Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:23

Саясат

Кыргызстан Борбор Азияны сестентти, куштарлантты

Кыргызстан кайрадан өзүн да, дүйнөнү да айран таң калтырып, эл козголуп, бийликти күч менен, тилекке каршы кан төгүү жолу менен кетирип, өзүн элдикпиз деген күчтөр бийликке келди. Өлкөдөгү кезектеги ыңкылаптан кийинки кырдаалга анын Борбор Азиядагы коңшулары кандай мамиледе болуп жатат?

Текст көлөмү - +
Коңшу байтактыларда расмий бийликтер Кыргызстандагы соңку окуяларды же билмексенге салып, же сестенип тургандыгы айгине болууда. Ал эми коомчулукта бир чети зордук-зомбулукту айыпташса, бир чети куштарланууну байкоого болот.

Канат Солтабаев Казакстандын тышкы иштер министри, бир эле мезгилде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун учурдагы төрагасы. Анын 7-апрелдеги билдирүүсүн бул министрликтин Эл аралык кабарлар комитетинин төрагасы Роман Василенко Азаттыкка окуп берди: 

"ЭКК уюму Кыргызстанда толкундоолорго түрткү берген саясий, экономикалык, социалдык себептери болгондугун эске алуу менен, ал проблемаларды кеңири саясий диалог аркылуу чечүүгө чакырат".

Деген Солтабаев тараптарды сабырдуулукка үндөдү.

Казакстандык саясий партиялар Кыргызстандагы кырдаалды кечээ өз сайтарында кеңири чагылдырып жатышкан эле, бирок бүгүн алар казак бийликтери маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатышканын айтышууда. Элдик Алга партиясы беүгүн эртең менентен «Кыргызстандагы окуяларды обйективдүү чагылдырып жаткан интернет сайттар мамлекеттик Казак телеком тарабынан жабылып калды» деген билдирүү таркатты.Эл аралык ЮтЮБ видео-сайты өндөнгөн сайттарга да кирүү мүмкүн болбой жаткандыгы айтылууда. 

Түркмөнстан менен Өзбекстандын маалымат каражаттарында бул тууралуу маалымат жокко эсе. Эки өлкөдө тең бийликтер Кыргызстандагы окуялар боюнча расмий билдирүү жасаша элек.

Өзбекстанда башкы маалымат агенттиги болгон Өзбек Милли Ахборот интернет сайтында 7-апрелде Кыргызстан боюнча бир сап да маалымат берген жок, ал эми 8-апрелде мындагы биринчи кабарлардан «Навои областындагы шифер ишканасынын товары жакшы өтүп жатат», «Арал деңизинин боюнда жаштардын экономикалык акциясы өтөт» деген сыяктанган кабарларды окуй аласыз.

Ошол эле мезгилде "Азаттык" Өзбекстандан бейрасмий пикир ала алды. Бул жактык эркин саясат таануучу Руслан Абдуллаев Кыргызстандагы окуялар Өзбекстанга да таасирин тийгизет деп капа болуп жаткандыгын, 2005-жылы түстүү ыңкылапта да дүкөндөр тонолгондугун эскерди. Экономика илимдеринин доктору Абдуллаевдин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнө демократиялык тажрыйба жетпей жатат, болбосо президент Бакиевдин жана анын жакындарынын күнөөсү сот аркылуу далилденгенден кийин гана ак же көк деп айтыш керек болчу:

- Президенттин баласы экен деп эле жакшы бир бизнесменди «баарын уурдады» деп күнөөлөгөн акыйкат болбойт. Менде мисалы бул тууралуу маалымат жок. Муну объективдүү жол менен, сот аркылуу далилдеш керек, деди баяндамачы. Өзбекстандык саясат таануучу ошол эле убакта Аскар Акаев мындан беш жыл мурда «менин кызматым кыргыздын канынын бир тамчысына да арзыбайт» деп айтканын эскерди. 

Түркмөнстанда жергиликтүү активист Сазак Дурдымурат тоз-тополоңдо набыт болгондорго көңүл айтып, күнөөнү Бакиевдин бийлигине жүктөдү:

-Бакиевдин бийлиги айрыкча акыркы жылдарда диктатордук ыкмалары менен айырмаланды. Кийинки кездери Бакиев элге эмес, өз уулдарына, урук-туугандарына кызмат кылып калды, аларды мамлекеттик кызматтарга алып келди, өзүн сындагандардын сары изине чөп салды, айрыкча маалымат каражаттарын куугунтукка алды. Деп билдирди Ашхабаддык активист.

Тажикстанда бийликтер 7-апрелдин кечинде билдирүү менен чыкты. Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Давлат Назры «Дүйшөмбү өкмөтү Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданып жатат. Абал мыйзамдын чегинде жөнгө салынат» деген үмүт айтылган расмий билдирүү жарыялады.

Ал эми коомчулукта эмне кеп? Журналист-баяндамачы Касым Бехмухамед Кыргызстандагы окуяларга социалдык кырдаалдын кескин начарлашы башкы себеп болгондугун белгилеп, оппозиция Бакиевдин бийлигин тынчтык жол менен терең өзгөрүүлөргө көндүрө албай, кан төгүлгөнүнө терең өкүнүчүн айтты. Бехмухамед Тажикстандагы ички согуштун мезгилинде Кыргызстанда качкын болуп 13 жыл жашаган, учурда "Фарси Нюс" кабар агенттигинин Борбор Азия бөлүмүн жетектейт. Ал оппозиция бийликке келсе эле баары орду ордуна туруп калат деп ойлобойт:

– Кыргызстанда мындан бир жыл мурда эле калк оппозициянын эч кандай чакырыгы менен көчөгө чыкпайт болчу. Анткени бул оппозиция жогорку кызматты ээлегенден кийин эле карапайым элди да, өз колдоочуларын да унутуп, кадимки эле чиновник болуп калаарын көрсөткөн.

Ал Кыргызстандагы соңку окуяларды төңкөрүш же элдик ыңкылап деп бир беткей баалай алган жок, бирок «өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык кырдаалдын кескин начарлап кетиши мындай козголууга алып келгени бир чети табигый көрүнүш болуп калды» деп эсептейт. Бир эле мезгилде ал Кыргызстанда ички согуш чыгып кетүү коркунучу жокко эсе деген ишенимде:

– Бакиевдин тушунда бардык областарда, анын ичинде түштүктө элдин турмушу өтө начардап кеткендигин эске алганда, азыркы элдик ишеним өкмөтүнө түштүктө масштабдуу каршылык көрсөтүлөт деп күтүүгө болбойт.

Тажикстандык баяндамачы Бакиевге каршы иштеген факторлордон дагы азыркы жаңы бийлик Орусиянын колдоосуна ээ экендигин, АКШ да, Кытай да бул бийлик менен алакалашуудан баш тартпай тургандыгын белгиледи. Бирок ал Кыргызстандагы кандуу бийлик алмашуу Борбор Азиядагы башка мамлекет башчылары үчүн олуттуу эскертүү экендигин мындайча белгиледи:

- Кыргызстандагы соңку окуялар Борбор Азияадагы калган өлкөлөр үчүн өтө чоң эскертүү болуп саналат. Алар эбегейсиз экономикалык, отун-энергетикалык жана башка байлыктарга ээлик кылууга байланышкан аракеттерин өзгөртүштөрү керек. Өзгөчө стратегиялык, саясий же экономикалык чечимдерди кабыл алганда, жакындарынын, айрыкча балдарынын кийлигишүүсүн чектөө жагын ойлонуштары керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жыргал каяктан: Ош
11.04.2010 17:35
Чет элдиктер бизди карап сестенмек тугул, маскара кылып кулуп жатат. Шермендебиз чыкты. Башчысы жок оппозициянын айынан борбор калаабыздан айрылдык. Дубалда, айнекте, суротто, гулдо эмне куноо... Ушунчалык пас, кедей, манкурт, толук калыптана элек эл экендигибизди корсоттук.

кимден: koabu каяктан: ru
11.04.2010 13:49
Кудайменде каяктан: Бишкек .
сага кошулабыз

кимден: koabu каяктан: ru
11.04.2010 13:37
Аты-жөнү жазылбаган каяктан: korea
sizge aytarim, oz akiliniz menen analiz jurguzup oylon. tegeregindegiler kulso kowo kulboy. smeetsya tot kto smeetsya poslednim dep koy jok degende. oz elinen uyalip kompleks bolboy.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
09.04.2010 22:14
Koz jumgan jigitterdin aty-jonu taktalyp,Azattyka chyksa jakshy bolot ele.

кимден: Кенешбек каяктан: Бишкек
09.04.2010 21:14
Кыргыз элинин келечеги соссуз жакшы болот, анткени кыргыз эли акылман жана улуу эл,бизде болуп откон окуялар КЫРГЫЗ мамлекетинин чындалышына алып келет,КЫРГЫЗ элинде чон тарыхый журуш жасалууда,азаматсынар КЫРГЫЗ эли жана патриот жаштары.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: korea
09.04.2010 21:04
kushtarlantkanyn baikagan jokpuz birok korealyktar japaiylygybyzga kylyp jatyshat !byt dyinogo shermende bolbodukpu!

кимден: АРСЛАН
09.04.2010 20:46
АЗЫРКЫ КЕЛГЕН БИЙЛИК ДЕЛЕ КЫЙРАТПАЙТ АЛАР КРЕСЛО УЧУН ЭЛЕ КЕЛДИ АЛАРДЫН БИР АЛДЫНА КОЙГОН МАКСАТЫ ЖОК

кимден: student каяктан: kyrgyz
09.04.2010 20:36
Эх кыргызым, кылыгындан айланам! Коруп туруп козуно жаш албай кое албайсын. Бул кандай заман болду? Аз элбиз аны да озубуз кырып. Башка элдерге кулку болдук, жапайы деген атка кондук. Кырчындай омурло кырылып кетебереби? Бизге президент, бийлик деле кереги жок болуп калды. Кудайды, О дуйнону ойлогула!!!!!!!!! Бул бийлик, байлык туболуктуу эмес! !!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Баха каяктан: кара -балтадан
09.04.2010 19:46
Бийликке дагы эле баягылар келишти. Атамбаев эмнени кыйратат? Мына коросунор Кыргызстанды жеке фирмасына айлантпаса болду! Бийликти жаштарга бериш керек, башка жол жок!

кимден: Бахтияр каяктан: Аалам гезити
09.04.2010 19:22
Кыргыздар азаттыкты баарынан жогору койгон эл экенин бут ааламга дагы ирет тастыктады! Кийинки келе турган президент, чиновниктер муну эске алышат деп эсептейм. Мародерлор аеоосуз жазаланышы керек, эл тынч турмушту каалайт. УТРКнын башына Кубаттай мыкты жигит дайындалды, болсун! Мен абдан ыраазымын! Режимге каршы чыгып, оз омурлорун кыюу менен режимдин кулашын ишке ашырган кыргыздын азамат жигиттеринин арбагынын алдында таазим этебиз, башыбызды иебиз, жоготуу азасын тен болушобуз!
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)