Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Канткенде кыргыз уулу кыргыз болот?


Швейцария. Чыңгыз Айтматовдун чет тилге которулган китептери.
Швейцария. Чыңгыз Айтматовдун чет тилге которулган китептери.

Жакында бир окуяга күбө болдум. Өтө аянычтуу окуяга. Мындай окуяга бир эмес, неченчи ирет күбө болуп жатканым үчүн бул макаланы жазып жатам. Каармандарымдын аттарын жазбадым. Себеби, күнөөсүз эле балдардын бирөөлөргө жаман көрүнүшүн каалаганым жок. Муну жазбасам болбой турганын, бүгүн болбосо эртең кеч болорун түшүнүп ноутбугумдун экранына тигилип олтурам.

Узак сапарда тааныш балдар менен бир машинедемин. Бир сыйрадан уктап ойгондук. Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна суктандык. Сүрөткө түштүк. Түрдүү жаңылыктардан сүйлөштүк. Төрт дөңгөлөк катар сызыктары бар таманы менен дээрлик жарым күндүк жолдун ортосун тебелеп өтүп калды. Сапарлаштарым жакшы балдар. Шайыр, тамашакөй, мекенчил жигиттер. Анан да мыкты спортчулар.

Маегибиз тоннелдер, темир жолдор жөнүндө кызып калган. Сөздөн сөз уланып отуруп Чыңгыз Айтматов жөнүндө кеп башталып калды.

- Жазуучулук жагын билбейм го бирок, Айтматов начар адам болгон. Кыргызстандын ушул акыбалына келишине анын да тиешеси бар. Чет жерден келген инвестицияларды ошол кездеги чоңдор менен кошо жеген. Болбосо темир жол курулуп калмак экен - деди бири.

- Ооба. Мен да уккам жеген экен, начар адам болгонун айтышат, - деп коштоду экинчиси.

- Ким айтты андай болгонун? Ал жакшы адам болгон үчүн дүйнө сыйлап жатат, - десем жаалап кетишти. Кыскасы, көп сөз айтылды. Мен өз сөзүмдүн тууралыгын далилдейм деп көпкө чебелендим. Таптакыр айлам кеткенде, "далилиңер барбы?,- дедим.

- Аттуу-баштуу эле киши айткан бул сөздү керек болсо. Сен филологдугуңа салып эле жазуучуңа адвокат боло бербе, - дешти жаакка чапкандай. Чыгармаларындагы идеялардын улуулугун (жарытылуу талдай албасам да) айта баштап, сөздөрүм сиңмек тургай дубалга тийген таруудай кайра аркага секирип жатканын сезип унчукпай калдым.

“Аттуу-баштуу адамдарды” уккандан кийин талашуунун кажети жок экенин түшүндүм. Жанатан ичимден ( кээде кыжырдануум тышка да чыгып кетип жаткан) жек көрүп келаткан сапарлаштарды аяп кеттим. Бекер эле аларды жаман көрүп жатканымды билип, уяла түштүм. Кептин баары буларды “уулаган” саясаттан сүйлөп, билимдүүсүнүп, жумурткадан кыр издеген “аттуу-баштууларда” болгондон кийин уккан кулактарында жазыгы жок бул досторумда эмне айып?

“Аттуу-баштуулардан” ушундай сөздөрдү далай жолу укканымды, ал тургай мыкты чыкма бир журналист жигит жергиликтүү гезитке “Кыргызстандын ушул акыбалга келишине Айтматов күнөлүүбү?” деген макаласын басканын, өзүмдүн эле кайсы бир “филфакчы” досум жамандап, анда да чебелектеп айтышканым эске түштү. Кайсы бир жерде мен курдуу, менден кичүү жаштар азыр да Айтматовду “жамандап” отурганы көз алдыма тартыла берди. Биздин муун Айтматовдун улуу идеяларды камтыган керемет чыгармаларына таасирленбей эле, анын кемчилигин издеп, майдаланып баратканына кейидим. Илимпоздорубуз, билермандарыбыз тар чөйрөдө өздөрүнчө “улуу эле улуу” деп мактап, бирок калың катмарга, жаш муундарга улуулугун жеткире албай жатканына ичим ачышты.

