Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Элимдин көрөңгөсү: Кабулдагы "өз киши"


Ооганстандын президенти Ашраф Гани (ортодо) биринчи вице-президент Aбдул Рашид Достум (солдо) жана экинчи вице-президент Сарвар Даниш менен ант берүү маалында, Kабул, 29-сентябрь, 2014-жыл
Ооганстандын президенти Ашраф Гани (ортодо) биринчи вице-президент Aбдул Рашид Достум (солдо) жана экинчи вице-президент Сарвар Даниш менен ант берүү маалында, Kабул, 29-сентябрь, 2014-жыл

Ооганстандын түндүк аймагындагы түрк тилдүү элдердин жол башчысы саналган генерал Абдул Рашид Достумдун вице-президент болушун куттуктап, ооган кыргыздары үстүнө барышты. Байкоочулар ооган жергесинде кыргыздар өзбек жердештери менен жылуу мамиледе экендигин айтышууда.

Жаңы түзүлгөн ооган өкмөтүндө вице-президенттик кызматка келген айтылуу генерал Достум ушул айдын кап ортосунда өз жердештери болгон памирлик кыргыздарды кабыл алды.

Кабулдагы жолугушууда теги өзбек Абдул Рашид Достум Абдурасул ажы баштап келген памирлик кыргыздардын саламаттыкты сактоо, билим берүү, байланыш жана жол маселелерин чечүүгө жардамдашарын айтты.

Элимдин көрөңгөсү: Кабулдагы "өз киши"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:25 0:00
Түз линк

СССРде билим алып, өмүрүнүн көбүн талиптерге каршы согушка арнаган генерал Достумга чейин түрк тилдүү элдерден өкүл ооган өкмөтүндө мынчалык мартабалуу кызматта болгон эмес эле.

Буга чейин азыркы өкмөт башчы Абдулла Абдулла мурдагы президенттик шайлоого даярданып жатканда ооган кыргыздарына тик учак менен барып, кабар алып кеткени маалым.

Генерал Достумдун вице-президенттикке келери менен ооган кыргыздарын кабыл алгандыгын анын жердештерине жан тарткандыгы катары бааласа болобу?

Теги өзбек генералды жакындан билген кыргыз таануучу, профессор Насиф Шахрани Ооганстандагы кыргыз-өзбек мамилеси өзгөчө жылуу экендигин "Азаттыкка" мындайча билдирди:

– Ооганстандагы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы мамиле пост-советтик аймактагы советтик системадан калган кыргыз-өзбек тиреши менен эч бир окшоштугу жок. Генерал Достум ооган кыргыздарына бир тууганындай мамиле кыларында менин шегим жок. Ооганстанда жашаган кыргыз, казак, өзбек, түркмөндөр бири-бирин душман деп эсептебейт. Алар тескерисинче, өздөрүн тили, тарыхы, маданияты жуукташ бир жамааттын өкүлдөрү деп санашат, алардын ортосунда эч кандай тиреш жок.

Профессор Шахрани учурда АКШдагы Индиана университетинде сабак берет. Ал Борбор Азиядагы кыргыз-өзбек мамилесине ичи чыкпай келатканын бул мисал менен сүрөттөдү:

- 1992-жылы мен биринчи жолу Өзбекстанга барганымда, Фергана өрөөнүндө Кыргызстан менен чек арага өтө жакын жерде конокто болгом. Бул биринчи Ош окуяларынан кийинки мезгил болчу. Конок ээси кыргыздарды жамандаса, "оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат". Мен аябай жаман болуп, бир тууган эл тууралуу кантип ушундай сүйлөйсүңөр дедим. Мен өзүмдү мисалга келтирдим. Менин улутум өзбек болуп туруп, Ооганстандын Памириндеги кыргыздарды изилдөөгө бүт өмүрүмдү арнадым. Алардын арасында эки жыл жашадым, алар мага өз бир тууганындай камкордук көрүштү. Алардын ханы Рахманкул мени өз баласындай карады. Биздин ортобуздагы ымалаш, камыр-жумур мамилени эч ким буза алмак эмес. Мен өз кезегинде, аларды колдоп, илимий изилдөөм аркылуу колумдан келген жардамымды аяган жокмун.

