Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Борбор Азиянын “эрке” президенттери


Борбор Азия президенттери
Борбор Азия президенттери

Интернетте жаңы “хит” пайда болду. Түркмөн аткаминерлеринин гүл кармап алып, президенти менен учурашып жатканын миңдеген адамдар көрүүгө үлгүрүштү. Жеке адамга сыйынып, ашкере кошомат кылуу борборазиялык башка аткаминерлердин деле мүнөзүндөгү иш катары бааланууда.

Макамга маарыган президенттер

Түркмөнстандын “Алтин Асир” же кыргызча “Алтын кылым” телеканалы министрлер баш болгон аткаминерлердин түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовго учурашкан салтанатын көрсөттү. Анда залдын ортосунда турган президентке аял-эркек дебей жашыл оромдуу аппак, окшош гүлдөрдү көтөрүп келип, ийиле, айрымдары тизелерин бүгө калып учурашып өтүп жатканын көрүүгө болот.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын Фейсбук баракчасына коюлган видеонун алдына интернет колдонуучулар жеке адамга сыйынуу Борбор Азиянын дээрлик бүт өлкөсүндө бар экенин жазышууда.

Гурбангулы Бердимухеммедовго сыйынуу
Түркмөнбашыга сыйынуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

Алардын бири Леся Роговская:

- Албетте, көп эле нерсени чыгыш өзгөчөлүгүнө шылтай берсе болот. Бирок көчөдө 21-кылым! Ал катардагы эле адам! Эмне үчүн ага жүгүнүү керек? Букетти эмне кылышат?, - дейт кыжырдануусун жашырбай.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар президентке болгон мындай мамилени борбор азиялык аткаминерлердин менталитетинен көрүшөт. Бирок айрымдары кескин эле сынга алышты. Анвар Сабитхонов "Менталитет эмей эле акылдан айныгандык" десе, Жумгал Омурхан "Авторитардык режим каалаганын жасоодо, Түркмөнстандын Түндүк Кореядан айырмасы кайсы?" деп суроо коет.

Түркмөнстан жана Борбор Азия боюнча эксперт Тохир Шермухаммади "Азаттыктын" өзбек кызматына жеке адамга сыйынуу аталган өлкөдө жаңылык эмес экенин айтты:

- Сөз мурда эле Сапармурад Ниязов же Түркмөнбашынын доорунда түзүлгөн система жөнүндө болууда. Кызыгы, Бердимухаммедов алгач өзүнөн мурдагы жетекчиге сыйынууга каршы күрөшкөн эле. Кийинчерээк, ал да өзүн өзү сүйүүнүн сазына батып калды.

Гурбангулы Бердимухаммедов 2010-жылдын 26-октябрында “Аркадаг” титулун алган. Түркмөн тилинен которгондо “биздин тирек, калканч жана үмүт” маанисин берет. Ашхабадда болсо Ниязовдун алтын жалатылган эстелиги алынып, ордуна Бердимухаммедовдун атчан айкели орнотулган.

Атаандашкан "көсөмдөр"...

Ал эми “Елбасы” расмий макамы Борбор Азияда биринчилерден болуп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ыйгарылган. Казак парламенти мындай чечимди 2010-жылы кабыл алган.

Өзбек аткаминерлери президент Ислам Каримовго “атабыз” деп кайрылат.

Ислам Каримовдун дарегине жааган мактоолор
Өзбекстан: президентти мактоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Тажик президенти Эмомали Рахмон да коңшуларынан кем калган жок. Өткөн жылдын декабрынан тарта ал “тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – "улут көсөмү” расмий наамын алды.

16 беренеден турган мыйзам долбоорун алгач тажик парламенти кабыл алып, президент өзү кол коюп бекитти. Ал беренелерде макам ээсинин ыйгарым укуктары, сый-ургалдары, кол тийбестиги, коопсуздугу жана социалдык кепилдиктери сыяктуу түшүнүктөргө аныктама берилген.

Муну менен эле токтолуп калышпай, жакында Абдулло Мухаккик аттуу диний эксперт президенттин жубайы Азизамо Рахмонованы “тажик аялдарынын көсөмү” деп атоону сунуштады:

- Президент Эмомали Рахмондун аялы Азизамо айым тажик аялдарынын ичинен алгачкы болуп кыздары менен Каабанын ичине кирген. Буга чейин ондогон тажик аялдары ажыга барышканы менен Каабага баш багышкан эмес. Ошон үчүн ал ушул ыйык наамга татыктуу.

Мурдараак жергиликтүү аткаминерлер Эмомали Рахмондун сапарынын алдында эл менен кантип иштешери ашкереленген. Анда бала-бакыра дебей баарына президентке мактоо ырларын жаттатышканы, президенттин алдында турганда баары колун көкүрөгүнө коюшу керектиги милдеттендирилет.

Күбөлөрдүн айтымында, Рахмондун сапарынын алдында ошол аймакка атайын топ келип, тосуп алуучуларга жолугушуу учурунда өзүн кантип алып жүрүүнү үйрөтүшөт.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине мактоо айткандар
Назарбаевди даңктоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG