Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ош кимдики?


Жакында Ошко кезектеги жолу барып калдым. “Ош нуру” мейманканасына кирип баратат элем, маңдайыман журналист кесиптешим капилет чыгып калды. Өзү түштүктүн кулуну, Нарындан ооп келген мен сыяктуу эле көп жылдан бери Бишкекте туруп калган.

- Э-эй, Султан байке, биздин Ошко келип калыпсыз! - деп калды жайдалаңдап.

- Эмнеге сенин Ошуң? Мен өзүмдүн эле Ошума келдим, - дедим бетке чабаар жаным дароо жапырып.

Кесиптешим бир саам нес боло түштү. Кыязы, мындай кескин жоопту күтпөсө керек. “Эми мен жөн эле да...” деп олдоксон күңкүлдөп калды. Кичүүрөк жигиттин денесин оорута чымчып алганыма өкүнө түштүм. Балким, оюнда арамы жок эле айтып алган чыгар? Бир аны аяйм, бир өзүмдү актайм. Бирок өзүмдүн оюмду жүйөлүү дегенге себептер жетиштүү болуп жатпайбы.

Ош демекчи, түндүктүн да, түштүктүн да оозуна илинип келаткан саясый ишмер былтыр кышта “Ош – меники!”, “Ош – биздики!” деген урааны менен ага үмүт арткандарды үркүтүп алганы бар. Кийин канча актанып сүйлөсө да, көпчүлүктүн көңүлү сууп калса керек, саясый кут качып кеткендей болду. Жамы журттун керегине жараса экен деп акылыбызды аябай айтып жүргөн азаматтан ошентип түңүлгөнбүз.

Бир мерте өзүн үлкөн саясатчы катары тутунган ишмер интервьюга келип калды. Студияны дайындаганча аркы-теркини кобурашып калдык. “Каяктан катуу шашып?” деп сурадым арышы чоң саясатчыдан. “Түндө Баткенден келдим” деди ал салабаттуу. “Баткен кандай экен?” деп аны алдын ала жибитиш үчүн суроону жаңырттым. “Эми баткендиктердин... түшүнүктөрү тайкы экен, эл болуп жыргатпайт” деди жалаң ааламдык кыйырдан кеп кылган саясатчы. Тамашалап жаткан жокпу деп үңүлө карасам – жок, оюндагысын айтып жаткан түрү бар. “Коюңузчу?” десем, “ооба да, Баткенден башка проблемаларыбызды чечип алалычы” десе болобу! Интервью башталбай жатып, ошону менен тамам болгон...

Бул эми түндүк-түштүк проблемасын көзгө сайып көргөзгөн бирин-экин гана мисал. Ал Ошто жүрүп калсаң, жалалабаддыктар менен тымызын кырчылдашып, бири-бирин кыртышы сүйбөй турушат. Баткендиктерди, так айтканда, баткенчилерди “ичкериялыктар” деп тергешкенде көзүң чакчаят. Ал эми Көлдө бугу менен саяк, Таласка барсаң “кутя” менен “сашка”, Нарында болсо ар бир район өзүнчө республика...

Жердешчилик күнүмдүк турмушта кадам сайын кездешет: бир даары беш бармакка чогулса, башкалар топтошуп аш жешет. Базарларда катуу кеткенде “сен сарт”, - “сен конкобай” болуп сөз менен атышмайы бар. Эми жердешчилик менен улуу муун ууланып калган да дейин десең, интернеттен жаштардын жер-жер болуп алып, “сен югослав” – “сен нарынский торпок” деп айтышканын окуп, жакаңды кармайсың.

Жердешчиликтин айынан канчалаган арзышкан жаштар баш кошо албай жатышат? Шатырата бала төрөп бергенине карабай, келини же түндүктөн, же түштүктөн болгону үчүн гана өмүр бою жерип өткөн үй-бүлөлөр азбы? Кээ бир телеканалдардан “Оштук ыймандуу кыздар менен таанышам”, “Жигиттер менен таанышам, таластыктар гана чалсын” деген жарыяларга эмне дейсиз? Ал тургай коомдук пикирди оң-солго буруп, өзгөртүп жаткан гезит, интернет-сайт жердештешип жамаатташып алган мисалдар бар экенин баары эле биле бербесе керек. Кыскасы, дагы эле өрөөндүк, капчыгайлык ой чабыттан өйдө көтөрүлө албай, бечел улут бойдон калып жатканыбыз бир сыйра ашкереленет. Анан эмне дейсиң, киши?

