Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Борбор Азияны элеңдеткен экстремизм


Сирияда жүргөн казак жихадчылары
Сирияда жүргөн казак жихадчылары

Астанада Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн зордукчул экстремизмге каршы биргелешип аракеттенүү жолдорун талкуулаган аймактык жыйында “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу өзгөчө сөз болду.

Ошондой эле бул террорчул топту “мамлекет” сөзүн кошпостон башкача атоо сунушталып, ага борборазиялыктар да кошулуп жатканына тынчсыздануулар айтылды.

Астанада 29-30-июнь күндөрү өткөн бул жыйынга 24 өлкөнүн делегаттары менен кошо БУУ, ЕККУ, ЕБ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү да катышты.

Жыйындын алгачкы күнүндө сөз сүйлөгөн Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Нуртай Абыкаев өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикалдык топтун атын айтууда “мамлекет” сөзүн колдонбоо дурус болорун сунуштады:

- "Мамлекет” терминин колдонуу бул уюмга кааласак-каалабасак да бир аз болсо да легитимдүүлүк берет. Биздин оюбузча, бул дурус эмес. Атайын кызматтар бул уюмдун арабча кыскартылган ДАИШ деген атын колдонобуз. Алар өздөрүн кандай атаса да биз мамлекет сөзүнөн качып, ушундай атаганыбыз дурус. Азыр ДАИШ Түштүк Африкадан тарта Кытайга чейин, анын ичинде Борбор Азияны кошуп, халифат курууну самайт. Бул бизди чочутат.

Казак коопсуздук кызматынын төрагасынын бул сунушун дароо эле Казакстандагы айрым маалымат каражаттары колдоп, мындан ары “Ислам мамлекети” деген аталышты колдонбой тургандыктарын жар салышты.

Карим Масимов
Карим Масимов

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов болсо аталган жыйында согушкерлер катарын калыңдатуу үчүн интернетти жигердүү пайдаланып жатканын, терроризм менен экстремизм үгүт насаатына жарандык коом да каршы турушу зарылдыгын белгиледи.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Нурлан Эрмекбаев террордук жана экстремисттик топторду каржылоого тиешеси бар уюмдарды аныктап, алардын мүлкүн камакка алууну сунуштады:

- Терроризм менен экстремизмди финансылоого тиешеси бар уюмдардын тизмесин түзүү жана мындай уюмдарга, же жеке адамдарга тиешелүү мүлк менен каражатты аныктап, аны пайдаланууну токтото туруу маселелерин юридикалык жактан бекитип алуу туура болот деп эсептейбиз.

Астанада өткөн жыйындан бир көрүнүш
Астанада өткөн жыйындан бир көрүнүш

Казак коопсуздук кызматынын төрагасы келтирген маалымат боюнча, азыр Ирак менен Сириядагы куралдуу кагылыштарга 150дөн ашык казакстандык катышып жүрөт. Алар менен кошо 200дөн ашык аял жана балдар да бар. Былтыр Нуртай Абыкаев Сирияда 300гө жакын казак жараны жүргөнүн, анын жарымы аялдар экенин айткан. Иши кылса бул боюнча так сан жок. АКШнын контртеррордук борборунун маалыматы боюнча, “Ислам мамлекети” радикал тобуна азгырылган казакстандыктардын саны миңге жетет.

2013-жылдын соңунда интернетте “Сирияга жихад үчүн конуш оодардык” деген казакстандыктар тууралуу видео тараган соң өлкөдө экстремизмден кооптонуу күчөгөн. Астанада өткөн эки күндүк жыйында да Сирия менен Иракка согушка кеткен жарандар ой-пикири өзгөрүп, бузуку ниетте кайтып келишине эч ким кепилдик бербесине кооптонуулар да айтылды.

Сириядагы согушка Борбор Азиянын башка өлкөрүнөн да, анын ичинде Кыргызстандан да жүздөгөн жарандар азгырылганы буга чейин айтылып келген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG