Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Борбор Азия: Диний эркиндиктер чектелүүдө


Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө диний эркиндиктердин абалы начар бойдон калууда. АКШнын диний эркиндиктер боюнча эл аралык комиссиясы жаңы отчетунда ушундай бүтүмгө келди.

Бул ирет Түркмөнстан, Өзбекстан менен катар Тажикстан да “өзгөчө камтама кылган” өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген. Казакстан болсо “жакындан байкоо салуу керек” деген категорияга камтылды.

АКШ өкмөтү астындагы комиссия түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун жарым-жартылай реформаларына карабай, Түркмөнстанда адамдын жалпы укуктары, анын ичинде дин тутуу эркиндиги одоно бузулуп жатканын белгилейт.

Катталган жана каттоодон өтпөгөн диний топтордун кеңселери полиция тарабынан тинтилген учурлар көнүмүшкө айланган. 2003-жылы кабыл алынган дин жөнүндөгү репрессивдүү мыйзам күчүндө кала берүүдө жана диний уюмдардын нормалдуу иштешине чоң тоскоолдук түзүүдө.

Маселен, Түркмөнстандын мыйзамдары аскерде кызмат өтөөнүн башка алтернативасына жол бербейт. Андыктан Йегова күбөлөрү сектасынын 6 мүчөсү армияга баруудан баш тарткандыгы үчүн абакка отургузулган.

Абройлуу эл аралык адистер ал мыйзамды талдап чыгып, жобо өлкө өзүнө алган милдеттенмелерди бузаарын аныкташкан, - дейт комиссиянын аналитиги Кэтрин Козма:

- Дагы бир чоң проблема – диний мазмундагы материалдарды көзөмөлдөө. Кайсы бир динге – мусулмандарга, католиктерге, протестанттарга же башка диний топторго тиешелүү диний адабият, видео жана үн тасмалар диний иштер боюнча кеңеш тарабынан цензураланып, жактырылууга тийиш. Ал кеңешке суни мусулмандар менен орус православдардын өкүлдөрү гана кирет.

Былтыр ноябрда БУУнун Экономика, социалдык жана маданий укуктары боюнча комитети Ашгабад өкмөтүн дин жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө үндөгөн. Бирок өкмөт бул сунушка жооп берген жок.

Түркмөн бийлиги диний коомчулуктун ички иштерине кийлигишүүсүн улантууда. Түркмөнстан мусулмандарынын муфтийи Гурбан Хайтлиев президент тарабынан тандалып, дайындалган.

Өзбекстанга арналган бөлүгүндө комиссия өлкө эгемендик алган 1991-жылдан бери эле өкмөт дин тутуу эркиндигин одоно бузуп келгенине басым жасайт.
Мыйзамдар бийликтин диний коомчулуктун ишмердигин көзөмөлдөп турушуна кеңири мүмкүнчүлүк берет. Өкмөт мусулмандарды камоо, экстремисттик саясий максаттарды көздөгөн күчтөр менен байланышы бар деген шылтоо менен жеке адамдарды, топторду, мечиттерди куугунтуктоону улантууда.

Айрым маалыматтарга караганда, экстремист деп шектелген миңдеген киши түрмөлөрдө кала берүүдө, көптөрү адилет соттолбой, кыйноолорго тушугуп келет. Исламга жабынып, зордук-зомбулукка чакырган топтор Өзбекстан коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан кезде өкмөт алар менен күрөшүүнүн алкагында экстремисттерге каршы мыйзамдарды бейкүнөө мусулмандарга каршы колдонуп жүрөт.

Өзбек полициясы жана коопсуздук күчтөрү катталбаган, айрым учурларда мыйзамдуу катталган, тынч иш жүргүзгөн диний уюмдардын мүчөлөрүн кармоону улантууда. Кээ бир маалыматтарга караганда, соңку 10 жылдын ичинде 5 миңдей киши соттолуп же абакка отургузулган, айрымдары психиатриялык клиникаларга күчтөп жайгаштырылган. Маселен, расмий Ташкент "Нур" деген топтун мүчөлөрүн экстремизм үчүн күнөөлөп, куугунтуктап келатат. Диний азчылыктар да бир топ репрессияларга туш болууда.

Тажикстан өткөн жылы “жакындан байкоо салуу керек” деген тизмеден, “өзгөчө тынчсыздандырган” өлкөлөрдүн катарына киргизилген.

Тажик өкмөтүнүн тынч диний топтордун ишмердигине каршы чаралары 2009-жылы кабыл алынган дин тууралуу мыйзамга негизделет, - делинет отчетто.
Ал мыйзамга ылайык, диний уюмдарды каттоо иши кыйла кыйындаган, катталбаган топтордун, менчик диний окуу жайлардын иши кылмыш катары сыпатталат. Мечиттердин саны, чоңдугу чектелген, өкмөткө имамдарды дайындоо укугу берилген. 2011-жылы административдик жана кылмыш кодекстерине өзгөртүү киргизилип, динге байланышкан айып үчүн жаза катаалданткан.

Бирок дин жөнүндөгү мыйзамдын авторлорунун бири, дин боюнча комиссиянын төрага орун басары Махтор Мавлонов комиссиянын сынына макул эмес:

- Кээде сын сөздөр чындыкка коошпойт. Албетте алардын да, биздин да өз ой-пикирлерибиз бар. Биздин менталитеттерибиз айырмаланат. Биздин дин жөнүндөгү түшүнүктөрүбүз да айрым учурларда дал келбейт. Маселен, Батышта нормага айланган көрүнүштөрдү биз дароо кабыл ала албайбыз.

Арийне, өкмөттүн бул багыттагы иш-аракеттерин сындагандар өлкөнүн ичинде да четинен жолугат. Алардын бири - бейөкмөт уюмунун жетекчиси, дин маселелери боюнча эксперт Саидохмад Каландар:

- Балдардын молдолорго барып, диний билим алуусуна тыюу салуу улуттук үрп-адаттарга дал келбейт. Бул – диний эркиндиктерди чектейт. Андай тыюу эмне себептен киргизилгенин билбейм. Диний же диний эмес белгилүү инсандар ошондой молдолорго барып, дарс алышканын тарыхтан билебиз.

Америкалык комиссия отчетунда ошондой эле сөз болгон өлкөлөрдө дин эркиндиктери чөйрөсүндөгү абалды оңдоо үчүн Вашингтон өкмөтүнө бир катар конкреттүү сунуштарды киргизген.
XS
SM
MD
LG