Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Орусия менен Евробиримдик Беларусту бурчка такоодо


Беларус акчасы - рублдун жаңы наркы. 11-май, 2011
Беларус акчасы - рублдун жаңы наркы. 11-май, 2011

Орусиянын насыясына ишенген Беларус борбордук банкы 11-майда улуттук акчасынын базар наркын чектөөнү токтоткон эле. Калем сыясы кургабай жатып, Орусия убада кылынып жаткан 1 миллиард доллар Беларуска берилбесин билдирди.

Путин Лукашенкону мышык-чычкан ойнотту

Минск айласыздан Москвага бурулду эле, Москва каалаган саясатын жүргүзүүдө.



Минск улуттук экономиканы стабилдештирүү үчүн 1-июлга чейин 3 миллиард доллар карыз алам деген үмүттө болчу.

Беларус борбордук банкынын чечими улутук акча - рублдын наркын 25 пайызга арзандатты. Москванын карыз бербей койуусу Батыш өлкөлөрү менен алакасы осол президент Лукашенконун шаабайын суутуп, ага болгон кысымды күчөттү.

Президенттер А. Лукашенко жана Д. Медведев. 2011-жыл
Беларус жыл башында Орусиядан 1 млрд. доллар жана Евразия экономикалык шериктештиги - ЕвразЭШтин Антикризистик фондунан 2 млрд. доллар насыя сураган эле. Бул фонддун негизги каржылоочусу да Орусия.

Александр Лукашенко 3 млрд. долларды июнь айынан кечиктирбей алууну мерчемдеп жаткан.

Орусиянын финансы министри Алексей Кудриндин "Беларуска бюджеттен карыз берилбейт" деген 11-майдагы сөзү финансылык кризистин кырында турган Минскини жаакка чапкандай болду.

Үмүттөндүрүп, бирок берилбей калган насыянын таржымалы тууралуу минскилик саясат таануучу Андрей Федоров мындай дейт:

- Сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканына эки ай чукулдап калган. 18-апрелде ошол эле Кудрин сүйлөшүү бир айда бүтөт деген. Андан үч күн кийин Орусиянын Минскидеги элчиси Александр Суриков Орусияга карыз бербегенге жүйө жок деген болчу. 26-апрелде Беларус финансы министри Андрей Харковец бир апта ичинде талуу маселелер жөндөлүп, Беларус зарыл 3 млрд. доллардын 1 миллиардын Орусиядан жана 2 миллиардын Евроазия экономикалык шериктештигинен аларын айткан. Бул сөздү Орусия тастыктаган. Ошон үчүн Орусиянын жарыясы күтүүсүз болду.

Мырза Кудрин Беларуска акчанын булагын көрсөттү

Вице-премьер Кудрин 11-майда Орусия дегеле казынадан Беларуска карыз берилбесин, 2011-13-жылдары ЕвразЭШтин эсебинен жылына 1 млрд. доллардан кредит берүү жагы каралып жатканын да айтты.

Албетте бул сумма Минск үчүн жетишсиз экенин беш колундай билген Кудрин насыяны Беларус Эл аралык валюта кору - МВФтен же кайсы бир өлкөдөн сураса болот деди.

Ырас, вице-премьер Кудриндин насыя жөнүндө кесе айткан сөзү премьер-министр Путиндин 19-майда болчу сапарына Александр Лукашенкону "камырдай жумшак болуп тур” деген ишарадыр. Себеби Кудрин ири ишканаларды менчиктештирүү аркылуу 2 млрд. доллар табасыңар деп бекер айтпагандыр.

Украина. FEMEN аялдар кыймылынын мүчөлөрү Киев шаарынын Күнкорсуздук аянтында Беларус президенти А. Лукашенкого каршы ураан көтөрүп, анын бийлигине нааразылык билдиришүүдө. 11-май
Беларус насыя сурап кайрылганда, Москванын талабы боюнча экономиканы стабилдештирүүнүн атайын программасын кошо жөнөткөн. 2012-13-жылдарга эсептелген береги планда акча-кредит, бюджет жана салык саясатын катуулатуу, экономикада структуралык реформаларды жүргүзүү каралаган.

Орус вице-премьери 11-майда Беларус жетекчилиги казынаны чет өлкөлүк инвесторлорго кызыктуу ишканаларды сатып, толтурса болорун да каңкытты.