Ооганстандын түндүк аймактарында жашаган түрк тилдүү элдер, алар менен катар тажиктер кезегинде тарыхый Түркстандын бир бөлүгү болгон, бирок Орусия, Кытай, Улуу Британия бул аймакты өз ара бөлүштүргөндө, Түштүк Түркстан азыркы Ооганстандын курамына кирип калган.

Назиф Шахрани вице-президент катары генерал Достум ооган кыргыздарына колунан келген жардамын аябайт деп ишенет:

– Ооган кыргыздарынын Ооганстандын вице-президенти болгон генерал Достумдун алдына келиши кадыресе, колдоого ээ болорлук көрүнүш. Генерал Достум алардан жардамын аябай тургандыгын бөркүңүздөй көрүңүз. Кыргыздар Кабулдан ансыз деле кысталганда жардам алып турушчу, эми Достум бийликте турганда мындай жардам дагы көбөйөрү шексиз.

Абдул Рашид Достумга ооган кыргыздары чапан жаап, калпак кийгизүүдө. Сүрөт sary-kol.ru сайтынан алынды
Абдул Рашид Достумга ооган кыргыздары чапан жаап, калпак кийгизүүдө. Сүрөт sary-kol.ru сайтынан алынды

Достумдун оогандык кыргыздарды кабыл алгандыгы тууралуу ооганстандык «Айна» телеканалы кабарлады. Достумга тийешелүү болгон, мамлекеттик дари, пуштун тилдери менен катар өзбек, түркмөн тилдеринде обого чыккан бул телеканалдын программасынан кыргыздар Достумга ак калпак кийгизип жаткандыгы көрүү мүмкүн болду.

Талиптердин убагында генерал Достум Ооганстандын түндүк аймактарын бийлеп турган. Талиптер 1998-жылы басып киргенге чейин бул аймактардагы элдердин кыздары паранжы жамынбай, мектепке барып, борбор калаа Мазари Шарифтеги Балх университетинде окушчу. Кинотеатрларда Индиянын кинолору көрсөтүлүп, музыкага тыюу салынган эмес эле.

Бүгүн ушул аймактардан келген студенттер Кыргызстанда да билим алып жатышат. Аларды жакындан билген Атилла Гүвен "Азаттыкка" генерал Достумдун ооган кыргыздары менен жолугушуусу тууралуу азыноолок сөз кылды.

Анын айтымында, ооган кыргыздары Кабулга генерал Достумдун вице-президент болуп бекигенин куттуктап келишкен.

- Достум кыргыздарга мурда эле киши жиберип, ал-акыбалын сурап турчу экен. Түндүк Ооганстандан келген студент балдар өз арасында бөлүнбөй, кыргыз, өзбек, түркмөн баарыбыз бир тууганбыз деп айтышат, - деди Атилла Гүвен.

Атилла Түркияга көчүп кеткен ооган кыргыздарынын Вандагы Улуу Памир айылында туулган, учурда Бишкекте Кыргыз-түрк "Манас" университетинде журналистика факультетинде билим алып жатат.

Генерал Достум пуштундар басымдуулук кылган талиптер менен кармашып, аларга каршы бир катар кылмыштар үчүн жооптуу деп саналат. Ага бүгүн да Кабулдагы бийлик чөйрөсүндө шектенүү менен карашат. Ошол эле мезгилде аны ооган жергесиндеги түрк тилдүү элдердин лидери деп билишет.

Алдыдагы маектешибиз профессор Назиф Шахрани генерал Достумду жакындан билет. Рахманкул Хан менен да жакындан тааныш болгон Шахрани Достумду бүгүнкү Ооганстандагы түрк тилдүү элдердин башын бириктирген саясий ишмер деп кароо керектигин мындайча белгиледи:

- Генерал Достумду Ооганстандагы өзбек, түркмөн, кыргыз, казактардын учурдагы лидери деп билишибиз керек. Акыркы шайлоодо ал миллиондогон оогандардын добушун алып, Ашраф Ганинин жеңип чыгышына өз салымын кошту. Ал элге карамдуу адам. Вице-президент катары жалпы эле ооган элинин, анын ичинде түрк тилдүү элдердин камын көрүп, колунан келгенинче аракет жасаарында шегим жок.

XS
SM
MD
LG