Бүгүн дүйнө эли Аймотовго таазим кылып жаткан кез. Дүйнө эли анын чыгармаларын талашып окуп жатышат. Эстелигин куруп жатышат. Аалам Чыңгыз аркылуу кыргызды тааный баштады. Башка элдер алаканына салып жүрөт. Ушундай улуу залкарыбызды залкар дей албай биз жүрөбүз “Өз агасын агалай албай, бирөөнүн агасын сагаалайт” болуп. Чет жакка чыккан кыргыздар улуу жазуучунун жердеши экенин айтып сый-урмат көргөнүн мактанып жүрүшөт го акыры. Деги Айтматовдон башка дүйнөгө эмне берди кыргыз эли? Качанкыга чейин баалабайбыз? Качанкыга чейин жалаң кемчилик издейбиз? Баатырды баатыр эле дечү эмес беле кыргыз. Канткенде кыргыз уулу, кыргыз болот!?

Эмнеге Айтматовдун эбегейсиз эмгектерин дароо эле эсибизден чыгарып салабыз? Эмне үчүн, тил, улут, маданият үчүн жасаган иштерин, улуу ойлорун кеп кылбайбыз? Эмнеге “Кыргыз киносунун бермети” деген терминдин пайда болушуна түрткү болгон инсанды жамандайбыз? “Кыргыз рухунун туу чокусу” болгон “Манасыбыздын” бакандай китеп болуп чыгышынын башында турбады беле.

Кыргыздын боз үйүн эскиден калган калдык деп өрттөп, кайра ошого күнү түшкөн, заманга тайманбай каяша айткан эрдигин (“Гүлсарат”), бала кезде ишеними, ыйык сезимдери талкаланса, андай адам коомго пайдасыз адам болорун каймана айтып, каарманын күнөөсүз бойдон “балыкка” айландырган улуулугун (“Ак кеме”), адамзаттын бул дүйнөдөгү негизги миссиясы тукум улоо, анын жашап кетишине кам көрүү экендигин жазган көсөмдүгүн (“Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”), баба салтын унутуп бараткан бүгүнкүнүн “маңкурттарын” тарбиялаган коомдон сактанууга чакырган көрөгөчтүгүн (Кылым карытар бир күн”), жаратылышты адамча сүйлөткөн чебер калемгерлигин (Кыямат), элдин маданиятын, жаратылышын ички-сырткы душмандан, ааламдашуудан калеми менен коргоого далалаттанган мекенчилдигин (Тоолор кулаганда), мугалимге болгон деңиздей терең сый-урматын (“Фудзиямадагы кадыр түн”, “Биринчи мугалим”) эмнеге сыймыктануу менен кеп кылбайбыз? Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева деген жарык жылдыздар Айтматов жазган чыгармаларда роль ойноп, атагы таш жарганын эмнеге айтпайбыз?

Санай берсе аягы түгөнбөгөн ушул өңдүү суроолордун жаралышына Чыңгыз атабыздын өмүр баянын, чыгармаларын жеткире окута албаган биз, мугалимдер себепкер окшойбуз деп калдым. Же өздөрү элге ийненин көзүндөй пайда келтирбеген “аттуу-баштуулар” жаштардын мээсин тескери айлантып жатат бекен? Же шарт түзүп бере албаган мамлекет күнөөлүүбү? Ооба, ушулардан бирөө сөзсүз күнөөлүү. Бирок улуулардын тарбиясын алып, алардын таасиринде өсүп жаткан, Айтматов тууралуу жарытылуу оң маалымат ала албаган жаштарда эч кандай күнөө жок. Муун алмашып кетсе бир дагы күнөөлүүнү көрсөтө албай калабыз.

Аалам сыйлаган Айтматовдун сапарлаштарым айткандай жаман киши болгонуна түк да ишенбейм. Эгер анча-мынча кемчилиги болгон күндө да биз аны айтпашыбыз керек. Жаштарга анын элесин таза бойдон жеткизүүбүз абзел. Калпты-чынды иргебей койгулата берсек, аны уккан чыгармачыл жаштар “Айтматовуң ушинтип аткандан кийин биз эмне болуп калыппыз” деп чыкпайбы.

Тезинен мектеп программасын кайрадан карап чыгып, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын ар бир адистигине “Айтматов таануу” сабагын киргизбесе, күнөөсүз жаңы муунду “маңкуртка” айландырып алышыбыз толук мүмкүн.

Улугбек Омокеев.
Улугбек Омокеев.

Улукбек Омокеев, блоггер

XS
SM
MD
LG