Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Борбор Азиянын ыр жандуу президенттери


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери бийликте ондогон жылдар отурганы менен гана аты чыкпастан, ыр-бийге жакын ышкыбоз таланттар катары таанылып келатат. Казакстан президентинин расмий интернет баракчасында Нурсултан Назарбаев жазган төрт ыр жакында жарыяланды.

1989-жылдан бери же баш-аягы 27 жылдай Казакстанды башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев кыргыз коомчулугуна ырга жакын адам катары эбак эле таанылган. Ал Кыргызстанга ат тизгинин бурган сайын чыгармачыл илхамы ойгонуп, ортодогу бийик отуруштарда казак жана башка элдердин ырларынан созолонтоорун экс-президенттер менен алардын жубайларынын эскерүүлөрүнөн көп эле окуганбыз, бирок ал өзү ыр жазаарын көпчүлүк биле бербейт.

Соңку эле күндөрү казак парламентин таркатып, экономикалык каатчылыкты элге түшүндүрүү менен катуу алектенип жаткан казак президентинин интернеттеги маалымат барагында анын төрт ыры жарыяланды.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:29 0:00
Түз линк

"Шубарат" (кыргызча "Тору ат"), “Элим менин”, “Жерим менин” жана казак президенти туулуп өскөн айылга арналган “Ушкоңыр” аттуу чыгармалар Назарбаевдин автордук ырлары деп көрсөтүлгөн. Таланттуу Элбашы ал ырлардын сөзүн, же музыкасын, же экөөнү тең жазганы так айтылбайт. Ырлардан Элбашынын өз журтуна, мекенине болгон терең сезимдери, туулган жерине болгон кусалыгы байкалат.

Расмий Астананын маалымат барагында Нурсултан Назарбаевдин домбра чертип турган сүрөтүнүн тушунда ал Казакстандын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири деп да жазылып турат.

Андан тышкары ошол эле баракта казак президентинин сүйүктүү чыгармалары, казак элинин ондогон белгилүү ыр-күүлөрү тизмектелип берилген.

Нурсултан Назарбаев – Борбор Азиядагы ыр-күүгө жакын жалгыз Элбашы эмес. Коңшулаш Түркмөнстандын президенти, “газ падышасы” атыккан Гурбангулы Бердымухаммедов чоң сахнадан эл астына чыгып, гитара чертип ырдап келатканына беш жылдан ашты. Ал жаңы жыл астында Мары шаарында жаңы салынган килейген боз үй формасындагы концерттик залда “Алга, алга, сүйүктүү мекеним” деген ырын 4000дей көрүүчүнүн коштоосунда аткарганы Гиннестин рекорддор китебине киргизилгени жарыяланды. Түркмөн президентинин аткаруусундагы чыгармаларды интернеттен оңой эле таап уга аласыздар.


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон концерттерде чыгармачыл шыгы ойгонуп кетип, ырчыларга кошулуп сахнадан микрофон талашып эргип ырдаганын интернеттен көрсө болот. Рахмондун тойлордо бийге түшүп, тажиктердин кадимки каада-салтын сактаганын телеканалдар да көрсөткөнү бар.

Коомчулук азырынча Өзбекстандын 27 жылдан берки жетекчиси Ислам Каримовдун ыр созгонун көрө элек, бирок ал элдик майрам салтанаттарда Анжиян полькасын чебер аткарып бийге түшкөнү салтка айланган эле көрүнүш.

Президент Ислам Каримовдун майрамда бийлегени. (1-сентябрь, 2015-жыл)

Борбор Азияда бийлик тажрыйбасы баарынан аз кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев гитара чертет, илхамы келгенде ырдап калат деп эл оозунда айтылып жүрөт. Азырынча анын чыгармачыл шыгын далилдеген видео интернетте тарай элек. Гитара кармап түшкөн сүрөтү гана жайылганы бар.

XS
SM
MD
LG