Айрыкча үлкөн саясый окуялар маалында жердешчиликтин “көркү” ачылып чыга келет. Өткөн кылымдын аягы, жаңы кылымдын башында жалаң жердешчилик ураан менен (“бийликти биз алышыбыз керек, биздин балдарды өстүрбөй жатышат!!! деген сыяктуу) саясый айдыңга чыга келген “баатырлар” азыр да саясатта таскак салып жүрүшөт. Илгери-кийин “актив” болуп калган аксакалдар чайканада же беш бармак үстүндө парламенттин жана өкмөттүн курамын теспедей терип, канчасы “өз баласы”, канчасы “жат” экенин териштирип отурушат. Ал турсун президентти кезмеги менен, бирде түндүктөн, бирде түштүктөн көтөрүү теориясы пайда болду.

Эволюция мыйзамы боюнча, ар бир инсандын, анын ичинде саясатчынын да масштабы тиричилик деңгээлден өрөөндүк алкакка, андан жалпы улуттук кыйырга чейин өсүүгө тийиш. Андай дейин десең, өткөндө эле айтылуу саясый ишмер “Жалал-Абаддан байыган алайлыкка” жердештерин тукурганы, же болбосо “сырттан” келип алып, Чүйдүн “чүйгүн” жерлерин ээлик кылгандардын сазайын колуна берчү кез келди деген тымызын ураандар бул илдет кыргыз канынан жакында кете койбосун каңкуулайт.

Мына, парламенттик шайлоо өнөктүгү да кирип келди. Кыргыздын канында жердешчилик жана уруучулук мандеми канчалык азайганын же көбөйгөнүн даана көрсөтө турган мезгил. Эл-жерди эске албаса, керек упай топтой албасын он сыйра чоттоп чыккан анабашылар идеологиялык багыты, саясый табияты бири-бирине коошпосо да, түндүк-түштүк кошилтигин (тандемин) түзүү аркылуу саясый “нике” кыюуга аргасыз болууда.

Жердешчилик бир эле кыргызга мүнөздүү илдет эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө деле жердешчилик белгилери ар кандай деңгээлде сакталган. Кыргызстан өрнөк туткан Орусияда “Яблоко”, улуттук - демократтык альянс жердешчилик идеясын ачык жактайт. Азыр цивилизациянын ордосу саналган Европада же АКШда кезинде жердешчилик саясый идеологияга чыгып барып токтогон. Аталган өлкөлөр жердешчилик, сепаратизм, расалык ураандар үчүн катаал жазаларды бекем сакташат. Кыргызстанда деле жердешчилик, уруучулук, улуттук белгилери боюнча кастыкты козутуу көрүнүштөрүнө мыйзам тыюу салат. Бирок жердештик ураан менен от жакканы үчүн жазага тартуу мисалын уга элекпиз.

Ырас, рынок алака-катыштары канга сиңген жердешчилик көз карашка кыйсыпыр салууда. Азыр жерине карата эмес, “адамдыгына”, бизнес кызыкчылыктарына карата шериктешип, ымала күтүп жатышат. Кут даарыган Сары-Өзөн жети дубандын өкүлдөрүн жоролош, шеринелеш, куда-сөөк кылууда. Жаңы салынып жаткан жолдор, аба каттамдары өрөөн-өрөөн кыргыздын ич ара катташуусуна шарт түздү. Баткендик нарындык деле “өзүндөй эле” кыргыз экенине көзү жетти, таластык сержант Лейлекте КЫРГЫЗСТАНДЫН чек арасын кайтарууда, былтыр Көчмөндөр оюнунда көлдүктөр түштүктөн келген жердештерине боз үйүн тигип берди... “Биз – кыргызстандыкпыз” деген ураандын маңызын ар бир кыргыз баласы аңдай баштаган сыягы бар. Кыргыздарды африкалык уруулар мамлекетине теңеп, бири-бирин кырып жок кылат деген айрымдардын арам тилеги таш капты.

Кыскасы, жердешчилик кайсы бир деңгээлде канда кала берет окшобойбу, бирок ал сезим саясый идеологияга айланбаса, “жалаң гана өз короомон кочкор салам” деген деңгээлге чыгып кетпесе деген тилек. Чоң саясатта жүргөн улуктарыбыз өлсөм да бийлик сересинде калышым керек деп, бул сезимди козутуп, алакандай жерибизди, бир ууч элибизди экиге, жетиге, кыркка бөлүшпөсө экен деген ой. Элибиз деле башка болуп калды, алданбайт деп эле ишенели.

Султан Жумагулов

XS
SM
MD
LG