Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Кол салууну уюштурган тажик генералы изделүүдө


Абдухалим Назарзода
Абдухалим Назарзода

Тажикстан өкмөтү "Ходжа Халим" катары белгилүү Абдухалим Назарзода жана анын шериктерине кайрылып, кан төгүүсүз багынып берүүсүн талап кылганы туурасында "Азаттыктын" тажик кызматы күч структурасындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Бүгүн кечинде Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө Вахдат шаары тарабынан кире бериште МАИ бекетине куралдуу кол салуу болду. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, атышуу учурунда жабыр тарткандар болгон жок. Чабуул кечки саат 17:50дө орун алды.

Белгисиз адамдар Вахдат шаарына автоунаа менен качып кетишти, күч кызматкерлери аларды кууп жөнөдү, - деп айткан өздүк булак.

Ал арада "Азаттыктын" тажик кызматынын өлкөнүн ИИМнин басма сөз кызматына таянып жазышынча, Абдухалам Назарзоданын иниси Мирзохаёт Назаров өз ыктыяры менен милицияга багынып берген.

Учурда ИИМ, УКМК менен биргелешкен операция уланып, 32 согушчан кармалган. Ага кошумча 500 курал-жарак жана ок-дарылар, эки транспорттук унаа алынды.

Тажикстандагы атайын операциянын жүрүшүндө мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын 32 тарапташы кармалды. Билдирүүдө камтылгандай, кошумча 17 согушчан күч органдары тарабынан жок кылынды.

Бүгүн Дүйшөмбү шаарынан 50 чакырым чыгыштагы ИИМ кызматерлерине чабуул жасаган согушкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Назарзоданын жанында Коргоо министрлигинин полковниги Жунайдулло Умаров дагы бар деген маалыматтар бар. ИИМдин маалыматында операция болуп аткан жерде 135 куралдуу согушкер бар.

Абдухалим Назарзода өзү Дүйшөмбүдөн 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайында жашынып алганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Согушкерлер жүргөн аймак курчалганы менен аларды кармоо операциясы азыркыга чейин токтой элек.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 4-сентябрда Вахдат жана Дүйшөмбүдөгү аскер бөлүктөрүнө террористтик чабуулду Абдухалим Назарзода жетектегенин ырастоодо. Кагылышта сегиз милиция жана тогуз аскер кызматкери курман болушкан.

Калганы укук коргоо органдарына кол салган куралдуу кылмыш тобунун мүчөлөрү экени кабарланууда.

Генерал-майор Абдухалим Назарзода ИИМдин орун басары кызматына 2014-жылдын январында президенттин буйругу менен дайындалган. Укук коргоо органдарынын маалыматында, ал бул кан төгүүнү Коргоо министринин орун басары, жакында эле өлкөдө мыйзамсыз деп табылган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Жунайдулло Умаров менен бирге уюштуруп, ишке ашырганы айтылат.

Тажикстандын ички иштер министрлиги бул окуяларды “теракт” деп атады, бирок бул кылмышка алар эмне үчүн барганын атай элек.

4-сентябрда Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон кагылышта 17 адам: 8 милиционер жана куралдуу топтун тогуз мүчөсү жайран болду. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, тергөө учурунда эки чабуулду ИИМдин орун басары, генерал-майор Абдухалим ажы Назарзода уюштурганы аныкталган. Назарзода кылмыш жасаганы үчүн жумуштан алынганын 4-сентябрда оболу президент Эмомали Рахмондун сайты жазган.

Дүйшөмбүдөгү кол салуу

4-сентябрдын таңында Дүйшөмбү шаарынын аэропортуна чукул жерде болгон аткылашууда ОМОНдун эки жоокери жана МАИнин бир инспектору каза тапканы расмий тастыкталды.

Ок жеген МАИнин дагы бир кызматкери ооруканага жаткырылган.

Дүйшөмбүдөгү атышуу тууралуу ага жакын жерде жашаган аял буларды айтты:

- Окуя таңкы саат бештерде болду. Мен атышуулардын үнүнөн ойгонуп кеттим жана мага алгач октор биздин үйгө тийип жаткандай сезилди. Менин батирим биринчи кабатта жайгашкан жана үйдө өзүм жалгыз элем. Атышуудан абдан корктум. Акырын пардага жашынып карасам, адамдар жүргөн экен. Үйүмдүн дааратканасына кирип, баары тынчыганча ошол жакта отурдум.

Бул окуядан кийин Дүйшөмбү шаарынын Шохмансур районунун Каратегин айылында кол салууга шектүү делген үч адамды издөө иштери жүрүп жатканы айтылган. Маалыматтарда кол салууга шектүүлөр ушул аймакка жашырынып кирип кетишкен. Аталган айылды кыдырата тизилген милиция кызматкерлери тосуп, үйлөрдү тинтүүгө алып жатканы кабарланган эле.

Вахдаттагы кандуу окуя

4-сентябрда таңкы саат 5 ченде Дүйшөмбүдөн 20 чакырым чыгыштагы Вахдат шаарынын милиция бөлүмүнө да кол салынды. ИИМдин жооптуу кызматкеринин “Азаттыкка” маалымдашынча, салгылашууда беш милиционер, куралдуу топтун жетекчиси Зиевиддин Абдуллаев жана анын бир жигити набыт болгон. Үч куралчан жараат алган. Расмий билдирүүгө караганда, чабуулду Зиевиддин Абдуллаев башындагы кылмыш тобу уюштурган.

Башкы прокуратура бул кол салуулар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганын билдирди.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматынын өз булактарына таянып жазышынча, Абдуллаев бир канча апта мурда эле Вахдаттагы Рохати милиция бөлүмүндө иштеп турган жана кызматтан белгисиз себептерден бошотулган.

“Вахдаттын милиция бөлүмүндө темир торчо бар. Бирок Абдуллаев көзөмөл-өткөрмө эшиктен кирип, өзүн Рохати милиция бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырган. Кароолдо турган милиция аны тааныган жана иштен бошогонун билген эмес. Ошондуктан аны киргизип жиберген”,- деди “Азаттыктын” тажик кызматына атын атагысы келбеген адам.

Алдын ала маалыматтарда кылмыштуу топ милиция бөлүмүнүн аймагына кирип, ошол жерден куралданышкан.

Бул кандуу окуяларга байланыштуу Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Дүйшөмбү шаарына кирип чыккан автоунаалардын баары текшерилип жатканы, милиция көчөлөрдү кайтарып жүргөнү кабарланды.

АКШ элчилиги убактылуу жабылды

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги жума күнкү калабада жарандар өлгөнүнө өкүнүчүн билдирип, бул окуялар башка дагы зобун-зордукка башат болушу ыктымал экенин эскертти. Билдирүүдө элчилик убактынча жабылганы, АКШнын ырасмий адамдарына үйүндө калып, балдарын мектепке жибербөө сунуш кылынганы айтылат.

Ушундай эле билдирүү менен Улуу Британиянын Тажикстандагы элчилиги да чыкты.

Дүйшөмбү шаарынын аэропортуна чукул жерде болгон аткылашуудан кийин
Дүйшөмбүдөгү ок атылган жер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00
Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөр

XS
SM
MD
LG