Кудриндин кеңешин укса, Беларус 2 млрд. доллар табат экен. Ага чейин эмне болот деген суроо туулат. Себеби Москванын насыясына үмүттөнгөн Беларус Борбордук банкы улуттук акчасынын чекене базардагы наркын чектөөнү токтоткондон бир күндөн соң, беларус рублы 25 пайызга арзандады. Же рублдын ырасмий алмашуу курсу 3037 рубль болгону менен, 1 АКШ доллары сарапканаларда жана коммерциялык банктарда 4000 рублге сатылып калды.

Беларус акчасын арзандатууга барабы?

Муну көргөн көпчүлүк беларустар чет элдик валюталарды, кымбат баалуу металдарды, импорттук товарларды жана кант-май сыяктуу оокаттарды сатып ала башташты. Өкмөттүн азыркы абалын Беларус экономисти Евгений Пригерман мындай мүнөздөйт:

- Эгер бийлик рублды ырасмий түрдө девальвацияласа, беларустардын маянасы Европанын эң жакыр өлкөсү Молдованын деңгээлине түшүп кетет. Бирок башка жол жок. Рубль сөзсүз девальвация болуш керек. Бийлик андай чарага барат. Өкмөттүн чечкинсиздиги анын түрдүү саясый тобокелчиликтен чочуганын көрсөтөт. Азыркы абал жетекчиликте бирдиктүү экономикалык саясаты жок экенин күбөлөйт.

Беларусту калдаңдаткан финансылык кризис үчүн президент Александр Лукашенко улуттун ички ишине кийлигишет деп, аты аталбаган чет өлкөлөрдү жана импорттук унааларды жутуна сатып алып жаткан жарандарды күнөөлөдү.

1-июлдан тарта Орусия, Казакстан жана Беларуска сырттан ташылчу жеңил унаалардан алынчу төлөмдөр 30 пайызга чейин жогорулайт.

Президент Медведев жана премьер-министр Путин 9-майдагы Жеңиш парады маалында. Москва. 2011-ж.
Көз карандысыз серепчилер кризистик жагдай үчүн былтыркы президенттик шайлоо маалында Лукашенконун электр кубатына тарифтерди жана пенсия пулун жогорулатып, өкмөт ээлигиндеги ишканаларды колдоону күчөткөнү себеп болду дешет.

Ал эми Москванын созуп туруп, насыя бербей койуусу, айрым талдоочулардын баамында, сыягы орус тарап абалдан пайдаланып, Беларустун мунай иштетүүчү жана башка маанилүү ишканаларын сатып алышы мүмкүн деген ойду туудурду.

Минскилик эксперт Андрей Федоровдун айтымында:

- Москвада акча берейин деген планы болушу мүмкүн. Ошон үчүн мышык-чыкан ойноодо. Бул 19-декабрдагы шайлоодон кийинки нааразылык акциясын басуунун натыйжасы болушу ыктымал. Беларус Батыш менен чатакташып алгандыктан азыр Батыш өлкөлөрүнөн жардам ала албайт. Минск айласыздан Москвага бурулду эле, Москва каалаган саясатын жүргүзүүдө.

Батыш да 12-майда Лукашенкону жарга такаган чечим кабыл алды. Тагыраак айтканда, Европарламент Беларуста адам укугу жакшырбаганга байланыштуу Евробиримдикти Минскиге каршы экономикалык санкция колдлонууга чакырды.

Лукашенкого жакын аткаминерлердин банктардагы эсептерин камакка алып, алардын 27 өлкөгө каттоосуна тыйуу салууну сунуш кылган резолюция кабыл алды.

Ошондой эле Беларус бийликтерин оппозиция мүчөлөрүн абактан чыгарууга жана мурда президентке талапкер болгон төрт саясатчыга каршы ачылган кылмыш ишин токтотууга үндөдү. Мындай жагдайда президент Лукашенко үчүн 19-майда премьер-министр Путин Минскиге сапар менен келгенде, “камчысын мойнуна салып алып”, насыя алуу үчүн “силер эмне шарт койсоңор, ошого макулмун” дегенден башка айла калбайт окшойт.

XS
SM
MD
LG