga bolgon bir sunush.
Пикирге жооп

кимден: Зейнеп Мартбек кызы
05.01.2010 18:43
Урматтуу Aika.

Пикириңиз үчүн рахмат. Сиздин сурооңузда жүйө бар.

Сиз туура белгиледиңиз: бир эле видео тиешелүү болгон бир нече макалага кошулат. Бирок сиз окуган макаланы башка бир окурманыбыз көрбөй калышы мүмкүн. Бул видеону көрбөй калган окурмандарыбызды да унутпайлы. Ошондой болсо да байкаган чыгаарсыз, "Азаттыктын" сайтында видео тасмалар күн сайын жаңыланып турат. Окурмандарыбызга тажатма болбосун деп, биз улам жаңы тасмаларды сунуштоодобуз. Башка видеолорду сиз бул жерден таба аласыз: http://www.azattyk.org/section/Video+archive/552.html

Эгерде сизде суроолор пайда болсо, мага кат жазсаңыз болот: altymyshova@gmail.com

Ийгилип каалап,

Зейнеп Мартбек кызы, мультимедиа продюсер

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)