Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Эсиңдеби... «Вояж, Вояж...»


Жеңишбек Эдигеев, кыргыздын эркин журналисти, Испаниянын Барселона шаарын кезип жүргөн кезинде. 27.3.2010.
Жеңишбек Эдигеев, кыргыздын эркин журналисти, Испаниянын Барселона шаарын кезип жүргөн кезинде. 27.3.2010.

Түн менен күндөн да узун бул сапар. Кыргыздын эркин журналисти жана публицисти Жеңишбек Эдигеевдин кезектеги блогу.


Бала кезимден алыс жолду сүйдүм. Оюнчук машинемди алып алы-ыс жолго көп чыктым.

«Ээй, дөңгөлөктү салдыңбы, тамакты алдыңбы-ы, кана кетти-ик, вуу-ун...» деп каадалуу шоопурдай жолго чыгып кетээр элем.

Машинем таштан болду, жыгачтан, алюминий зымдан болду...

Бычан деген э-эң алыс жолум бар эле. Эх, ошондогу бийик ашуулар...

Анан мектепти бүтүп классымдын жарымы Фрунзеге окууга кеттик.

Ошого чейин Нарындан ары ашып борборго барсак деген ой түшүбүзгө кирээр эле.

Буйрук экен, мен Ташкенге САМПИ аталган мединститутка окууга өтүп кеттим.

Сыртка чыгып көрө элек жаным ал жактан жума күнү кечинде кызыл «Икаруска»отуруп таңы менен Фрунзеге, студент эжем менен агама жолугуп кайра ишемби кечинде чыгып эртеси Ташкенде болуп калчулем.

Ошондогу сагынычтарды азыр да сезем дирилдеп. Түндөсү чоң терезеден ай-талааны карап, «Икарустун» улуган моторунан бүшүркөп, бөтөн эл, бөтөн жерге көнбөй...

Көрсө, бул менин эң алгач чоң турмуш менен кармашым экен.

Анан жылга айланбай, бала экемин, Ташкенин таштап баса бердим.

Анан эмне болсун, «Чакыртты бизди советтик армия...» деп «призывниктер» Кош-Дөбөнүн көчөсүн жаңыртып ырдап жүрүп армияга кеттик.

Белоруссияга түштүм. Анан Чехословакияга которушту. Бир жылдан соң кайра Союзга келдик.

Чех жеринен советтик куралдуу күчтөрүн толук сыйрып биротоло көчүрүп келдик.

Польша аркылуу тогуз сутка полктун Туусун караулга туруп кайтарып келдик.

Ошентип эки жыл көз ачып жумганча өттү.

Аскерге Фрунзеден кеттим эле кайра Бишкекке келип калдым...

СССРдин жоокери болуп кеттим эле, эки жылдан кийин Эгемен кыргыздын дыйкан чарбасынын мүчөлүгүнө келип кошулдум.

Ошо менен ээрден көчүк түшпөй дыйкан чарбанын койун кайтардым. Чыдап, эринди тиштеп жайды күттүм да, окууга качтым.

Анан өзүбүздүн Улуттук Университет. Аны бүткөн соң 1997-98-жылдардагы чалкеш заман.

Кыргызга "россияламай" ылаңы жаңы каптаган.

Ошол агымга чалынып, Хакасия, Абакан деген жаңы сапар башталды.

Ээ, несин айтам, дүкүлдөгөн поезддин үнүн байчечектүү жазда да, жан ысыткан жайда да, көңүлсүз күз, кычыраган кышта да ынак кылдым.

Казактын ай-талаасында, орустун чер токойунда канча сапар карыды, эй! Канча санаам калды чачылып.

Ал жакта, Хакастын көдөлүү талаасынын бөрүсүндөй көп ирет улудум мен!

«Күндөр, күндөр койбой алып калгыла.
Эч нерсеми калтырбастан ажалга!»
Турар беле...

Бирок өткөн сапар күндүн ар бири мага сай ташындай сабак берди.

Өмүр бою айтчудай көөдөнгө сөз салды.

Жол, жол, бүтпөгөн азаптуу жолдор адам менен адам сөзсүз жолдош болушу керек экенин ого бетер үйрөттү.

...эми сен кайсы чалгынга чакырсаң да жолго калтырбас, сатпас шерик болормун сага...

Ошентип тагдырдын кызыгы дале бүтөлек.

Сапар-тагдыр мени, үй бүлөмдү дүйнөнүн Женева аттуу калаасына алып келип таштаган.

Кантип, эмне болуп ал өзүнчө биздин узун жомок...

Үч жыл болуптур, Европанын борборунда кеч кирип, таңдар атып жатканына.

Бул жердин эли французча сүйлөйт. Үч жылдан бери ушул тил жолдош болду.

Келип-келип ушул француз тилине ушунча камыр-жумур болом деп эч качан ойлобопмун да!

Өгүнү окуучу кезимен бери жакшы көргөн француз ырчысы Desireless (Дезайелесс) айымдын «Voyage, Voyage» ырын кайрадан уктум.

«...Вояж, Вояж...» Балакат кездин ыры эле...

Бирок, кайда-ан, ал кезде бир сөзүнө түшүнүп коюппузбу!

Эми кыргызчаладым.

Улуу сапар жөнүндө ыр экен да.

Жараланган жүрөктүн учуучу килемди минип, дайра, деңиз, саздардын, булуттардын, дүйнөлүк калаалардын үстүнөн сызган сапары экен да.

Мен аны «Сапар, сапар» деп атадым.

Аны Жолду сүйгөн оюма окшоштурдум.

Сапар - бул жолдон да алыс, жолдон да улуу.

Жолду сүйөм деп атып дөңгөлөк тагдыр буйруду.

Мен үчүн сапар - бул жерден жерди көрүп сайрандап кыдыруу эмес. Ал сөзсүз эле алыстыктар эмес.

Ал тагдырыңы кошо жонуңа арткан, бешенеңе жазган сапарлар.

Ырда: «кайрадан эми кайтмай жок...» делет экен.

Бирок биз үчүн сапар али бүтөлек.

Мен баягы «зым, таш, жыгач» машинелерими таап жарыктык жайлоо Бычанга, Кош-Дөбөгө барышым керек. Балким анан карыйт сапарлар...

Жеңишбек Эдигеев,
Батыш Европа.


Сапар, сапар

Эски вулкандар үстү менен
Учкан килем алдында канаттары калкылдайт,
Сапар, сапар,
Өмүр бою бүтпөгөн.
Булуттардан көлмө-саздарга
Испан шамалынан Эквадор жамгырына,
Сапар, сапар,
Бийиктикте калкыймын.

Борбор шаарлар үстү менен
Тагдырга жазганды ойлоп,
Океан тиктеп.

(Кайырма):
Сапар, сапар!

Түн менен күндөн да узун
Сапар
Махабаттын керемет мейкининде
Сапар, сапар,
Индиянын ыйык дайралары менен
Сапар,
Эми, эч качан кайра кайтмай жок.

Ганга же Амазондун үстү менен
Кара, сары, Сикх элдеринде
Сапар, сапар,
Аалам падышаларын кезип,
Сахара кум дөбөлөрүн карап,
Фиджи, Фудзияма аралдарында
Сапар, сапар,
Сен бүтпө да, токтобо!


Найза таштар үстүндө
Жараланган жүрөктөр
Океан тиктеп.
(Кайырма)
Борбор шаарлар үстүндө
Тагдырга жазганды ойлоп
Океан тиктеп.
(Кайырма).

Француз тилиндеги түпкү тексти:

Voyage, Voyage
Au-dessus des vieux volcans
Glisse des ailes sous le tapis du vent
Voyage, voyage
Eternellement
De nuages en marécages
De vent d'Espagne en pluie d'Equateur
Voyage voyage
Vole dans les hauteurs

Au-dessus des capitales
Des idées fatales
Regarde l'océan

"[Refrain]" :
Voyage, voyage
Plus loin que la nuit et le jour
Voyage
Dans l'espace inouï de l'amour
Voyage, voyage
Sur l'eau sacrée d'un fleuve indien
Voyage
Et jamais ne reviens

Sur le Gange ou l'Amazone
Chez les blacks, chez les Sicks, chez les jaunes
Voyage voyage
Dans tout le royaume
Sur les dunes du sahara
Des iles Fidji au Fujiyama
Voyage voyage
Ne t'arrête pas

Au-dessus des barbelés
Des coeurs bombardés
Regarde l'océan

"[Refrain]"

Au-dessus des capitales
Des idées fatales
Regarde l'océan

"[Refrain]"

Булак: http://www.paroles-musique.com/paroles-Desireless-Voyage_Voyage-lyrics,p30363

http://www.youtube.com/watch?v=6PDmZnG8KsM
XS
SM
MD
LG